Пресс-релиз

Ден-соолук менден башталат

29 август 2022

Бишкек, 2022-жылдын 29-августу – Борбор калаада «Ден-соолук менден» башталат урааны астында, КР Эгемендүүлүк күнүнө арналган, элдин биримдигин, толеранттуулукту жогорулатып, көп түрдүүлүкү сактоо жана арттырууга багытталган веложүрүш өттү.

2

Иш-чара КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Президентинин Администрациясынын колдоосунда, Бишкек шаарынын мэриясынын, «Вело friends позитив kg» коомдук бирикмесинин жана «Алтын дөңгөлөк» велоклубунун, БУУнун Кыргызстандагы агенттиктери БУУӨП, ЮНИСЕФ жана АУЖКБ, «Тынчтык жана өнүгүү институту» коомдук бирикмеси, ошондой эле «Шоро» компаниясы менен шериктештикте Кыргыз жараны концепциясын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Кыргыз Республикасында 2021-2026-жылдарга карата Кыргыз Жараны жалпы жарандык иденттүүлүктү илгерилетүү Концепциясы бекитилген. Концепциянын негизги максаты – этномаданий өзгөчөлүгүн сактоо менен бардык этностук жамааттарды бириктирген Кыргыз Жараны жалпы жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү.

Веложүрүштүн ачылыш аземинде Президенттин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов: 

«Кыргызстандын ар бир жараны – Кыргыз жараны, ошондуктан «Кыргыз жараны» концепциясынын алдында бардыгыбыз биригип атабыз. Ал эми бүгүнкү веложүрүштүн максаты – бул ден-соолук образына баарыбызды чакыруу жана Концепцияны бардыгына жайылтуу» - деп белгиледи.

Концепциянын негизги багыттары:

1. Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүгү жөнүндө аң-сезимдүү түшүнүктү калыптандыруу.

2. Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту арттыруу жана көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын урматтоо.

3. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтуу, көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү.

4. Башкаруу жана чечимдерди кабыл алуу процесстерине жетүүгө бирдей шарттарды түзүү.

5. Саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына ишенимди жогорулатуу.

Кыргыз жараны концепциясын жүзөгө ашырууда колдоо БУУнун агенттиктери БУУӨП, ЮНИСЕФ жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгы  «Туруктуу тынчтык жана өнүгүү үчүн инклюзивдүү башкаруу жана жалпы иденттүүлүк» биргелешкен долбоорунун алкагында БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржылоосу менен жүргүзүлөт.

9

Photo from the cycling event: https://flic.kr/s/aHBqjA4XMg

Contacts for media: Nurzhan Alymkanova, UNDP communications specialist  nurzhan.alymkanova@undp.org

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ АУЖКБ
Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы
БУУ СМД
Бириккен Улуттар Уюмунун саясий маселелер боюнча департаменти
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар