Азимжан Аскаров | Адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын Башкармалыгынын каты
БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын басма сөз катчысы: Лиз Тросселл
Өткөн дем алыш күнү Кыргызстандын түрмөсүндө укук коргоочу жана журналист Азимжан Аскаровдун каза болгондугу тууралуу кабарды биз абдан өкүнүү менен кабыл алдык. Биз анын үй-бүлө мүчөлөрүнө, досторуна жана кесиптеш - укук коргоочуларга көңүл айтабыз.
Май айында биз Кыргызстандын бийлик органдарына ал учурда 68 жаштагы Аскаровго түрмөдөн чыгууга уруксаат берүү өтүнүчү менен кайрылганбыз. Анткени ал ден соолугунун начар болушунан улам, пандемия шарттарында COVID-19 карата өтө аялуу болгон адамдардын катарына кирген.
Акыркы жумаларда биз анын ден соолугу начарлоосунун уланып жатканы жөнүндө маалымат алганбыз. Андан тышкары, бир нече жолу телефон чалууларга карабастан, Аскаровго тезинен медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес жана ал гуманитардык ой-жүгүртүүлөр боюнча бошотулган эмес. Аскаров 25-июлда Бишкекте түрмөнүн ооруканасында каза болду. Биз түшүнүп тургандай, Кыргызстандын бийлиги «эки тараптуу пневмонияны» анын өлүмүнүн себеби катары көрсөтүштү.
Бир катар айыптар боюнча соттолгон, анын ичинде 2010-жылдын июнь айында Кыргызстандын түштүгүндө болгон этностук мотивациядагы зомбулуктун контекстинде адам өлтүрүүгө катышканы, улуттар аралык тирешүүнү күчөтүү жана барымтага алуу үчүн Аскаров өмүр бою камакка алынган жана темир тор аркасында 10 жылга жакын убакыт өткөргөн.
2016-жылы БУУнун адам укуктары боюнча Комитети Аскаровдун негизсиз кармоого туш болгонун жана ырайымсыз шарттарда кармалганын белгилеген. Мындан тышкары, Аскаровго карата кыйноолор колдонулган жана катаал мамиле туш болгон жана ал тиешелүү түрдө өзүнүн коргоосун даярдоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган.
COVID-19 Кыргызстанды кошо алганда, бардык өлкөлөр үчүн көйгөйлөрдү жаратып жатат, бийлик өкүлдөрү өздөрүнүн адам укуктары жаатында эл аралык ченемдерди жана стандарттарды жактай тургандыгын бир нече жолу жана көпчүлүк алдында билдирген, алар дагы ден соолугу үчүн укукту жана жашоо үчүн укукту ишке ашыруу боюнча милдеттенмелерди камтыйт. Эркиндигинен ажыраган адамдарга карата мамлекет камкордукту камсыз кылуу боюнча жогорку милдеттенмелерди аткарууга милдеттенме алат.
Биз кайрадан Кыргызстандын Өкмөтүн аялдарды, жашы жете элек адамдарды, улуу курактагы адамдарды, коштогон оорусу бар адамдарды, коомчулук үчүн тобокелдиктин төмөн деңгээлиндеги адамдарды, майда жана олуттуу эмес мыйзам бузууларды келтирген адамдарды, жакынкы убактарда бошотууну күтүп жаткан адамдарды, ошондой эле эл аралык укуктарга ылайык андай деп таанылбаган кылмыштарды жасаганы үчүн кармалган адамдарды кошо алганда, гуманитардык ой-жүгүртүү боюнча өтө аялуу соттолгондорду мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселени карап чыгууга чакырабыз.
Азимжан Аскаров боюнча биз анын өлүмүнүн далилдерин тез, адилеттүү жана натыйжалуу иликтөөнү камсыз кылуу зарыл деп эсептейбиз. Адам укуктарына карата эл аралык укуктарга ылайык анын үй-бүлөсү төлөп берүүлөрдү алуу укугуна ээ.
COVID-19 пандемиясы учурунда БУУнун адам укуктары боюнча Башкармалыгы өкмөттөрдүн эркиндигинен ажыратуу жайларында бул оорунун таралышына жол бербөө боюнча чараларды көрүүсүнүн зарылдыгын белгилеген, алар көп учурда ашыкча толуп калган жана аларда адамдар гигиенанын талаптарына жооп бербеген шарттарда кармалып турушат, ал эми медициналык тейлөө жетишсиз же дээрлик жокко эсе. Мындай шарттарда аныктамалар боюнча дистанция сактоо жана өз алдынча изоляциялануу дээрлик мүмкүн эмес.
Биз мындай практиканы ийгиликтүү колдонуунун мисалдарын көрдүк. Ошол эле учурда биз мурдагыдай эле көптөгөн өкмөттөрдүн камакка алынган адамдардын санын төмөндөтүү боюнча кадамдарды жасабай жатканына, же болбосо камактагылардын бошотуу үчүн жактырылган санын бошотуудан баш тартуусуна олуттуу тынчсызданып жатабыз.