Пресс-релиз

Кыргызстанда Акыйкатчы (Омбудсмен) кызматына кеңири жана ачык-айрым тандоону камсыздоо зарыл

06 сентябрь 2018

БИШКЕК. Борбордук Азия үчүн БУУ адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын (АУЖКБ) регионалдык бөлүмү Кыргызстандын парламенттик фракцияларын Акыйкатчыны тандоодо талапкерлердин адам укуктары жаатындагы квалификациясы менен иш тажрыйбасын толук кандуу эске алууну камсыздоого чакырат. 

Кубат Оторбаевдин 2018-жылдын июнунда отставкага кеткендигине байланыштуу Кыргызстанда кийинки беш жылга өлкөнүн укук коргоо мекемесин жетектөө үчүн жаңы Акыйкатчынын шайлоосу өткөрүлөт. Кыргызстандын бардык парламенттик фракциялары үчкө чейин талапкер көрсөтүп, андан соң парламент Акыйкатчыны көпчүлүк добуш менен тандайт. Анткен менен бул процессти жөнгө салуучу мыйзамда Акыйкатчы болууга ылайыктуу талапкерди аныктоо тартиби жөнүндө парламенттик фракциялар менен аларга караштуу түзүмдөр үчүн аз эле көрсөтмөлөр камтылган.

«Акыйкатчы кандай жол менен тандала тургандыгы мекеменин болочок багыты менен күчү кандай болоору үчүн мааниси чоң болоор. Кыргызстан бул олуттуу учурду Акыйкатчыны баардык кызыккан тараптардын катышуусу менен, кеңири жана ачык-айрым процесстин алкагында шайлап алуу үчүн колдонуп алышы керек», - деди Борбордук Азия үчүн АУЖКБ регионалдык бөлүмүнүн жетекчиси Ришард Коменда мырза.

2012-жылдын мартында Улуттук Укук коргоочу Мекемелердин Дүйнөлүк Альянсы Кыргызстандын Акыйкатчы институтун эл аралык стандарттарга (Париж Принциптери деп аталган) жарым-жартылай шайкеш келет деп тааныган. Ошол эле учурда тынчсыздануу жараткан башка маселелердин ичинде Акыйкатчы менен анын орун басарларынын кызматына вакансиялары кеңири чагылдырылбаганы  да белгиленген.

Париж Принциптерине ылайык плюрализмди камсыздоочу процесс өзүнө бардык дараметтүү талапкерлерди, анын ичинде аялдар менен азчылыктардын өкүлдөрүн толук камтуу максатында вакансияларды кеңири чагылдырууну камтымакчы. «Мындай процесс Кыргызстандын Акыйкатчы кеңсесинин көз карандысыз болушуна жана адамдардын ага ишеними артышына көмөкчү болот», - деп белгиледи Р.Коменда.

 

Кененирээк маалыматты жана ЖМК суроолоруна жоопторду Петер Надерер мырзадан алса болот: (+996 770 70 10 36 / pnaderer@ohchr.org)

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ АУЖКБ
Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар