Пресс-релиз

Региондогу беш өлкөдөн дарыгерлер, психологдор, ВИЧ-инфекциясы бар балдарга жардам көрсөтүү маселесинде өз потенциалын жогорулатышты

06 июль 2018

Бүгүн СПИД борборлорунун педиатрлары, социалдык кызматкерлери, психологдору үчүн эл аралык илимий-практикалык семинар өз ишин жыйынтыктады. Бул семинар ВИЧ-инфекциясы бар балдарды дарылоо, аларга кам көрүү жана колдоо маселелерине арналды. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Республикалык “СПИД” борборунун, БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жана БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча Бириктирилген Программасынын (ЮНЭЙДС) колдоосу алдында өттү.

Семинарга Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Беларустан, Орусия Федерациясынан дарыгерлер, психологдор жана социалдык кызматкерлер катышты. Алар ВИЧ менен жашаган балдарды колдоо боюнча Ассоциацияда (CHIVA) жана СПИДди дарылоо боюнча Европалык педиатрлар түйүнүндө (PENTA) иштеген кесиптештери менен региондогу ВИЧ-илдети менен жашаган балдардын оор, клиникалык кырдаалдарын биргелешип талкуулашты. Семинардын катышуучулары стигма менен басмырлоо көрүнүштөрүн болтурбоо маселесин талкуулашып, өздөрүнүн иш тажрыйбасы менен бөлүштү.

Семинардын ачылышында сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Чечейбаев Эркин Маратович буларды белгиледи: “Мындай форматтагы эл аралык иш-чараны Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен алгачкылардан болуп  өткөрүп жаткан Кыргызстан үчүн боордош мамлекеттерден кадырлуу конокторду тосуп алуу чоң сыймык. ВИЧ-илдетине каршы туруу ишинде ачык болгонубузду жана саясий зиректигибизди көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бизге региондогу эпидемияны биргелешип жеңе алабыз деген үмүт берүүдө”.

Статистика көрсөткөндөй, 2016-жылы Европа регионунда ВИЧти жуктуруп алган 153 миңден ашуун жаңы учур катталган. 18% Батыш Европага, 3% Борбордук Европадагы өлкөлөргө жана 79% Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнө туура келет.

Семинар менен кошо ВИЧ-инфекциясы менен жашаган балдар жана өспүрүмдөр үчүн алгачкы Борбор азиялык лагерь-форуму да өттү. Форумга Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана Беларустан 50дөн ашуун өспүрүм катышты. Алар өз статусун  кабыл алуу жана дарыланууга багыт алуу боюнча беш күн бою ата-энелер, психологдор, социалдык кызматкерлер менен чогуу иш алып барышты.

“Биз Форумдун кенже катышуучуларын жана алардын ата-энелерин тосуп жатканыбызга кубанычтабыз. Убакытты пайдалуу өткөрүп, түрдүү өлкөлөрдөн курдаштар менен достошуп, башка өспүрүмдөргө стигма жана басмырлоо менен күрөшүүгө жардам берип, баарыңар бириге аласыңар деп үмтөтөбүз. Улуу муундун өкүлдөрүнө болсо жемиштүү иш каалайм. Биз жалпы күч-аракетибизди бириктирген учурда гана ВИЧ-инфекциясы эпидемиясын жеңе алаарыбызды эсибизден чыгарбайлы”, - деп айтты ЮНЭЙДСтин Кыргызстандагы өлкөлүк директору Мээрим Сарыбаева.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясы менен жашаган 600дөн ашуун өспүрүм каттоодо турат. Аларга каршы стигма жана басмырлоо жогорку деңгээлде кала берүүдө. Ошондуктан ата-энелер жана дарыгерлер, психологдор жана социалдык кызматкерлер бул өспүрүмдөргө канткенде натыйжалуу жардам берсе болоорун билгени өтө маанилүү.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ЮНЭЙДС
АИВ/ЖИКС боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун бириктирилген программасы
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар