Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө жана позитивдүү ой жүгүртүү
⠀⠀⠀
Биз Алексей Кравцов менен анын Нарын шаарына кезектеги иш сапарынын алдында жолугуша алдык. Алексей Нарынга медициналык мекемелердеги инфекциялык көзөмөл маселелерине байланышкан кырдаалды жеринде жакшыраак түшүнүү үчүн баратат. Алексей Кравцов Саламаттык сактоо министрлигинин инфекциялык көзөмөл маселелери боюнча штабында эксперт болуп иштейт. Ал ошондой эле тажрыйбасы бай эпидемиолог жана Африкадагы Эбола вирусуна каршы күрөшкө катышкан. БУУнун ВИЧ жана СПИД боюнча Бириккен Программасы (ЮНЭЙДС) баалоочу аспапты адаптациялоодо экспертке техникалык колдоо көрсөтүүдө.
Алексей түштүк аймагы боюнча иш сапарынан кайтып келдиңиз. Сапардын максаты тууралуу айтып берсеңиз:
Биз кесиптештер менен коронавирус пандемиясы маалында инфекциялык көзөмөлдү баалоочу аспапты даярдап чыктык. Бул аспап түрдүү илдет жайылган маалда медициналык кызматкерлерди коргоо жана алардын коопсуздугу боюнча иш-чараларды көзөмөлдөөгө жардам берет. Белгилей кетсем, бул баалоочу аспап биздин ооруканаларда кеңири жайылтуу үчүн колдонулбайт. Бизге медициналык кызматкерлер арасында COVID-19 диагнозу менен ооругандардын санынын көбөйүшүнө алып келген факторлорду ушул аспаптын жардамы менен чогултуп чыгуу маанилүү болчу. Бул дагы бир жагынан маанилүү – келечекте мындай кырдаалдын түзүлүшүнө жол бербөө зарыл.
Саламаттык сактоо системасы келечекте мындай кырдаалды болтурбоо үчүн укуругун узун таштап иш алып барууга тийиш. Көп жылдардан бери жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө жаатында иштеген адам катары сунушуңузду берсеңиз: азыртадан эмнелерди жасай башташ керек?
Менин баамымда, пандемиядан кийин бардык медициналык кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кыла алган системаны түзүшүбүз керек. Бул система бир нече деңгээлдерден турат: улуттук жана жергиликтүү деңгээлдер. Мындай кырдаалга биринчи жолу туш болуп жатканыбыз, кайсы бир жерлерде ката кеткени азыртадан эле белгилүү болуп калды. Көпчүлүк өлкөлөрдө медициналык система жүктү көтөрө албай, талкаланып жатканын көрүүгө болот. Биз бардык каталарга анализ жасап чыгып, азыр оңдошубуз керек болгон кемчиликтерди көрүп калдык.
Бул маектешүүнүн алдында биз өз окурмандарыбыздан суроолорду чогулткан элек. Ошол суроолордун бирин сизге узатайын: Эгерде адам коронавирус пандемиясынан кийин медициналык мекемелерге баруудан коркуп жатса, эмне кылышы керек?
Мен же менин жакындарым коронавирус илдетин жуктуруп алышы мүмкүн деген коркунуч бар болгону турган иш. Коркуу – бул кадыресе көрүнүш. Бирок ашыкча дүрбөлөңгө түшүү жакшылыкка алып келбейт. Психологдор адамдар менен иш алып барса болот. Адамдар өздөрү да расмий булактардан алынган, текшерилген маалыматтарды колдонушу керек. Медициналык мекемелерге барышы керек болгон адамдардын категориясы бар. Алар жөнөкөй эрежелерди сакташы керек. Алар: аралыкты сактоо, коомдук жайларда беткап тагынып жүрүү, колдорду тазалоо үчүн антисептикти колдонуу. Мына ушул сактык чаралары сизди жана жакындарыңызды оорудан сактай алат. Коркуп кереги жок.
Биздин окурмандарыбызга карантин чаралары жеңилдетилгенден кийин кандай кеңештерди бересиз?
Бардык карантин чектөөлөрү алынгандан кийин биз бир нерсени так түшүнүшүбүз керек: вирус жок болуп кетпейт, ал биздин арабызда эле жүрө берет. Вирусту жуктурган жаңы учурлар боло берет, бирок азыркыдай масштабдуу деңгээлде болбойт. Биздин жоопкерчилигибизден көп нерсе көз каранды. Ден соолугуңузга көз салып туруңуз. Эгерде өзүңүздө же жакын адамдарда респиратордук оорунун белгилерин байкасаңыз, анда үй шартында дарыланбастан, дарыгерге кайрылышыңыз керек. Буга кошумча ооруп калсаңыз жумушка чыкпаңыз же эч кимди конокко чакырбаңыз.
Балдарды бала бакчага же мектепке жиберүү кооптуу эмеспи? Дайыма беткап тагынып, колдорду тазалап, окуучулар ортосундагы аралыкты сакташ керекпи?
Албетте, чектөөлөр алынгандан кийин балдарды бакчага жана мектептерге жиберсе болот. Беткапты коомдук жайларда гана тагынып жүрүш керек. Дайыма эле беткап тагынып жүрүүнүн зарылчылыгы жок. Колду тазалоо тууралуу айтсам, бул – коронавирустан гана эмес, башка илдеттерден да коргогон жакшы чара. Караңызчы, адамдар колдорун тез-тез жууп калгандан бери ичеги-карын илдеттеринин саны кескин азайды. Бул практиканы мындан ары да уланта бериш керек.
Алексей, жоопторуңуз үчүн рахмат. Сиз менен маектешүү абдан кызыктуу болду. Сөз соңунда биздин окурмандарга каалоо-тилегиңизди айтып койбойсузбу?
Маанайыңар чөкпөсүн, дүрбөлөңгө түшпөгүлө. Кайгы узакка созулчу депрессияга жол ачат. Бул болсо организм жана иммундук система үчүн кооптуу. Мындан ары да жашоону улантып, иштеп, билим алып, балдарды тарбиялай бергиле. Бул жерде эң негизгиси – жакшы нерселерди гана ойлогула. Позитивдүү эмоциялар биздин иммундук системаны колдоп, көптөгөн ооруларга каршы турат.