Пресс-релиз

Кыргызстанда микробго каршы туруктуулуктун таралышын анын ден соолукка тийгизген таасирин жана бактериалдык инфекциялардын экономикалык зыянын баалоо боюнча дүйнөдөгү биринчи улуттук изилдөө башталды

05 июнь 2024

(AMR)

Бишкек, Кыргызстан – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) менен биргеликте Кыргызстанда микробго каршы туруктуулуктун (МКТ) таралышын, анын ден соолукка тийгизген таасирин жана бактериалдык инфекциялардын экономикалык зыянын баалоо боюнча дүйнөдө биринчи улуттук изилдөө башталганын жарыялайт. 

(AMR)

Долбоордун башталышына арналган иш-чарага Министрлер кабинетинин, Парламенттин, эл аралык өнөктөштөрдүн жана чет өлкөлүк элчиликтердин, ар кандай министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, медицина кызматкерлери, ДСCУнун эксперттери жана кесиптик ассоциациялардын мүчөлөрү катышты.

Барган сайын салттуу антибиотиктерди натыйжасыз кылып, маанилүү медициналык кийлигишүүлөрдүн натыйжалуулугун төмөндөтүү менен, МКТ дүйнө жүзү боюнча олуттуу көйгөй болуп саналат, Бул комплекстүү изилдөөнү жүргүзүү менен, Кыргызстан өз калкын коргоо боюнча жигердүү кадамдарды жасап гана тим болбостон, МКТ каршы күрөштө башка өлкөлөргө да үлгү көрсөтүүдө. 

(AMR)

Изилдөөнүн жүрүшү менен, натыйжалар Кыргызстандагы МКТ динамикасы жөнүндө баа жеткис түшүнүк алууга, анын саламаттык сактоо жана экономика үчүн кесепеттерин талдоого, сактануу стратегияларын иштеп чыгууга жана кан агымы аркылуу жугуучу оорулар менен ооруган бейтаптарды башкаруунун клиникалык протоколдорун жакшыртууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө. Ошондой эле МКТ таралышын жана анын терс кесепеттерин азайтуу боюнча негиздүү саясат жана чаралар негиз болот.

(AMR)

Бүгүнкү күнгө чейин ДССУ 300 000 доллардан ашык жабдуулар жана диагностикалык материалдар менен камсыз кылуу менен изилдөөгө колдоо көрсөттү. Мындан тышкары, ДССУ бүткүл өлкө боюнча 40 оорукананын кызматкерлерине, ошондой эле үч борбордук референс-лабораториянын кызматкерлерине жана алардын филиалдары үчүн комплекстүү теориялык жана практикалык тренингдерди өткөрдү.

(AMR)

ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү, доктор Ливиу Ведраско бул изилдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, мындай деди: "Микробго каршы туруктуулуктун масштабын жана кесепеттерин түшүнүү калктын ден соолугун коргоо жана туруктуу саламаттык сактоо системаларын түзүү үчүн биринчи орунда турат. Бул демилге ден-соолукка байланыштуу ушул актуалдуу глобалдык коркунучка каршы күрөшүү боюнча биздин биргелешкен күч-аракеттерибизди белгилейт".

Алмаз Жумалиев

Алмаз Жумалиев

ДССУ
Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар