Пресс-релиз

Кыргызстанда саламаттыкты сактоо жана ветеринардык адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында Конго-крым геморрагиялык ысытма оорусу боюнча биринчи тренинг өткөрүлдү

10 июнь 2024

Бишкек, Кыргызстан – Конго-крым геморрагиялык ысытмасы (ККГЫ) – адамга кенелер аркылуу же ылаңдаган жаныбарлар менен байланышта болгон вирустан келип чыккан зооноздук оору. Кыргызстанда ооруларды натыйжалуу башкаруу жана эпидемияны алдын алуу үчүн өз убагында диагностикалоо жана байкоо жүргүзүү зарыл.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар республикалык борборунда «Бир ден-соолук» (Единое здоровье) концепциясынын алкагында ККГЫ оорусу боюнча тренинг өткөрүлдү. Тренингдин максаты эпидемиология, диагностика жана дарылоо, ошондой эле бул ооруга каршы күрөшүү жаатындагы адистердин маалымдуулугун жогорулатуу жана окутуу болгон.

Тренингге дарыгерлер, ветеринарлар, эпидемиологдор, энтомологдор, вирусологдор жана башка адистер катышты. Катышуучулар эпидемиология, диагностикалык методдор, ККГЫны дарылоо жана алдын алуу боюнча керектүү билимдерди алышты. Ошондой эле Ала-Арча улуттук паркында кенелерди чогултуу боюнча жеринде окутуу уюштурулду.

ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско мындай тренингдин өзгөчөлүгүн баса белгиледи. «Биз мындай тренингди биринчи жолу уюштуруп жатабыз жана бул Пандемия фонду тарабынан каржыланган жана ДССУ жана өнөктөштөр аркылуу ишке ашырылып жатат. ККГЫ менен натыйжалуу күрөшүү үчүн зарыл болгон улуттук адистердин квалификациясын жогорулатуудагы маанилүү кадам», - деди ал.

Алмаз Жумалиев

Алмаз Жумалиев

ДССУ
Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар