БУУ Кыргыз Республикасында аялдардын укуктары боюнча жарандык диалогго үндөйт
12 март 2020
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 31-августунда Эгемендүүлүк күнүнө арналган «Ала-Тоо» аянтында айтылган сөзүндө, Кыргызстан улуттук проблемалар менен гана алек болбой, дүйнөлүк чакырыктарга туруштук берүү муктаждыгына туш болууда деп белгилеген. Ал мамлекеттин максаты - заманбап коомдо жана адамдык потенциалы менен эркиндик тарабынан кубатталган өнүккөн өлкөдө жашоо деп айткан. Ал ар бир жаран ыңгайлуу шартта жашаган жана эркиндик өнүгүү булагы болгон өлкөнү курууга чакырган.
Өзүнүн Европа Биримдигинде жана БУУнун Генералдык Ассамблеясында сүйлөгөн сөздөрүндө Президент чыныгы демократияны куруу оңой эмес экенин, бирок Кыргызстан элинин тандаган жолу өлкөнү өнүктүрүүдө демократия принциптерин тынымсыз күчөтүү, мамлекеттик башкарууда болсо ар бир адамдын муктаждыктарына көңүл буруу, укуктарды, эркиндикти жана коомдогу теңдикти камсыз кылуу деп белгилеген.
Кыргыз Республикасы 2020- жылдын июль айында Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруу боюнча өзүнүн Ыктыярдуу улуттук отчетун тапшырууну пландап жатат. Аталган отчетто басым жасалуучу негизги жетишкендиктер катары демократиялык консолидация, жарандардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн толук ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн мамлекеттик уюмдардын иштеши болот. ТӨМдүн негизги максаты – «Эч кимди артта калтырбоо» - мамлекеттин турмушуна бардык жарандарды тартуу, катыштыруу жана коомдун бардык бөлүктөрүнүн үнүн жеткирүүнү камтыйт.
Ошондуктан, Кыргыз Республикасында жакында байкалган ТӨМ максаттарын ишке ашырууну басаңдатуучу, аялдардын үнүн жана катышуусун, жарандык акцияларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн чектеген көрүнүнштөр БУУну абдан тынчсыздандырат. Бул үй-бүлөдөгү зомбулук, көтөрүмсүздүк, жек көрүү жана аялдардын топтору, активисттер менен жарандык уюмдарга каршы басмырлоо мисалдарынын көбөйүүсүнөн көрүнүүдө. 8-мартта тынч демонстрацияга чыккан аялдарга каршы беткапчан кишилердин тартип сактоо кызматкерлеринин көзүнчө аракеттери мунун баарынын кульминациясы болуп калды. Жыйынтыгында беткапчан кишилерди кармоонун ордуна, маршка чыккандар кармалып кетти.
Бардык жарандарды зомбулуктан жана зомбулук коркунучунан коргоону камсыз кылуу мамлекеттин жалгыз милдети эмес. Мамлекеттик органдар коркутуу жана зомбулуктун уюштуруучуларына чара көрө албаганда, коомдун пикиринде ал беткапчан кишилерди жана жек көрүүнү жаратып жаткандарды мамлекет колдойт экен деген ой пайда болушу ыктымал. Кыргызстандагы абалдын мындай чечмеленишине БУУ ишенгиси келбейт. Ошондуктан мамлекеттик органдардын мыйзамга ылайык ар бир жарандын, анын коомдогу макамынан көз карандысыз, корголушун камсыз кылуу эбегейсиз маанилүү.
Коомду кандай гана маселелер бөлүп, талаш жаратса да, алар зомбулук жолу менен эмес, талкуу жана диалог жолу менен гана чечилет. БУУ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин жана Өкмөтүн жарандар, мамлекеттик органдар жана коомчулук ортосунда маңыздуу диалог өткөрүү мүмкүнчүлүгүн түзүүгө чакырат. Аялдардан чыккан активисттер жана аларга каршы кандай топ болбосун, ар бири өз пикирин билдирүүгө укуктуу. Бирок, алар өз пикирин зомбулуктан, жек көрүүдөн жана көтөрүмсүздүктөн эркин абалда билдире алуулары абзел. Ушундай диалог аркылуу гана коомду түзгөн топтордун көп түрдүүлүгүн тааныган жана сыйлаган Кыргызстандын чыныгы жарандыгы түзүлөт. Биз Жогорку Кеңештин депутаттарын жана Өкмөттү диалогго шарт түзүү демилгеси менен чыгууга чакырабыз. БУУ мыдай диалогдорду колдоого дайым даяр.