Дарыгер үчүн негизги мотивация – бейтаптардын саламаттыгы
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Үй-бүлөлүк медицина борбору өлкөдөгү ири борборлордун катарында турат.
Күн сайын түрдүү адистиктеги 74 медициналык кызматкер Сузак районунда жана анын чегинде жашаган бейтаптарды кабыл алуу үчүн ишке чыгышат.
2010-жылдын октябрь айынан бери Сузак районунун Үй-бүлөлүк медицина борборун Орунбаева Замира Чоюбековна жетектеп келатат.
Замира Чоюбековнанын эртең мененки иши башка жетекчилердей эле борбордун аймагын кыдырып чыгуудан, дарыгерлердин кабинеттерине баш багып, күнүмдүк тапшырмаларды берүүдөн башталат. Замира Чоюбековнанын айтымында, бүгүнкү күндө ҮМБнын директору – бул кризис-менеджер катары туруктуу иштеген, бир эле маалда көптөгөн маселелерди чечкен жетекчи. Бул маселелер: кадр тартыштыгы, бейтаптардын даттануулары жана өтүнүчтөрү, медициналык персоналды зарыл болгон жабдуулар, коргонуучу каражаттар менен камсыз кылуу.
“Күн сайын оңой эмес, кээде катаал чечимдерди кабыл алышым керек. Кимдир бирөөгө бул жагат, башкасына жакпайт. Бирок жетекчи болуу, болгондо да аял жетекчи болуу оңой эмес. Бул жерде иш-аракеттериң ырааттуу болуп, бейтаптарга да, жамаатыма да пайдалуу чечимдерди кабыл алуу өтө маанилүү”.
Өлкөдөгү коронавирус илдети биринчи жолу Сузак районунда катталган. Замира Чоюбековнанын айтымында, оору катталган алгачкы апталарда дем алышсыз, майрам күндөрү иштөөгө, жумушта түнөөгө туура келди:
“Биз башка өлкөлөрдөн келгендердин баарын “Тез жардам” кызматы менен кошо тосуп алып жаттык. Келгендерге үй карантиндин шарттарын түшүндүрүп, туугандары менен сүйлөшүп, күн сайын медициналык байкоо жүргүзүп турдук. Биздин структурада 20 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 32 фельдшердик-акушердик пункт бар. 2020-жылдын 4-мартынан 2-майына чейинки мезгил аралыгында чет өлкөдөн 378 адам келди. Эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө контакт болгон 5278 адам аныкталды. Булардын баары биздин медициналык көзөмөлүбүздө болчу. Бардык дарыгерлерге оор жүк түштү, кууш адистиктеги дарыгерлерди контакт болгон адамдарды текшерүүгө жиберип жаттык. Эки ай бою Үй-бүлөлүк медицина борбору бейтаптарды кабыл алган жок. Ошондуктан медицина кызматкерлери муктаждардын баарына дары-дармектерди үйүнө жеткирип турду. Мисалы, кургак учук менен ооруган, ВИЧ менен жашаган, кант диабети бар адамдар жардамга муктаж да”.
Замира Чоюбековна көпчүлүк дарыгерлер бала кезинде эле бул кесипти тандап алаарын айтты. Адамдар дарыгерлерге ишенишет, ак халатчан адам аларга жардам берсе, тез арада сакайып кетет деп ойлошот. Дарыгерлер үчүн мына ушул – башкы мотивация. Бирок дарыгерлер өз ишинде дагы эле көп кычйынчылыктарга туш болууда. Жаңы вирус менен күрөшүү үчүн алар өз потенциалын жогорулатуунун үстүнөн тынбай иштеши керек. Кээде бейтаптардын ишенбегени дарылоонун ийгиликтерин чектеп коёт. Бул нерсе пандемиянын баштапкы учурунда билинди. Замира Чоюбековна пандемиянын сабактары өкмөттүн көңүлүн саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөргө буруп, ошондой эле медициналык кызматкерлердин айлык акысын жогорулатат деп ишенет. “Дарыгерлердин тартыштыгына күбө болдук, эпидемия дарыгерлер дайыма алдыңкы катарда турган жоокерлер болгонун көрсөттү”, - дейт Замира Чоюбековна.
Сузак районундагы ҮМБ мультидисциплинардык ыкма практикасы колдонулган, ВИЧ жана СПИД боюнча кызмат көрсөтүүлөр децентралдаштыруу системасы аркылуу ишке берилген пилоттук борборлордун катарына кирет. Бул борбордо ВИЧ менен жашаган адам саламаттык сактоонун баштапкы чынжырынын деңгээлинде бардык кызмат көрсөтүүлөрдү ала алат. Замира Чоюбековна ҮМБнын базасында МДК түзүүнүн демилгечиси болгон. Атүгүл катаал карантин маалында да ВИЧ менен жашаган, борбордо каттоодо турган бардык адамдар дарыларды үзгүлтүксүз алып тургандай кылып команданын ишин уюштура алган.
БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен программасы (ЮНЭЙДС) пилоттук 10 ҮМБда медициналык кызматкерлерге колдоо көрсөтүп келатат. ЮНЭЙДС мультидисциплинардык командаларга техникалык жана финансылык колдоо көрсөтүүдө. Бул иштер ВИЧ/СПИДге, башка жугуштуу ооруларга каршы туруу багытында Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнө техникалык жардам берүү боюнча орусиялык программанын алкагында жасалууда. Долбоорду “Аракет плюс” коомдук фонду жүзөгө ашырып келатат.