Жеткиликтүү медициналык жардамдын Кыргызстандын элет жергесиндеги жашоо сапатын өзгөртүүгө кошкон салымы
Улуу Британиянын Өкмөтү жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы Калк фондунун (ЮНФПА),
колдоосу менен “Үй-бүлөнү пландаштыруу кыргыз альянсынын” (ҮПКА) биргелешкен аракеттери гендердик зомбулукту жоюу жана репродуктивдүү ден соолукту сактоо (РДС) биринчи ирээттеги муктаждыктарына тез арада жооп берүү максаттарын көздөгөн.
Жетүүгө кыйын болгон калкты камтуу: мобилдик клиникаларды жайылтуу
ЮНФПА менен ҮПКА Улуу Британия Өкмөтүнүн колдоосу менен Баткендеги чек ара жаңжалынан жапа чеккен аялдарга жана кыздарга медициналык кызмат көрсөтүү демилгесин көтөргөн. Бир нече айдын ичинде ЮНФПА бул аймактарга мобилдик клиникаларды, медицина кызматкерлери менен психологдордун тобун жиберип, негизги медициналык кызматтарга жете албаган 4500дөн ашуун аял-кыздарга кызмат көрсөтүлдү.
Мобилдик клиникалардын курамына гинеколог, маммолог жана терапевттер кирип, алардын кеңешине таянып, аялдар психолог жана башка тармактагы адистерге жөнөтмө алышкан.
Туруктуу таасир жана Өкмөттүн милдеттенмеси
Мобилдик клиникалардын ийгилиги алардын кызматтарына туруктуу суроо-талапты жаратты. Тийген жардамына баа берип, Баткен районунун башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Жогорку Кеңештин депутаттары аркылуу чек ара аймактарындагы калк арасына мобилдик клиникаларын жиберүү демилгесин көтөрдү. Бул демилге каржылык жана социалдык чыңалууну басаңдатууга жардам берип, Кыргызстан Өкмөтү эч кимди артта калтырбай камсыз кылууга умтулганын көрсөттү.
Курч кырдаалдан чыгуу боюнча чаралар
2023-жылдын декабрь айында Баткен облусунун администрациясынын демилгеси менен чек арага чектеш Андарак айылында бир жылдын ичинде жарымы көз жумган 20-43 курак жашындагы 10 аял өз жанын кыюу аракеттерине (https://rus.azattyk.org/a/32743308.html) жооп катары ЮНФПА бир катар комплекстүү иш-чараларды ишке ашырган. Ушул абалдын негизги себептеринин бири үй-бүлөлүк зомбулук деп аталган.
Ошондон улам үч күндүн ичинде (29-февралдан 2-мартка чейин) мобилдик клиниканын дарыгерлер жана психологдор тобу 184 аял жана өспүрүм кызга жардам көрсөтө алышты. Аялдар жана кыздар УЗИден, терапевт, маммолог, онколог, акушер-гинеколог жана психологдун консультацияларынан өтүштү.
Консультацияларга кошумча катары, адистер Андарак айылындагы жогорку класстарынын окуучуларына «Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун жана эрте никеге туруунун алдын алуу» деген темада маалымат сессиясын өткөрүштү.
Элеттен чыккан добуш
Бул демилгенин таасири терең жана масштабдуу болуп, Баткен облусунун көптөгөн аялдардын жана өспүрүм кыздардын жашоосун оң жактан козгоду. Айыл тургундары мобилдик клиникалардын жеткиликтүү жана өз убагында көрсөтүлгөн камкордугуна ыраазычылыгын билдиришти.
Ак-Турпак айылынын тургуну айылга мобилдик клиника жеткен биринчи күнү оюн бөлүшүп кетти: “Дарыгерлерге, өзгөчө гинекологко ыраазычылыгымды билдирем, анткени ар бир айымга мээримдүү мамиле көрсөтүп, тажрыйбалуу кеңештерин беришти”
Анын сыңарындай, Боз-Адыр айылынын тургуну Асел Мамытова мобилдик клиниканын тейлөөсүнүн ыңгайлуулугун жана сапатын баса белгиледи: "Боз-Адырга келгениңиздерге ыракмат! Борбор калаага чейинки алыскы сапарга аттанып, текшерүүдөн өтүүнүн кереги жок болуп калды. Мобилдик клиника бизге такай келип турса чындап жакшы болмок!”
Маанилүү медициналык кызматтарды көрсөтүү менен бирге, бул демилге коомчулук арасында кам көрүү жана колдоо сезимин жаратты.
"Мурда биздин жердештер борбор калаага барып медициналык консультация алышчу. Бирок көбүнесе аялдар көп жылдан бери медициналык кызмат ала албай келишкен, анткени алыс жакка жеткен күнү дагы, медициникалык кызматтын акысы бизге оорчулук жаратчу", - деп айыл тургундарынын бири баса кетти.
Элеттик аялдар менен өспүрүм кыздардын келечегине көз караш
Бул демилгеге болгон коомчулуктун суроо-талабы Кыргызстандын элет жериндеги ар бир аялдын жана өспүрүм кыздын чын ден соолугуна жана кенен келечегине салым кошот деген ойдобуз.
Бул ыкма гендердик зомбулукту жоюу жана репродуктивдүү ден соолукка байланыштуу чукул муктаждыктарга чара көрүү үчүн бирдиктүү аракеттердин дараметин көрсөтөт.
Улуу Британиянын Өкмөтүнүн колдоосу менен ЮНФПА жана ҮПКАнын биргелешкен демилгеси өз убагында жан дили менен колдоо көрсөтүү аркылуу эч кимди артта калтырбай олуттуу натыйжаларды берди.
Даярдаган: Гүлайым Шигайбаева
Сүрөттөр: ҮПКА