Пресс-релиз

Кыргыз Республикасына COVAX алкагында AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы келди

30 июль 2021

2021-жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасына COVAX механизми алкагында коронавирус инфекциясына каршы 226 миң 560 доза AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы келди.

8O7A7227

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жүктү кабыл алуу учурунда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө жана COVAX механизмине катышкан өлкөлөрдүн Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө өлкөгө акысыз көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

8O7A7208

«Эпидемияга даярдыкты камсыздоодогу инновациялар үчүн коалициясынын бардык катышуучу өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнө, Вакцинация боюнча Глобалдык Альянска жана ЮНИСЕФ, ошондой эле COVAX механизмине катышкан өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиргим келет. Өлкө жетекчилиги коронавирус инфекциясына каршы калкты вакцинациялоого приоритеттүү маани берет, бул өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртууга, оорунун деңгээлин кыскартууга, экономикалык ишмердүүлүк үчүн жагымдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, окуу процессин салттуу формада жандандырууга мүмкүндүк берет. Мен жарандарды коронавирус инфекциясына каршы эмдөөгө чакыргым келет, эмдөө сизди жана жакындарыңыздын ден-соолугун коргойт», – деди Жылдыз Бакашова.

8O7A7283

Она выразила готовность Кабинета Министров Кыргызской Республики к дальнейшему тесному сотрудничеству с международными партнерами для достижения общих благих целей.

COVAX механизми COVID-19 каршы вакциналарга бирдей жана акыйкат жеткиликтүүлүгүн камсыздоону колдоого алат, бул пандемияны токтотуунун маанилүү шарттарынан болуп саналат деп белгиледи Кыргызстандагы БУУ тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиело. «COVAX глобалдык демилгесинин бөлүгү катары саналган ЮНИСЕФ жана ДСУ, ошондой эле өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөрдүн биргелешкен күч-аракетине жараша, биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн өлкөгө вакцина жеткирүү ишинде колдой алдык. Эми ар бири туура чечим кабыл алуусу керек: вакцинация кылуу менен биз жакындарыбыздын өмүрүн сактап жана COVID-19дан коргоп калууга жардам беребиз», – деди ал. 

8O7A7312

Европа биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр белгилегендей, COVAX механизми аркылуу берилген вакциналар өлкөдө жүрүп жаткан вакцинация кампаниясына олуттуу көмөк көрсөтөт. 

«Кыргызстандагы эмдөөлөрдүн көрсөткүчтөрү жакшырып жаткандыгына кубанып жатабыз жана бул вакцинанын партиясы менен өнөктүк иши мындан да ийгиликтүү болот деп ишенебиз. Бул биринчи гана этап, анткени биз жалпы 2,6 млн дозаны жеткирүүнү көздөп жатабыз, бул кыргызстандыктардын 20% вирустан коргоого жардам берет. Көпчүлүк донорлор колдоого алган COVAX программасы жок болсо, мунун бардыгын ишке ашыруу мүмкүн болмок эмес, анын ичинде Европа Биримдигинин 1 миллиард евро салымы бар», – деди Эдуард Ауэр. 

8O7A7335

Маалымдама:

Кыргыз Республикасына COVAX механизми алкагында апрель айынан июль айына чейин жалпысынан 2 млн 617 миң шприц жана коопсуз утилизациялоо үчүн 25 миң 800 бокс алынып келинген. Мындан тышкары, ЮНИСЕФтин негизги фонддорунун жана GAVI муздаткычтар чынжырча жабдууларын оптималдаштыруу платформасынын колдоосу менен улуттук муздаткычтар чынжырын чыңдоо үчүн август айында вакциналар үчүн тоңдуруучу камералардын жана 86 аралаш муздаткычтын келүүсү күтүлүүдө.

COVAX – COVID-19 каршы вакциналардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча Глобалдык механизми 172 өлкөнү камтып, бир нече келечектүү вакциналар үстүндө иш алып барууда. COVAX Глобалдык механизминин донорлору болгон өлкө Өкмөттөрү: Австралия, Басков Өкмөтү, Бутан, Канада, Каталония Өкмөтү, Колумбия, Эстремадура Региону, Исландия, Япония, Корея, Кувейт, Лихтенштейн, Маврикий, Мексика, Монако, Жаңы Зеландия, Норвегия, Оман, Филиппин, Катар, Сауд Аравия, Сингапур, Швейцария. Европа өлкөлөрү, анын ичинде: Австрия, Бельгия, Хорватия, Дания.

 

Алмаз Жумалиев

Алмаз Жумалиев

ДССУ
Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду
ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилгеге катышкан башка түзүмдөр

GAVI
GAVI, the vaccine alliance

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар