Пресс-релиз

«БУУнун Аялдар» түзүмү Өкмөтүнүн Аппаратына «Сууну акыйкаттуу пайдалануу – туруктуу жамааттардын түзүүнүн негизи» доолбоорунун натыйжалары жөнүндө маалымат берди

20 август 2018

Кыргыз Республикасынындагы «БУУнун Аялдар» түзүмүнүн өкүлүГеральд Гюнтер, жакында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы - Асанкулов Женишбек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары - Байдылдаев Мурат жана Өкмөттүн коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн эксперти - Ильязов Нурбек менен Өкмөт үйүндө жолугушту.

Жолугушуунун максаты «Сууну акыйкаттуу пайдалануу – туруктуу жамааттардын тузуунун негизи» доолбоорунун алкагында чыгарылган билим материалдарын расмий түрдө өткөрүп жана натыйжалары жөнүндө маалымат берүү болгон. Өкмөттүн расмий өкүлдөрү «БУУнун Аялдар» түзүмүнүн долбоорду ишке ашырууда практикалык ыкма колдонуусу, ар кандай денгээлдерде мамлекет менен өнөктөшүүсү, «Аймак» электрондук өкмөт системасындай үлгүлүү жана мамлекеттик стратегияга шайкеш өнүмдөрдү чыгаруусу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Асанкулов Женишбек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы, «Аймак» системасын баардык айыл өкмөттөрүнө жайылтуунун маанилүүлүгүн жана «Аймак» мамлекеттик чоң маалымат стратегиясы «Түндүктүн» баштапкы маалыматтарды башкаруу куралы болушуна зор мүмкүнчүлүккө ээ экенин баса белгиледи. «Аймак» системасы, 2018-жылы бир нече жолу жакшыртылып, Аймактарды өнүктүрүү жылында карата, жергиликтүү электрондук башкарууга убактылуу салымын кошту. «БУУнун Аялдар» түзүмүнө БУУнун Тынчтыкты куруу фонду каржылаган жаңы долбоорлорунун алкагында «Аймак» системасын пайдалануусу жөнүндө сураныч түштү. «БУУнун Аялдар» түзүмү бул өтүнүчкө макул болуп, Өкмөттүн Аппаратын «Аймактын» географиалык жана тематикалык көлөмүн кеңейтүү жөнүндө сунуштарын берүүгө чакырды.

«БУУнун Аялдар» тузуму Жалалабад Айылдык Консультациялык Кызматы менен өнөктөштуктө «Аярлуу топторудун жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануусу аркылуу жашоо-турмушун жакшыртуу» долбоорун 2015-жылдын октябрь айынан 2018-жылдын июнь айына чейин ишке ашырды. Долбоор Кыргыз Республикасында жана Тажикстанда ишке ашырылып келген жана FINWATERWEI II программасынын бир бөлүгү болуп саналат. Финляндия Өкмөту программасын башкарууда Финн Айлана-чөйрө Институту (SYKE) аркылуу иштейт.

Кыргыз Республикасынын үч облусунун жети аймагында ишке ашырылган доолбоор аярлуу аялдардын, эркектердин жана балдардын жашоо-турмушун сууну үй чарбада натыйжалуу пайдалануусу жана суу ресурстарын адилеттүү коомдук башкаруусу аркылуу жакшыртууга багытталган. Түздөн-түз натыйжа катары долбоор Кыргызстандын жети аймагында 18000ден ашуун суу колдонуучуга, анын ичинде 3000 аярлуу топтун мүчөлөрүнө суугат сууга жеткиликтүүлүгүн жакшырты. Долбоордун дагы бир маанилүү жана негизги максаты бул: жергиликтүү өз алдынча башкаруу, Суу Пайдалануучулардын Ассоциациясын, мектептерди жана аярлуу аялдарды бириктирип сугат сууга жеткиликтүүлүктү биргелешип башкаруу аркылуу камсыз кылган жаңы моделин иштеп чыгуу болуп саналат.

Доолбор «БУУнун Аялдар» түзүмүнүн өз алдынча башкаруу органдардын калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган жана борбордук өкмөт тарабынан электрондук башкаруу системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп каралып жаткан «Аймак» электрондук маалыматтык-башкаруу системасын жакшыртууга салымын кошкон.

Долбоор орто мектеп окуучулардын жашоо деңгээлин жана жашоо тиричилик көндүмдөрүн жакшыртууга, бойго жете элек өспүрүмдөрдүн никелешүүсүн алдын алууга жана үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту азайтууга басым кылат. Доолбор жаштарга миграцияга карата айыл-жергесинде экономикалык жактан жагымдуу жана туруктуу альтернативаларын сунуш кылат.

Долбоордун ийгилигинин сыры бул «БУУнун Аялдар» түзүмүнүн көп өнүгүү өнөктөштөрдөн айырмаланган долбоорду түздөн-түз өзү ишке ашыруу философиясы болгон. «БУУнун Аялдар» түзүмү жарандык коомдун жана жеке сектордун артыкчылык кызмат көрсөтүүсүнө талап коюп, өзүнүн кызматкерлери салыштырмалуу артыкчылыкка ээ жерлерде долбоорлорунун кээ бир компонентерин өз күчү менен ишке ашырганы аракет кылат. Бул ыкма «БУУнун Аялдар» түзүмү доолбордун сапатуулугун жана мамлекеттик жана коомдук уюмдар менен түздөн-түз кызматташуу аркылуу долбоордун ийгилигин  камсыз кылуу үчүн долбоорду ишке ашырууда толугу менен катышып келгени - бирден бир өзгөчүлүгү болуп эсептелет. Туруктуу өнүгүү үчүн долбоордо катышкан жамаатардагы жергиликтүү өнөктөштөрдү биргелешкен жумушка тартуу жана кызматташтык менен байланыштарды күчөтүү - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын функционалдуу кылат.

Долбоордун алкагында жети айыл аймактарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Суу Пайдаланучуулардын Ассоцияцияларынын (СПА) жана жергиликтүү жамааттардын ортосунда кызматташтык төмөндөгүдөй иш-чаралар аркылуу бекемделген:

•         жети жергиликтүү жамааттарда «Аймак» электрондук маалыматтык-башкаруу тутумун ишке киргизүү

•         суу пайдалануучуларды эсепке алуу жана электрондук суу ресурстарын башкаруу боюнча Суу Пайдаланучуулардын Ассоцияциялары (СПА) үчүн электрондук маалымат системасын алты СПАда ишке киргизүү

•         орто мектеп окуучулары үчүн “Менин Коопсуз жана Бейпил Мектебим”, «Менин Кирешелүү Чарбам» кошумча билим берүү курстарын киргизүү

•         жамааттарды өнүктүрүүгө катышуу, экономикалык абалын жана мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн аярлуу аялдардын арасында өзүн-өзү жардам берүү топторун түзүү

•         бирдей мүмкүнчүлүктөр, суу ресурстарын акыйкатту жана натыйжалуу пайдалануу жана башкаруу жөнүндө жергиликтүү жашоочулар арасында мектеп окуучулардын демилгелерин ишке ашыруусун колдоо

•         СПАлардын акыйкаттуу жана өз убагында суу пайдалануучуларга, анын ичинде  аярлуу топтордун мүчөлөрүнө суу жеткирүү боюнча чакан демилгерин колдоо

•         жети аймактагы 13 мектепте cуу, санитария жана гигиена шарттарын жакшыртуу үчүн мектептердин демилгелерин колдоо

Өткөрүп берилген билим материалдары:

  1. «Менин Коопсуз жана Бейпил Мектебим» колдонмосу (кыргыз, өзбек, орус тилдеринде)
  2. «Менин Кирешелүү Чарбам» колдонмосу (кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде)
  3. «Аймак» электрондук башкаруу системасы жана иштетүү колдонмосу
  4.   СПАнын электрондук суу башкаруу системасы
  5.   СПА жана cуу, санитария жана гигиена жөнүндө маалымат баракчалары
  6.   Долбоор боюнча отчеттор.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар