Бул дүйнөгө ар бир адам өз максаты менен келет
"Бул дүйнөгө ар бир адам өз максаты менен келет".
Дал ушул сөздөр менен дарыгер Нурхан Имамованы мүнөздөсө болот. Нурхан Ош облусунун Ноокат шаарындагы “Медигос” Үй-бүлөлүк медициналык борбордо дарыгер болуп иштейт.
Нурханга бир күндө 40ка жакын бейтап кайрылат. Нурхандын айтымында, анын медициналык карьерасы институтка чейин эле башталган экен. 11 жашында Нурхан онкология менен ооруган апасынан ажыраган. Нурхан апасы кантип кыйналганын сезип, көрүп чоңойгон:
“Апам ооруганда биз кошуна айылдан медайымды чакырчубуз. Апамдын оорусун басаңдатуу үчүн өзүм эле ага ийне сайгым келчү. Мына ошондо алдыма максат коюп, келечекте дарыгер болуп, адамдарга жардам берем деп чечкем. Апам да медициналык кызматкер болчу жана мен ага окшош болгум келээр эле”.
Жылдар өтүп Нурхан медициналык институтка өтүп, аны ийгиликтүү бүтүргөн. Мына, 30 жылдан бери Нурхан саламаттык сактоо системасында иштеп келатат. Бир жылдары медициналык борбордун директорунун орун басары да болгон. Бирок административдик иш ага ылайыктуу болбогонун түшүнөт. Себеби Нурхан дайыма адамдар менен иштешип, бейтаптарды дарылап, аларга жардам бергиси келчү.
Өлкөдө коронавирус илдети жайыла баштаганда Нурхан бул вируска каршы күрөштүн алдыңкы катарында турган дарыгерлердин бири болуп калды.
“Жакындарыбызды, балдарыбызды, неберелерибизди көрбөй, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жашаган күндөр, апталар өтө оор болду. Алар менен телефондон да сүйлөшүүгө убакыт болбогон күндөр өттү. 28 күн кесиптештерим менен чогуу жашап, бири-бирибизди мурдагыдан да жакшы тааныдык. Ушул күндөр ортобуздагы ынтымакты бекемдеп, азыр алар мага бир туугандай эле болуп калышты”.
Нурхандын айтымында, алгачкы апталарда көпчүлүк кесиптештери үмүтүн үзүп койгон. Себеби өтө көп факторлор менен күрөшүүгө туура келди. “Бирок медициналык кызматкерлер алаканын жайып отуруп калбайт, - деп күлдү Нурхан. - Бул күндөр да өтөт, бейтаптар ооруганын, ал эми аткаминерлер убадаларын унутушат. Биздин кесип өзү ушундай. Биз бул жолду өзүбүз тандаганбыз”.
Нурхан коронавирус башка ооруларды токтопогонун, адамдар азыр деле башка жугуштуу ооруларга чалдыгып жатканын белгиледи. Мисалы, ВИЧ илдетин алалы, биз ВИЧ менен жашаган адамдарды да эч качан унуткан жокпуз. Себеби алар тобокелдик тобуна киришет эмеспи. Биздин мультидисциплинардык жамаатта “Вотсапта” тайпа ачылган. Биздин социалдык кызматкер бейтаптарга кеңештерин берип жатса, биз гуманитардык жардам уюштурдук, ВИЧ менен жашаган, өзгөчө муктаж адамдарга азык-түлүк жеткирип турдук. Азык-түлүк менен кошо бейтаптарга АРВ дарыларын да бердик.
Нурхан жакшы нерселерди гана ойлойт, бир келген өмүрдү кубаныч менен өткөрүш керек деп эсептейт:
“Ар бир адам бул дүйнөгө кандайдыр бир максат менен келет. Кимдир бирөө бай жана ийгиликтүү болгусу келет. Ал эми башкасы чоң, ынтымактуу үй-бүлөдө жашагысы келет. Бизде, дарыгерлерде, өзүнүн максаты бар – бейтаптарды дарылап, адамдарга жардам берүү. Ушул күндөрү көп адамдар медициналык кызматкерлердин эмгегин баалай алышты деп ишенем. Ошондой эле биз бири-бирибизден көп нерсени үйрөндүк. Жок дегенде колду тез-тез жууп туруш керек экенин баары эле түшүндү го”.
ЮНЭЙДС “Аракет плюс” коомдук фонду аркылуу пилоттук МДКдагы медициналык кызматкерлерге жардам берип келет. ЮНЭЙДС бул ишти ВИЧ/СПИДге, башка жугуштуу ооруларга каршы туруу багытында Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнө техникалык жардам берүү боюнча орусиялык программанын колдоосу менен жасайт. ВИЧ менен жашаган 130 адам үч ай азык-түлүк алып турушмакчы. Бул азык-түлүктүн жалпы суммасы 690 000 сом болду.