Пресс-релиз

Кыргызстан БУУӨП жана Япониянын Өкмөтүнүн колдоосу менен электрондук өкмөткө карай дагы бир кадам жасады

06 февраль 2018

6-февралда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, БУУ тутумунун Туруктуу Координатору/БУУӨП Туруктуу Өкүлү Озонниа Ожиело мырза жана Япониянын КРдеги өкүлү Улуу Урматтуу Ёсихиро Ямамура мырза Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына 16 ыкчам комплексти (автомашинелерди) өткөрүп берүү аземине катышты. Атайын жабдуулары бар бул автомашинелер Мамлекеттик каттоо кызматынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жна ыкчамдуулугун арттырууга көмөктөшөт.

Ыкчам комплекстер БУУӨПтүн «Электрондук өкмөт» тутумун түзүү үчүн Калктын бирдиктүү мамлекеттик регистрине колдоо көрсөтүү» долбоорунун алкагында иштелип чыккан электрондук өкмөт тутумунун маанилүү бөлүгү болуп саналат жана Калктын бирдиктүү мамлекеттик регистрин (КБМР) өркүндөтүүгө салымын кошот. Долбоор Мамлекеттик каттоо кызматына анын каттоо функцияларын кеңейтүүгө, жарандарга тез, сапаттуу жана заманбап кызмат көрсөтүлүшүнө, коррупциянын деңгээлин азайтууга жана электрондук өкмөттүн негиздерин калыптандырууга жардамдашууга багытталган.  

«Бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматы «Электрондук өкмөт» тутумун түзүү үчүн Калктын бирдиктүү мамлекеттик регистрине (КБМР) колдоо көрсөтүү» долбоорунун алкагында заманбап жабдууларга ээ болду. Баарыбызга белгилүү болгондой, жалпы өлкө боюнча азыркы тапта «Таза коом» улуттук программасынын алкагында 363 маалыматтык күркө иштеп жатат, алар ачылгандан баштап 70 миңден ашуун жаранга кызмат көрсөтүштү. Өлкөнүн эң алыскы аймактарында жашаган адамдарга толук кандуу мамлекеттик кызматтан пайдалануу жеткиликтүү болушу үчүн МКК бүгүн ыкчам комплекстерге ээ болуп отурат», - деди Сапар Исаков.

Япониянын Элчиси Ямамура мырза Япония Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жетишкен мезгилден тартып демократиянын жалпы баалуулуктарын тең бөлүшуп келе жаткандыгын жана бул долбоор Япониянын философиясын камтый тургандыгын баса белгиледи. Ал былтыр тынч жол менен бийлик алмашкандыгын баалап, бул долбоордун натыйжалары өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жардамдашаарына үмүт арта тургандыгын билдирди.

«БУУӨП Электрондук өкмөттүн  2030-жылга чейинки мезгилдеги туруктуу өнүгүү жана туруктуу өнүгүү жаатындагы 17 максат чөйрөсүндөгү күн тартибин ишке ашыруу үчүн натыйжалуулугун белгилөө менен аны артыкчылыктуу багыт катары карайт. Электрондук өкмөт отчет берип туруучу жана транспаренттүү институттарга колдоо көрсөтүү жолу менен комплекстүү саясат жүргүзүүгө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү ишке ашырууга көмөктөшө алат. Кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугу жарандардын бардыгы үчүн сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүү болушу жана социалдык адилеттүүлүк менен айкалышып турушу зарыл. Ошондо гана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар иш жүзүндө мамлекеттик секторду туруктуу өнүгүүнүн шайманына айландыра алат», - деди Ожиело мырза азем учурунда сүйлөгөн сөзүндө.

 

* * *

БУУӨП коомдун бардык деңгээлиндеги адамдар менен кызматташып, бардык адамдардын жашоо-шартын жакшыртууга алпара турган өсүүнү колдоо менен кризиске туруштук бере ала турган улуттарды калыптандырууга жардам берет. Жер планетасындагы дээрлик 170 өлкө менен аймактарда биз адамдардын тең укуктуураак жашоосуна көмөктөшкөн жана мамлекеттердин туруктуулугун жогорулаткан глобалдык көз караш менен локалдуу чечимдерди сунутап келе жатабыз.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар