Пресс-релиз

БУУ Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомуна өзгөчө кырдаал учурунда пайдаланылчу чогултма үйлөрдү бермекчи

27 март 2019

Бишкек, Кыргыз Республикасы, 2019-жылдын 26-27-марты - БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы (КЖКБ) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жалпы наркы 78,000 евро болгон 72 комплект, ал эми Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым ай коомуна жалпы наркы 65,700 евро болгон 60 комплект чогултма үйдү расмий түрдө өткөрүп берди. Андан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Кызыл Жарым ай коомунун кызматкерлери үчүн аталган үйлөрдү чогултуу боюнча эки күндүк тренинг өткөрүүдө.

Бул акысыз жардам табигый кырсыктарга даяр турууну жана аларга өз убагында жооп кайтарууну камсыздоо үчүн кызматташтыкты бекемдөө жана координациялоо максатында Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо  боюнча топ (ӨКЖКТ) аркылуу ишке ашырылган. Аталган координациялоо тобу донорлор менен өкмөттүк өнөктөштөрдүн жамааттарын, эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдарын, КР Кызыл Жарым ай коомун жана БУУнун өлкөлүк тобун Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаалдарга даяр турууну жана аларга жооп кайтарууну камсыздоо максатында бириктирип турат.

Азыркы тапта ушундай чогултма үйлөр БУУ КЖКБ жана анын өнөктөштөрү тарабынан бүткүл дүйнөдө, негизинен, өзгөчө кырдаалдар учурунда колдонулууда. Кенен, бекем жана суу өткөрбөгөн мындай үйлөр 17,5 кв. метрди ээлейт жана зарыл болгон нерселер: аба кирип туруучу терезелер, жарык диоддук лампа жана күн батареялары менен жабдылган. Күн батареяларын электрондук түзүлүштөрдү, анын ичинде мобилдик телефондорду кубаттоо үчүн да колдонсо болот. Ар бир чогултма үйдү 4 адамдан турган команданын күчү менен бир нече саат ичинде жеңил эле куруп коюуга болот.

Мындай чогултма үйлөр Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кызыл Жарым ай коому тарабынан Кыргыз Республикасында табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар жаралган мезгилде пайдаланылмакчы. Өзгөчө кырдаалдар учурунда бул чогултма үйлөргө адамдар убактылуу жайгаштырылса болот, ошондой эле аны алгачкы жардам көрсөтүлгөн убактылуу жай, көчмө кызматкерлер жайгашуучу жер, билим берүү борборлору же кампалар катары да пайдаланса болот.

Өткөрүп берүү боюнча расмий аземде БУУ КЖКБнын Борбор Азия боюнча Регионалдык өкүлчүлүгүнүн улук кеңешчиси Гиоргий Саникидзе мырза БУУ тутумунун туруктуу координаторуна, ӨКЖКТга, ӨКМге жана Кызыл Жарым ай коомуна кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди: «Чогултма үйлөрдүн өткөрүлүп берилишин биз өзгөчө кырдаалдарга даяр туруу жана аларга өз убагында жооп кайтаруу боюнча биргелешкен кызматташтыкты жана координацияны улантуудагы алдыга карай жасалган дагы бир кадам катары карайбыз. Биз чогултма үйлөрдү пайдалануу жабыркаган калкты убактылуу жайгаштыруу жана адам өмүрүн сактап калуу боюнча дараметти бекемдейт деп үмүттөнөбүз».

«Мен КР ӨКМ менен БУУ КЖКБ ортосундагы тыгыз, жемиштүү кызматташтык Кыргыз Республикасындагы табигый кырсыктардан жабыр тарткан адамдардын бакубаттыгы үчүн мындан ары да бекемделе берет деп ишенем. Берилип жаткан жардам Кыргыз Республикасынын аймагындагы табигый кырсыктардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу ишине жакшы кол кабыш болуп саналат», - деди КР ӨКМ статс-катчысы А.М.Мамбетов мырза.   

«Биз табигый кырсыктардан жабыр тарткан калкка жардам берүүгө арналган ишибизге көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн чын дилден ыраазычылык билдиребиз. Мобилдүү үйлөр өзгөчө кырдаалдар учурунда турак-жай маселесин натыйжалуу чечүүгө көмөкчү болот. Биздин өнөктөштүгүбүз өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда гана эмес, ыктымалдуу болочок чакырыктарга даяр турууну жогорулатуу боюнча да натыйжалуу иштешүүнүн маанилүү шарты болуп саналат деп ишенем», - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым ай коомунун Башкы Директору Чингиз Джакипов мырза.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ КЖКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар