БУУнун Башкы катчысынын «Таза энергия доорун тездетүү» темасындагы кайрылуусуна арналган иш-чара
Кыргызстандагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору Антье Граве айымдын сөзү
Урматтуу министр Машиев,
Урматтуу өнөктөштөр, кесиптештер жана достор,
Бул диалогду жана андан кийин боло турган БУУнун Башкы катчысы климаттын өзгөрүшү боюнча жасаган кайрылуусунун («Мүмкүнчүлүктөр мезгили: Таза энергия доорун тездетүү») жалпы көрүүсүн өткөрүүгө сиздер менен бирге болуу мен үчүн чоң урмат.
Бул кайрылуу Кыргыз Республикасынын өнүгүү артыкчылыктары менен тыгыз байланышта болуп, бүгүнкү иш-чара бул маанилүү билдирүүнү Кыргызстандын бардык булуң-бурчуна жеткирүү боюнча биргелешкен аракеттерибиздин бир бөлүгү болуп саналат.
Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия булактарынын кеңири мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга болгон кызыгуу жана аракеттер күч алып, климаттык туруктуулукка, регионалдык кызматташтыкка жана калыс жеткиликтүүлүккө негизделген туруктуу жана инклюзивдүү энергетикалык келечекти куруу багытында олуттуу жылыштар байкалууда.
Кыргызстан бул жаатта лидер болууга бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Ири гидроэнергетикалык ресурстар, күн жана шамал энергиясы, ошондой эле табият менен тыгыз байланышта жашаган калкы өлкөнүн таза энергияга өтүшү үчүн бекем негиз түзөт. Бул Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жакында бекитилген 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү стратегиясында кеңири чагылдырылып, жашыл экономиканы узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүнүн борбордук багыты катары белгилейт. Бул артыкчылык өткөн жумада Нью-Йоркто да тастыкталды. Ал жерде экономика министри Бакыт Сыдыков мырза жетектеген Кыргызстандын делегациясы Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумда өлкөнүн Экинчи Ыктыярдуу Улуттук Байкоосун сунуштап, анда Туруктуу өнүгүү максаттарынын, анын ичинде ТӨМ №7 — жеткиликтүү, ишенимдүү, туруктуу жана заманбап энергияга жетүүнүн алкагындагы ийгиликтер жана артыкчылыктар баса белгиленди.
Акыркы учурда, дал ушул артыкчылыктар Кыргызстандын климаттык жана энергетикалык милдеттенмелерин аныктоочу Улуттук деңгээлде аныкталган салымдардын (УДАС 3.0) үчүнчү мууну иштелип чыгууда. Бул документ Бразилияда өтө турган СОР30 Конференциясында сунушталаары күтүлүүдө. Аталган конференцияда БУУнун Башкы катчысы бардык мамлекеттерди УДАС боюнча жаңыланган улуттук пландарын жарыялоого чакырган.
Ошол эле учурда, көйгөйлөр дагы эле актуалдуу бойдон калууда. Электр энергиясына дээрлик бардык аймактарда жеткиликтүүлүк болгону менен, тоолуу райондордогу көпчүлүк жамааттар үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси, кышкысын энергиянын жетишсиздиги жана көмүр менен биомассага көз карандылык сыяктуу кыйынчылыктарга туш болууда. Жакында болгон катуу ысыктар улуттук электр тармагына олуттуу жүктөм алып келип, айрым аймактарда электр энергиясына болгон суроо-талап 25 пайыздан ашык өсүп, инфраструктуранын чектөөлөрүн ачыкка чыгарды. Үй чарбаларынын болжол менен 15 пайызы энергетикалык жактан жабыркаган абалда турат. Ошондой эле эскирген жылытуу системалары, өзгөчө балдар менен улгайган адамдар үчүн, саламаттыкка жана айлана-чөйрөгө олуттуу коркунуч жаратат.
Мындай абалга жооп катары — жана бул акыркы Ыктыярдуу Улуттук Байкоодо да белгиленген — Өкмөт көмүртекке негизделген отундан кайра жаралуучу энергия булактарына өтүүнү, энергиянын эффективдүүлүгүн жогорулатууну жана тазараак энергетикалык чечимдерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүүнү максат кылган так багытты белгиленди. Бизнес жана үй чарбалары үчүн тармакка туташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, туташуу процедураларын жөнөкөйлөтүү жана энергетикалык узак мөөнөттүү пландоону бекемдөө — артыкчылыктуу багыттардын катарында турат. Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Тору-Айгырда курула турган 300 МВттык күн электростанциясы сыяктуу ири долбоорлор бул максаттарга жетүүдө негизги ролду ойнойт. Күн энергиясы жана биоэтанол боюнча кабыл алынган жаңы мыйзамдар жөнгө салуу чөйрөсүн жакшыртып, CASA-1000 сыяктуу трансчек аралык демилгелер регионалдык энергетикалык интеграцияны алдыга жылдырууда. Тарифтик реформалар, айыл жергесин электр менен камсыз кылуу жана 2035-жылга чейин 1 400дөн ашуун мамлекеттик мекемени жаңыртуу боюнча милдеттенмелер керектөөнү үнөмдөөгө, зыяндуу газ бөлүнүүлөрдү азайтууга жана өзгөчө жетишсиз тейленген аймактарда кызматтарды сапаттуу көрсөтүүгө багытталган.
2023–2027-жылдарга карата Туруктуу өнүгүү боюнча Кызматташтык алкагында БУУнун Кыргызстандагы тутуму таза энергия жана климаттык аракеттер жаатында төрт стратегиялык артыкчылыктын ичинен эки багыт боюнча министрликтерге жана жергиликтүү бийлик органдарына үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келет: инклюзивдүү жашыл социалдык-экономикалык өнүгүү жана климаттык аракеттер, табигый кырсыктарды башкаруу менен экологияны коргоо боюнча инклюзивдүү ыкмалар. ПРООНдун техникалык жетекчилиги астында биз азыркы учурда Улуттук деңгээлде аныкталган салымдардын үчүнчү мууну — УДАС 3.0 иштеп чыгууга, Климаттык аракеттер тууралуу мыйзам долбоорун илгерилетүүгө, климаттык артыкчылыктар менен туруктуу өнүгүү максаттарын шайкеш келтирүүгө жана Улуттук адаптациялык планды ишке ашырууга активдүү көмөктөшүүдөбүз. Ошол эле учурда, аялдар жетектеген демилгелерди камтыган таза энергия жаатындагы ишкердикти өнүктүрүүгө, аялуу топторго энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө, Климаттык каржылоо борборунун потенциалын чыңдоого жана кошумча каржылоону тартууга да салым кошуудабыз.
Башкы катчы өз сөзүндө белгилегендей, улуттук аракеттер жалгыз энергетикалык өтүүнү камсыз кылууга жетишсиз. Бул үчүн эл аралык кызматташтыкты — жеңилдетилген финансылык колдоо, технологиялардын өткөрүлүшү жана потенциалды жогорулатуу механизмдери аркылуу — мындан ары бекемдөө абзел. Бул багытта БУУ агенттиктери, Жашыл климаттык фонд, көп тараптуу өнүгүү банктары жана эки тараптуу өнөктөштөр маанилүү ролду ойношот. Мындан сырткары, инвестицияларды жана инновацияларды илгерилетүү үчүн жеке сектордун активдүү катышуусу талап кылынат.
ң негизгиси — таза жана адилеттүү энергетикалык өтүү түздөн-түз жамааттардын турмушуна оң таасир тийгизиши керек. Инвестициялар жаңы жумуш орундарын түзүү, саламаттыкты сактоону жакшыртуу жана жергиликтүү экономикасын өнүктүрүү менен тыгыз байланышта болууга тийиш. Аймактардагы жана аярлуу топтор пландоо процесстерине активдүү катышып, анын натыйжаларынан түз пайда алууга укуктуу. Бул үчүн жарандардын күнүмдүк турмушундагы шарттарды эске алган инклюзивдүү чечимдерди жана саясатты иштеп чыгуу зарыл. УДАС 3.0 — климат, энергия жана өнүгүү стратегияларын далилдерге таянып, бирдиктүү жана калыс, практикалык жыйынтыктарга багытталган алкакка бириктирүүгө түзүлгөн өз убагындагы мүмкүнчүлүк.
Келгиле, бул зор мүмкүнчүлүктү биргеликте ишке ашырып, Кыргызстанды таза энергетика жаатында гана амбициялуу максаттарына жеткен эмес, бүткүл регионго үлгү болгон мамлекетке айландырууга аракет кылалы.
Ыраазычылыгмды билдирем!
Кайрылууну жасаган
