Пресс-релиз

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 илдети менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга 100 даана кислород концентраторлорун тапшырды

19 август 2020

БИШКЕК, Кыргызстан – Бүгүн, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 илдетине каршы аракеттенүү боюнча чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 100 даана кислород концентраторлорун тапшырды.  Кислород концентраторлору Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун ташып келүү тилкеси боюнча берилет жана гуманитардык жардамдын жалпы наркы 59,000 АКШ долларын түзөт. 

Кислород концентраторлору респиратордук жугуштуу ооруларды дарылоодо чоң мааниге ээ. Концентраторлор канында кислороддун деңгээли нормадан төмөн түшүп кеткен COVID-19 илдети менен ооруган оор абалдагы бейтаптарды дарылоодо таза, жогорку сапаттагы жана тиешелүү концентрациядагы кислород менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.  Аталган каражаттар  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  өтүнүчү боюнча COVID-19 илдетине каршы күч-аракеттерди колдоо максатында берилди. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жеке коргонуу каражаттарын өлкөдөгү ооруканага бөлүштүрүүнү пландаштырууда. 

«Бул гуманитардык жардам COVID-19 илдети менен күрөшүүнүн жана анын өлкөнүн саламаттык сактоо системасына тийгизген таасирин азайтуунун бир бөлүгү. Бул колдоо саламаттык сактоо тутумун чыңдап, COVID-19 пандемиясына каршы биргелешкен аракеттерибизге кошумча түрткү берет деген ниеттебиз”, - деди Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү д-р Назира Артыкова.

“Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тутумуна көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет. ДССУ Кыргызстанга коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүп келет. Биз буга чейин гуманитардык жардамдын бир нече партиясын алганбыз. Биздин жарандардын ден соолугун коргоо үчүн биргелешкен жана жемиштүү иш-аракеттерибиз ийгиликтүү улана берет деп ишенебиз”, - деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

COVID-19 пандемиясы  башталгандан бери  Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму  COVID-19  илдетине каршы аракеттенүү  жана оң натыйжаларды лабораториялык тастыктоо максатында Кыргызстанга жеке коргонуу каражаттарын жана ПЧР-тестирлөө үчүн топтомдорду тапшырды. Мындан тышкары, ДСУ үлгүлөрдү алуу жана тестирлөө үчүн лабораториялык чыгымдоочу материалдардын запастарын  (пробиркалар, мазок алуу үчүн тампондор, наборлор, реагенттер ж.б.)  тапшырды. 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму  саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн, анын ичинде лабораториялардын, баштапкы саламаттык сактоо уюмдарынын, ооруканалардын кызматкерлери, ошондой эле коомдук саламаттык сактоо жаатындагы адистер үчүн COVID-19 илдетине каршы аракеттенүү боюнча онлайн-окутуулардын циклдерин өткөрүү аркылуу Саламаттык сактоо министрлигине көмөк көрсөтүүдө. 

Кошумча маалымат: Мындай жардам өкмөттүн өтүнүчү менен 2020-жылдын 16-мартында ишке киргизилген Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо боюнча топтун (ӨКЖКТ) гуманитардык жооп кайтаруу боюнча биргелешкен чараларынын алкагында өзгөчө кырдаалдарга даяр турууну жана COVID-19 илдетине жооп кайтарууну камсыздоо жана эртелеп калыбына келтирүүгө даярдык көрүү максатында көрсөтүлүүдө.

БУУнун Туруктуу координатору жетекчилик кылган ӨКЖКТ эртелеп калыбына келтирүү, билим берүү, азык-түлүк коопсуздугу жана логистика, саламаттык сактоо, коргоо, суу санитариясы жана гигиена жана азык-түлүккө кирбеген товарлар боюнча биргелешкен тармак боюнча алты артыкчылыктуу багытка биринчи кезекте көңүл бурат жана колдоого алат. ӨКЖКТ 2008-жылы түзүлгөн, анын ведомстволор аралык командалары министрликтердин, БУУ мекемелеринин, эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүн жана донорлор коомчулугунун өкүлдөрүн камтыйт.

Кыргыз Республикасындагы БУУнун маалымат порталдарындагы жаңылыктарга көз салыңыз:

Telegram: @covid19unkg   

Facebook: @UN.Kyrgyzstan 

Twitter: @un_kyrgyzstan 

Instagram: @un_kyrgyzstan 

Алмаз Жумалиев

Алмаз Жумалиев

ДССУ
Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар