Пресс-релиз

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) COVID-19 пандемиясына байланыштуу даярдык иштерин жана чара көрүүнү күчөтүүнүн алкагында Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүүнү улантууда

15 апрель 2020

Бишкек, Кыргызстан – Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жагымсыз эпидемиологиялык кырдаалга жана Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында өзгөчө абалдын киргизилишине байланыштуу, калкты жоопкерчиликти сезе билүүгө жана мамлекеттик органдардын көрсөтмөлөрүн так  аткарууга чакырат, ошондой эле ооруну жуктуруп алуу жана вирусту таркатуу тобокелдигин чектөө үчүн, эң жөнөкөй коопсуздук чаралары жөнүндө эскертет, анын ичинде башка адамдар менен жакын байланышта болуудан качуу, чүчкүргөн жана жөтөлгөн адамдардан 1 метрден кем эмес аралыкты сактоо жана колду бат-бат жууп туруу.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эскертет: оорунун белгилери бар адамдар жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө мурдун жана оозун бүгүлгөн чыканагы менен тосушу керек же кагаз салфеткаларды колдонуп, аларды дароо жабык таштанды челектерине таштоо керек. 

Азыркы учурда Кыргызстандагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өлкөлүк кеңсеси стратегиялык өнөктөштөр, КР Саламаттык сактоо министрлиги, жана башка мамлекеттик башкаруу түзүмдөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен тыгыз байланышта иш жүргүзүүдө жана өлкөдө COVID-19 пандемиясына байланыштуу жооптуу чараларды тынымсыз координациялайт. Төмөндө кызматташтыктын негизги учурлары саналып өттү: 

ДСУ улуттук өнөктөштөр жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен ишти координациялайт 

  • Кыргызстандагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өлкөлүк кеңсесинин жалпы жетекчилиги менен Кыргыз Республикасында жакынкы 12 айга жалпы суммасы болжол менен 16 миллион АКШ долларына барабар COVID-19га даярдык жана чара көрүүнүн секторлор аралык ведомстволор аралык планы иштелип чыккан. Аталган сумма Кыргызстанда COVID-19 менен күрөшүү үчүн өлкөдөгү донорлук уюмдар тарабынан бөлүнүп берилген. Ушул даярдык жана чара көрүү планынын жалпы максаты -  Кыргызстанда COVID-19 илдетинин өрчүп кетүүсүн төмөндөтүүчү натыйжалуу, өз убагында көрүлүүчү жана координацияланган жооптуу чараларды камсыз кылууда жана бул ишти жетектөөдө Өкмөткө жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.  

ДСУ лабораториялык тесттерди жана жеке коргоонуу каражаттарын ташып келүүнү камсыз кылат  

  • Даярдыкты күчөтүүнүн алкагында жана оору чыгып кеткен учурда  илдетти тез аныктоо жана чара көрүү үчүн өлкөгө февраль жана март айларында 2,600 тест алынып келинген. Ошондой эле, Кыргызстан  COVID-19 оорусу аныкталгандар жана ооруга шектүүлөр менен түздөн-түз байланышта болгон саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери  үчүн жана ооруга шектелгендерден анализ алуучу лабораториялык кызматкерлер үчүн жеке коргонуу каражататтарынын партиясын алды. 
  • Февраль айынын башында, ДСУнун Кыргызстандагы кеңсеси, Саламаттыкты сактоо министрлигинин өтүнүчү менен, ооруга каршы күрөштүн алдыңкы орунда турган, жогорку коркунучу бар медициналык кызматкерлер үчүн антисептик алкоголдук каражаттарды (2000), маскалар (5000) жана кол каптарды (5000) сатып беришти.
  • Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму АКШнын эл аралык өнүктүрүу боюнча агенттиги (USAID) аркылуу 10 миң хирургиялык костюм, 10 миң мээлей, 200 коргоочу көз айнек жана 200 N95 респиратор тапшырды. Булар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Дубай шаарындагы атайын логистикалык борборуна жеткирилди.

ДСУ медициналык кызматкерлердин потенциалын жогорулатат жана лабораториялардын ролун күчөтөт  

  • Апрель айынын ортусунда, COVID-19  коронавирус инфекциясын лабораториялык диагностикалоо боюнча 96 лабораториялык адисти дистанттык окутуу цикли аяктады.  Бул дистанттык окутууга бүткүл өлкө боюнча полимераздык чынжырдуу реакция (ПЧР) техникасын билген адистер тартылды, анын ичинде Улуттук фтизиатрия борборунан, СПИД борборунан, Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунан, Бишкек щаарынын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунан жана жеке лабораториялардын адистери катышты. Тренингдердин негизги максаты лабораториялык адистерди лабораториялык  шартта жана өзгөчө кооптуу материалдар менен иштөөдө биокоопсуздуктун негиздерине окутуу болуп эсептелет.
  • Интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнөн, Республикалык инфекциялык ооруканадан, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү борборлорунан жана 2 аскер госпиталынан 310дон ашык медициналык кызматкерлер COVID-19 менен ооруган бейтаптарды клиникалык дарылоо боюнча эки күндүк адистештирилген окутуудан өтүштү. 
  • Шектүү үчүрларга эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү жана ооруну аныктоо үчүн, оору жуктурган адамдар менен байланышта болгондорду аныктоо жана иликтөө жүргүзүү боюнча ыкчам аракеттенүү топторун окутуу жана аларды атайын каражаттар менен жабдуу иштери жүргүзүлдү, клиникалык адистер  үчүн дистанттык тренингдердин циклдери өткөрүлдү, саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн COVID-19 боюнча окуу материалдары жана программалар кайра каралып чыкты. 
  • «Манас» Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, башка негизги министрликтер жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кызматташтыгы менен тейлөөчү персоналдын COVID-19га туура чара көрүү көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн симуляциялык окутуулардын сериялары өткөрүлдү. Бул окутуулар өзгөчө кырдаалдарга карата чара көрүү аракетине талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берди.
  • ДСУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси, USAID, CDC, Улуу Британия элчилиги, Франция элчилиги (ЕБ атынан) менен тыгыз кызматташтыкта улуттук мекемелердин азыркы мүмкүнчүлүктөрүн жана келип чыккан муктаждыктарын баалоо  үчүн 2019-жылдагы жаңы коронавирусту башкарууда муктаждыктарды ыкчам баалоону жүргүздү.
  • ДСУ Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигин жана техникалык эксперттерди COVID-19 илдетинин алдын алуу, лабораториялык аныктоо жана дарылоо боюнча жаңыртылган далилдөөчү маалыматтар, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштары, жетекчилиги менен үзгүлтүксүз негизде  камсыз кылып турат.

Коммуникация иш-чаралары

  • ДСУ Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте тобокелдиктер тууралуу маалымдоо үчүн материалдарды адаптациялады жана бүткүл өлкө боюнча кеңири коомчулук үчүн материалдарын таркатты. Аэропорттогу санитардык-көзөмөлдөөчү өткөрмө пункттарына жана жердеги көзөмөл-өткөрмө пункттарына өзгөчө көңүл бурулду. 

Кошумча маалымат: Мындай жардам өкмөттүн өтүнүчү менен 2020-жылдын 16-мартында ишке киргизилген Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо боюнча топтун (ӨКЖКТ) гуманитардык жооп кайтаруу боюнча биргелешкен чараларынын алкагында өзгөчө кырдаалдарга даяр турууну жана COVID-19 илдетине жооп кайтарууну камсыздоо жана эртелеп калыбына келтирүүгө даярдык көрүү максатында көрсөтүлүүдө.

БУУнун Туруктуу координатору жетекчилик кылган ӨКЖКТ эртелеп калыбына келтирүү, билим берүү, азык-түлүк коопсуздугу жана логистика, саламаттык сактоо, коргоо, суу санитариясы жана гигиена жана азык-түлүккө кирбеген товарлар боюнча биргелешкен тармак боюнча алты артыкчылыктуу багытка биринчи кезекте көңүл бурат жана колдоого алат. ӨКЖКТ 2008-жылы түзүлгөн, анын ведомстволор аралык командалары министрликтердин, БУУ мекемелеринин, эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүн жана донорлор коомчулугунун өкүлдөрүн камтыйт.



 

Алмаз Жумалиев

Алмаз Жумалиев

ДССУ
Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар