18-март күнү Кыргызстандагы медресе окуучуларынын жарандык иденттүүлүгүнүн калыптануусунда диний билим берүү мекемелеринин ролу деген изилдөөнүн презентациясы өткөрүлдү
19 март 2021
Презентациянын ачылыш аземинде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директоронун орун басары Мирлан Абдылдаев изилдөөнүн темасы азыркы учурда өтө актуалдуу экендигин белгилеп кетти.
“Өзүнүздөргө белгилүү болгондой, азыр диний билим беруу өнүгүү жолунда бара жатат. Ушул жолдо абдан көп бир тоскоолдуктар же кандайдыр бир кыйынчылыктар болуп турат. Ошого байланыштуу биздин борбор биздин эксперт жана өнөктөштөр менен, окуу уюмдарынын өкүлдөрү менен, муфтият, медреселердин жетекчилери жана мугалимдери баары биргеликте атайын изилдөө өткөзүп, бүгүн жыйынтыгын чыгарып, презентация кылалы деп максаттарын коюп жатышат. Бүгүнкү презентациянын жыйынтыгы менен жакшы бир чечим кабыл алууга жол түзүлүп жатат деп мен так айтсам болот. Изилдөөгө сунуш пикирлер болсо, ушул жерден ачык-айрым айтып берсенер, кийинки иш чараларбызды уюштурганга чон жардам болот эле”, - деди ал.
Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмүнүн окүлү Улзийсурэн Жамсран откорулгон изилдөө инновациялык болгондугун атап өтту.
“Постсоветтик мейкиндиктеги академиялык чөйрөдөгү "жарандык иденттүүлүк" түшүнүгү 90-жылдардын башында эле субъект катары көтөрүлө баштаган. Ал эми жалпы билим берүү чөйрөсүнө иденттүүлүк түшүнүгү жакында гана киргизиле баштады. Демек, бул изилдөө жана изилдөөнүн курамына кирген медреселердин ачыктыгы бизди жаңы диалог курууга мүмкүнчүлүк бар экендигин дагы бир жолу көрсөтүп турат. Ошол себептен бул изилдөө инновациялык болду деп айтсам жанылышпайм. Бул изилдөөнүн дагы бир жакшы жагы – адамдын өзүн толугу менен жүзөгө ашыруусунун жана толук кандуу ийгиликтүү жашоосунун негизи катары Кыргызстанда жарандардын идентүүлүгүн өркүндөтүү жана инсан катары өсүшү үчүн Кыргызстанда диний билим берүү мекемелери менен биргеликте диалогдорду өткөрүү жана иш аркеттерди иштеп чыгуу абдан маанилүү”, - деди ал.
Изилдөө медресе окуучуларынын өздөрүн «кыргыз жараны» катары идентификациялоосун талдоо, ага болгон медреселердеги окуу-тарбиялык процесстердин таасирин аныктоо, медреселердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу социалдык-экономикалык, материалдык-техникалык шарттарын жана алардын окуучулардын өзүн-өзү идентификациялоосуна таасир берүү ыктымалын изилдөө сыяктуу милдеттемелерди алдына коюп, республикалык масштабда эл аралык стандарттарга таянуу менен социалдык-инклюзивдүүлүк, гендердик сезимталдуулук ыкмалары аркылуу жүргүзүлдү.
Сурамжылоо республикалык масштабга ээ болуп, республиканын баардык 7 аймагында жана Бишкек менен Ош шаарларында жүргүзүлдү. Жалпысынан 55 медресени камтып, медресенин жетекчилиги жана мугалимдери менен 72 эксперттик интервью, окуучулар арасында 751 сурамжылоо жүргүзүлүп, медресенин инфраструктурасы боюнча 61 байкоо карточкасы толтурулду.
Изилдөөнүн натыйжалары диний билим жана тарбия контекстинде кыздар жана эркек балдар арасында жарандык билимдин баалуулуктары кандайча калыптанып жаткандыгын жана ал окуучулардын социалдык, экономикалык, саясий жана башка тармактарда чечим кабыл алуусуна кандай таасир берээрин аныктоого мүмкүнчүлүк берди. Ошондой эле, аял жана эркектердин ой жүгүртүүсү жана алардын жүрүм-турумунун үлгүлөрү, диний окуялардын призмасы аркылуу рационалдаштырылганы дагы аныкталган. Жыйынтыгында, изилдөөнүн натыйжалары диний билим берүүнү стандартташтыруу, медресе окуучуларынын коомго социалдык интеграцияланышы жана экстремисттик идеологияны алдын алуу менен байланышкан социалдык-инклюзивдик, гендердик сезимталдык, адам укуктары жаатындагы саясатты жана программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу үчүн колдонулат.
Маалымдама: Бул изилдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2022-жылдарга карата Экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү программасынын жана Бириккен Улуттар Уюмунун “Зордук-зомбулук менен коштолгон экстремизмди алдын алуу үчүн инклюзивдик башкаруу жана сот адилеттигинин системасы” долбоорунун алкагында ишке ашырылды. БУУнун Тынчтык орнотуу фонду тарабынан каржылоонун алкагында БУУнун Аялдар түзүмү, Диний кырдаалды изилдөө борборунун кызматкерлеринин кесиптик дараметин жогорулатуу үчүн тренингдерди уюштуруп, социалдык-инклюзивдик жана гендердик-сезимталдык мамиле менен изилдөө жүргүзүүгө жана масштабдуу изилдөө жүргүзүү үчүн керектүү материалдык жана техникалык колдоо көрсөтүлдү.