Озонниа Ожиело БУУнун Туруктуу координаторунун кыргызстандыктарга кайрылуусу
Урматтуу кыргызстандыктар!
Коркуу жана тынчсызданууну жаратуу менен жайылып бараткан коронавирус, бүткүл дүйнөгө зыян алып келип, баарыбызга кысым жараткан учурда, мен баарыңыздарга жөнөкөй, бирок маанилүү өтүнүч менен кайрылгым келет - ар бир жасап жаткан иш-аракетибизге кайрымдуулукту кошууну унутпайлы.
Бул залкар жазуучу Чынгыз Айтматов айткан сөздөрүндө да жакшы чагылдырылган: ”Адамга эң кыйын - бул күн сайын адам болуу”. Бүгүн биз оор кыйнчылыктардын алдында турабыз, ошондуктан менин кыргызстандыктарга Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун атынан болгон кыйрылуум: даяр болгула жана айланадагы адамдарга боорукер болгула.
Ар бирибиз COVID-19 жөнүндө кабардар болуп, жеке гигиена боюнча тийиштүү чараларды көрүп, кыйынчылыктарды жеңгенге даяр туруп, боорукерлигибизден эч качан жазбайлы. Өзүбүздүн жана жакындарыбыздын саламаттыгына болуп көрбөгөндөй жоопкерчилик алуу мезгили келди.
Биз коомдук аралыкты сактануу менен - өз коомубуздагы биримдикти мурдагыдан да көбүрөөк коргошубуз зарыл. Италиядан Кытайга чейин, Франциядан АКШга чейин - акыргы апталар ичинде боорукердикти иш жүзүндө көрө алдык. Күчтүү тилектештик сезими биздин коомду ынтымактуу чоң үй-булөө катары аныктайт - терезе аркылуу коңшулар менен ыр ырдап, улгайган жана аярлуу адамдарга азыктарды жеткирип же досубуздун тынчсыздануусун телефон аркылуу баарлашуу менен жеңилдеткенге аракет жасайлы. Ар бир жасаган иш аракеттерибизге - кайрымдуулукту кошолу.
Биз коңшуларыбызга жана алсыздарга кантип жардам берсек болот? Кайрымдуулуктун терең күчү бар, ал биздин айласыздыктын алдында турган учурда адамкерчилигибизди эске сала алат, жана бизди жооп кайтаруу үчүн чыйралтат. Эгерде вирус бизге жетсе - чечкиндүү кадамдарды жасайлы, кордоону токтотуу, ортоктош болууну кайрат жана колдоо түрүндө бекемдейли.
Кызматташтык, дүйнөлүк же жергиликтүү деңгээлде болобу, эч качан ушунчалык маанилүү, биримдикке чакыруу болсо - бүгүнкүндөй ачык-айкын болгон эмес. Биз медициналык ишкерлерге, өкмөткө, жарандарга жана шериктештерге оорунун болочок туталанышына каршы кошкон иш-аракеттерине ыраазычылык билдиребиз.
Ошондой эле биз COVID-19 вирусуна кабыл болгон адамдардын укуктарына жана кадыр-баркына тийе турган ыктымалдуу кесепеттерди да эске алып жүрүшүбүз керек. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, COVID-19дан жабыркаган адамдар орууну токтотууга салып кошо алат жана ар дайым колдоого ээ болушу керек. Бириккен Улуттар Уюму, өкмөт жана эл аралык коомчулук тарабынан кабыл алынган иш-чаралар пандемияны талкалайт, бирок кордоону жана басмырлоону жеңүү үчүн ар бирибизден боорукердик керек.
Кризис бүткөндө, ал болсо бүтөт, Бириккен Улуттар Уюму өлкө лидерлерин Туруктуу өнүгүүнүн 17 максаттарын аткаруу үчүн климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайышына, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарына инвестиция кылууга чакырат. Бул келечектеги пандемияларды алдын алуу жолдору болот.
Биз биргебиз. Чогуу бул кыйынчылыктарды жеңебиз.
Баарыбыз кабардар бололу. Даяр болуп, боорукердиктен жазбайлы!
Урматтоом менен,
Озонниа Ожиело
БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору