Пресс-релиз

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 илдети менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга жеке коргонуу каражаттарын тапшырды

16 июль 2020

БИШКЕК, Кыргызстан – Бүгүн, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 илдетине каршы аракеттенүү боюнча чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жеке коргонуу каражаттарын тапшырды.

Жеке коргонуу каражаттары Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун ташып келүү тилкеси боюнча берилет. Жеке коргонуу каражаттарынын партиясы  46 200 бет коргоочу калканычты, 14 600 коргоочу көз айнекти, 57000 халатты, 150 000 KN95 сериясындагы респиратордук бет капты өзүнө камтыйт. Гуманитардык жардамдын жалпы наркы 508,078.24 АКШ долларын түзөт. 

Бул жеке коргонуу каражаттары бүткүл өлкө боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин ишинин коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Аталган каражаттар  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  өтүнүчү боюнча COVID-19 илдетине каршы күч-аракеттерди колдоо максатында берилди. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жеке коргонуу каражаттарын өлкөдөгү жыйырмадан ашык ооруканага бөлүштүрүүнү пландаштырууда. 

«Бүгүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму саламаттык сактоо системасын, өзгөчө алдыңкы катарда эмгектенген медициналык кызматкерлерди колдоо үчүн 10 тоннадан ашык жеке коргонуу каражаттарын Саламаттык сактоо министрлигине тапшырат», - деп белгиледи өз сөзүндө  саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча ДСУнун борборунун координатору жана ДСУнун Кыргызстандагы өкүлү, доктор  Тасним Ататра.  Ал «Дүйнөлүк  саламаттык сактоо уюму менен Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда бекем мамилелер түзүлдү, ДСУ техникалык колдоо көрсөтүүнү жана сунуштарды берүүнү улантат.», - деп  сөзүн жыйынтыктады. 

COVID-19 пандемиясы  башталгандан бери  Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму  COVID-19  илдетине каршы аракеттенүү  жана оң натыйжаларды лабораториялык тастыктоо максатында Кыргызстанга жеке коргонуу каражаттарын жана ПЧР-тестирлөө үчүн топтомдорду тапшырды. Мындан тышкары, ДСУ үлгүлөрдү алуу жана тестирлөө үчүн лабораториялык чыгымдоочу материалдардын запастарын  (пробиркалар, мазок алуу үчүн тампондор, наборлор, реагенттер ж.б.)  тапшырды. 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму  саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн, анын ичинде лабораториялардын, баштапкы саламаттык сактоо уюмдарынын, ооруканалардын кызматкерлери, ошондой эле коомдук саламаттык сактоо жаатындагы адистер үчүн COVID-19 илдетине каршы аракеттенүү боюнча онлайн-окутуулардын циклдерин өткөрүү аркылуу Саламаттык сактоо министрлигине көмөк көрсөтүүдө.

Кошумча маалымат: Мындай жардам өкмөттүн өтүнүчү менен 2020-жылдын 16-мартында ишке киргизилген Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо боюнча топтун (ӨКЖКТ) гуманитардык жооп кайтаруу боюнча биргелешкен чараларынын алкагында өзгөчө кырдаалдарга даяр турууну жана COVID-19 илдетине жооп кайтарууну камсыздоо жана эртелеп калыбына келтирүүгө даярдык көрүү максатында көрсөтүлүүдө.

БУУнун Туруктуу координатору жетекчилик кылган ӨКЖКТ эртелеп калыбына келтирүү, билим берүү, азык-түлүк коопсуздугу жана логистика, саламаттык сактоо, коргоо, суу санитариясы жана гигиена жана азык-түлүккө кирбеген товарлар боюнча биргелешкен тармак боюнча алты артыкчылыктуу багытка биринчи кезекте көңүл бурат жана колдоого алат. ӨКЖКТ 2008-жылы түзүлгөн, анын ведомстволор аралык командалары министрликтердин, БУУ мекемелеринин, эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүн жана донорлор коомчулугунун өкүлдөрүн камтыйт.

 

Кыргыз Республикасындагы БУУнун маалымат порталдарындагы жаңылыктарга көз салыңыз:

Telegram: @covid19unkg   

Facebook: @UN.Kyrgyzstan 

Twitter: @un_kyrgyzstan 

Instagram: @un_kyrgyzstan 

 

Алмаз Жумалиев

Алмаз Жумалиев

ДССУ
Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар