Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары,
Урматтуу Акыйкатчы,
Өкмөттүн өкүлдөрү,
Урматтуу ЖМК өкүлдөрү жана башка катышуучулар!
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине түзөтүүлөрдүн долбоорун жана алардын өлкөдөгү сөз эркиндигине болгон укугунун кесепеттерин талкуулоо үчүн бул маанилүү иш-чарага сиздер менен кошулуу мен үчүн чоң сыймык. Бүгүнкү тегерек стол өзгөчө мааниге ээ, анткени ал Кыргызстандын баалуулуктары үчүн борбордук мааниге ээ болгон маселелерди, анын ичинде адам укуктары жаатындагы милдеттенмелерди жана маалымдуу жана кызыкдар коомду калыптандырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролун камтыйт. Мен бардык кызыкдар тараптарды конструктивдүү талкуулоо үчүн чогултканы үчүн Медиа аракет платформасына ыраазычылык билдиргим келет.
Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүү үчүн сөз эркиндиги, анын ичинде онлайн сөз эркиндиги абдан маанилүү. Тез технологиялык өзгөрүүлөрдүн доорунда сөз эркиндигин коргоону жана колдоону камсыз кылуу инклюзивдүү коом, сот адилеттигине жетүү жана отчет берүүчү институттар үчүн маанилүү.
Мындан бир нече күн мурда, 22-сентябрда, президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Келечектин саммитинде сөз сүйлөп, Кыргызстандын туруктуу өнүгүү максаттарына жана элге багытталган саясатка берилгендигин ырастады. Ал ошондой эле кийинки беш жыл ичинде ТӨМ максаттарына жетүүгө салым кошо турган ТӨМ боюнча экинчи ыктыярдуу улуттук сурамжылоонун башталышын жарыялады. Цензурага тыюу салган Конституцияда бекитилген сөз эркиндигине болгон укук 2030-жылга чейинки күн тартибин ишке ашыруунун ачкычы болуп саналат, анткени Кыргызстан алдыңкы 30 өлкөнүн катарына 2030-жылга чейин кирүүнү көздөйт.
Бүгүнкү тегерек стол 2025-жылдын апрелб айында Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин Укук коргоо механизми боло турган Универсалдуу мезгилдүү Серептин (УМС) төртүнчү циклин эске алуу менен да маанилүү, анда Кыргызстандагы адам укуктары боюнча кырдаал каралат. 2020-жылы Кыргызстан УМСтин сөз эркиндигин коргоо боюнча сунуштарынын кеңири спектрин колдоду жана бүгүнкү дискуссия бизге жыйынтыктарды чыгарууга жана бул сунуштарды ишке ашыруу боюнча кийинки кадамдар үчүн жолду аныктоого мүмкүндүк берет.
Биздин бүгүнкү талкуубуз Укук бузуулар жөнүндө кодексине сунушталган түзөтүүлөргө байланыштуу маанилүү окуялардан кийин өткөрүлүп жатат. Бул өзгөртүүлөр министрлер кабинети тарабынан 25-июлда парламентке киргизилип, 17-сентябрда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети долбоорду биринчи окууда жактырды. Түзөтүүлөрдө кемсинтүү жана жалаа жабуу үчүн олуттуу жазалар каралган: жеке адамдар үчүн айып пул 100 000 сомго (1 175 долларга жакын), ал эми юридикалык жактар үчүн 200 000 сомго (2 350 долларга жакын) жетет.
Жалаа жабуу мыйзамдары жеке адамдардын аброюн коргоо үчүн мыйзамдуу максатты көздөсө да, Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы жана АУЖКБ бул түзөтүүлөрдүн пропорционалдуулугуна, жогорку айып пулдарга жана аткаруу органдарын иш козгоо жана жазалоо үчүн колдонууга тынчсыздануусун билдиришти.
2024-жылдын июнь айындагы түзөтүүлөрдүн долбоору боюнча корутусундаВенеция комиссиясы ар кандай административдик айыптар пропорциялуу болуп, журналисттерге, жалпыга маалымдоо каражаттарына же жеке адамдарга диспропорциялуу таасир тийгизбеши, ошону менен сөз эркиндигин чектөө же өзүн-өзү цензуралоого көмөктөшүү маанилүү экенин белгиледи. Ал ошондой эле Маданият министрлигинин кемсинтүү жана жалаа жабуу боюнча чечим чыгаруу ыйгарым укуктарына тынчсыздануусун билдирип, калыстык жана компетенттүүлүк маселелерин көтөрдү. Комиссия бул иштерди административдик органдар эмес, сот сөз эркиндигине байланыштуу татаал маселелерди чечүүгө жана атаандашкан кызыкчылыктарды адилеттүү тең салмактоого жакшыраак жабдылган сотторунда кароону сунуштады.
Урматтуу катышуучулар,
Адам укуктарынын Жалпы декларациясынын жана жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактынын 19-беренелеринде сөз эркиндиги корголушу керектиги жана бардык чектөөлөр зарылдыкка, өлчөмдүүлүккө жана басмырлоого катуу текшерилүүгө тийиш экендиги так көрсөтүлгөн. Чектөөлөр мыйзамдуу кызыкчылыктарды коргоо үчүн гана киргизилиши мүмкүн жана мүмкүн болушунча аз чектелиши керек.
Эл аралык стандарттар сөз эркиндигин чектөө, айрыкча юридикалык санкциялар аркылуу, жогорку адистештирилген жана соттук көзөмөлгө алынышын сунуштайт. Бул мамлекетти сындагандарга да тиешелүү.
Мындан тышкары, жалаа жабууну криминалдаштырууну жактаган эл аралык консенсус бар. Кыргызстанда жалаа жабуу 2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык декриминализацияланган.
Айымдар жана мырзалар,
БУУ дезинформацияга каршы чараларды толугу менен колдойт, бирок бул чаралар пропорционалдуу, так аныкталган болуп, ашыкча жазаланбашы керек. Ошондой эле, алар жеке адамдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына коомдук кызыкчылыкты көздөгөн маалыматты берүүгө тоскоолдук кылбашы керек.
Келечектин саммиттинде эркин маалымат каражаттарынын ролу чектелбеши үчүн жетиштүү балансты табуу канчалык маанилүү экени да талкууланды. Бул контекстте мен сиздин көңүлүңүздү дүйнөлүк лидерлер, анын ичинде президент Жапаров Келечектин саммитинде кабыл алган алдыңкы Глобалдык санариптик келишимге бургум келет. Келишимде мүчө мамлекеттер санариптештирүүнүн жана жаңы технологиялардын потенциалын пайдалануу үчүн эл аралык кызматташтыкты тереңдетүүгө макул болушту. Глобалдык келишим эл аралык укукка жана адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерге негизделиши керек болгон чаралардын маанилүүлүгүн тастыктап, мамлекеттерди инклюзивдүү, ачык, туруктуу, адилеттүү, коопсуз жана ишенимдүү санариптик мейкиндикти өнүктүрүүгө үндөйт. Катышуучу мамлекеттер ачык жана коопсуз санариптик мейкиндик үчүн актуалдуу, ишенимдүү жана так маалыматка жетүү маанилүү экенин моюнга алышканын белгилей кетүү маанилүү. Алар эл аралык мыйзамдарга ылайык интернеттеги туура эмес маалымат жана жек көрүү сөздөрүн чечүү үчүн биргелешип иштөөгө милдеттеништи жана 2030-жылга чейин аткарылышы керек болгон конкреттүү милдеттенмелерди (анын ичинде санариптик сабаттуулук, коопсуз санариптик экосистемалар ж.б.) аныкташты.
Жыйынтыктап айтканда, мен бардык кызыкдар тараптарды — өкмөттү, жарандык коомду, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана эл аралык өнөктөштөрдү — сөз эркиндигине болгон укукту коргоону камсыз кылуу, ошондой эле жалаа жабуу, туура эмес маалымат жана мазактоо боюнча мыйзамдуу тынчсызданууларды жоюу менен конструктивдүү иштешүүгө чакырам. Биздин жалпы максатыбыз ачык дебаттарды колдогон, көз караштардын плюрализмин камсыз кылган, башкарууну жеңилдеткен жана туруктуу өнүгүү максаттарын жана 2030-жылга чейинки күн тартибин алдыга жылдырган укуктук базаны түзүү болушу керек.
БУУ Адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга ылайык талап кылынган зарылдык, өлчөмдүүлүк жана басмырлабоо тесттеринен өтүү үчүн укуктук негиздерге колдоо көрсөтүүгө даяр.
Бул тегерек стол Кыргызстанда адилеттүү жана тең салмактуу укуктук базанын калыптанышына өбөлгө болот деп ишенем.
Көңүл бурганыңыз үчүн рахмат.