Пресс-релиз

БУУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү саясий партияларды этияттыкты сактоого жана COVID-19 илдетинин жайылып кетишине жол бербөөгө чакырат

05 сентябрь 2020

2020-жылдын 4-октябрында өтүүчү парламенттик шайлоолорго карата үгүт иштери башталды. Бул маанилүү жараяндын жүрүшүндө саясий партиялар шайлоочулардын жетиштүү маалымтка негизделген тандоосу үчүн, жер-жерлерде үгүт иштерин жүргүзүшөт. Ошол эле убакта расмий статистиканын маалыматтары боюнча коронавирус илдетинин жайылышы 2020-жылдын июлунда өзүнүн туу чокусуна жеткен учурдан тартып кыскаргандыгына карабастан, COVID-19 эч кайда жоголо элек.

COVID-19 пандемиясы күн сайын буткүл дүйнө боюнча миңдеген адамдарга терс таасирин тийгизүү менен, мурдагыдай эле глобалдуу көйгөй бойдон калууда. Ошондуктан парламенттик шайлоолорго катышып жаткан саясий партияларды калк менен жолугушууларды уюштуруу мезгилинде Өкмөт жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан сунушталган бардык зарыл болгон санитардык жана эпидемияга каршы чараларды сактоого, анын ичинде социалдык аралыкты сактоо, бет кап тагынуу, колду жуу же санитардык тазалоону улантууга чакырабыз. COVID-19ду жуктуруудан улам калк арасында ден соолуктун начарлашы же өлүмгө учуроо көйгөйлөрүнө жол бербөө үчүн, калк менен болгон жолугушууларда жана жыйындарда COVID-19 илдетинин жайылып кетүү тобокелдигине жол бербөөнү камсыз кылуу – саясий партиялардын милдети болуп саналат. Ошондой эле, биз, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясын саясий партияларды үгүт иштерин жүргүзүүдө COVID-19дун жайылуу тобокелдиктерин алдын алууга жетиштүү көңүл бурдурууга чакырабыз.

Эгерде баарыбыз аралыкты сактасак, колду үзгүлтүксүз жууп, бет кап тагынсак жана маалымат алуу деңгээлин жогорулатсак, өзгөчө өлкөлөр күз айларында сасык тумоо мезгилине даярдык көрүп жаткан учурда, биргелешкен аракет менен инфекциянын жайылып кетишине жол бербейбиз.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ
Бириккен Улуттар Уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар