Пресс-релиз

Кыргызстанда СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата улуттук өнөктүктүн жыйынтыгы

22 декабрь 2021

2021-жылдагы СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата улуттук өнөктүк 26-октябрда башталып, 5-декабрда жыйынтыкталды.

Кыргызстанда өнөктүк “Сенин ден соолугуң – Сенин укугуң – Сенин жоопкерчилигиң” деген жалпы ураандын алдында өттү.

011221_AIDS_People_Talk_Plaza_085

“Быйыл биз ден соолук жөнүндө гана эмес, адамдардын өз ден соолугуна болгон укуктары жана жоопкерчилиги тууралуу да сүйлөштүк. Ар бир адамдын ден соолукка укугу бар экенин, ал эми бул укуктан кантип пайдалана алабыз – бул өзүбүздөн көз каранды экенин баарыбыз билебиз. Ар бир адам өз саламаттыгына кам көрүп, жоопкерчиликтүү болушун каалайбыз. Бүгүнкү күндө ВИЧ-илдети өкүм эмес. Өлкөдө заманбап жана эффективдүү дарылоо ыкмасы бар. Бирок, ВИЧ-статусун өз убагында билүү үчүн текшерүүдөн өтүш керек. ВИЧти шилекейден ыкчам аныктоочу тест бардык медициналык мекемелерде кеңири жеткиликтүү. Эгерде сиз ВИЧ-статусуңузду билгиңиз келсе, анда болгону ушул тестти алышыңыз керек”, - деп түшүндүрдү Республикалык СПИД борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов.

Республикалык СПИД борборунун өнөктүгүн улуттук өнөктөштөр жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун агенттиктери колдоого алышкан. “Фрунзе” гипермаркеттеринде ыкчам тестирлөө уюштурулуп, 400дөн ашык адам ВИЧке тест тапшырышты. Маалыматтык-агартуу материалдары даярдалып, өлкөнүн окуу жайларында лекциялар, журналисттер жана дарыгер-блогерлер үчүн конкурстар, Бишкек жана Ош шаарларында диний лидерлер үчүн семинарлар өткөрүлдү.

011221_AIDS_People_Talk_Plaza_010

1-декабрда “People Talks” форматында басма сөз жыйыны өтүп, анда ЮНЭЙДСтин Ыктыярдуу элчиси Эркин Рыскулбеков, теле алып баруучу Айзада Жамгырчиева, КР Эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева жана актёр Алинур Абдыкалыков ВИЧ илдети менен жашаган адамдардын окуяларын айтып беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө 200 адам ВИЧке тест тапшырды.

011221_AIDS_People_Talk_Plaza_096

3-декабрда актёр Жеңиш Майрамбек уулу жыныстык жана репродуктивдүү ден соолукту чыңдоо чөйрөсүндө иш алып барган жаштар уюмдарынын ыктыярчылары менен жолугушту. Жаштар интернетте буллинг, жаштарга жыныстык билим берүү маселелерин көтөрүп, ВИЧтин алдын алуу жана дарылоо программаларына таанымал жана белгилүү адамдарды тартуу тууралуу айтып беришти.

2021-жылдын 1-ноябрына карата Кыргызстанда ВИЧ-илдетинин 11 006 учуру катталды (топтоп айтканда). Үстүбүздөгү жылдын 11 айында ВИЧ илдетинин 665 жаңы учуру аныкталды. 2021-жылдын 9 айында Кыргызстанда ВИЧке 400 миңден ашык адам текшерилип, илдетти жыныстык жол менен жуктуруп алган учурлар 81,3% түздү.

ЮНЭЙДСтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Мээрим Сарыбаеванын айтымында: “ВИЧ  менен жашаган адамдарга жана илдетти жуктуруп алуу тобокелдиги жогору болгон жамааттарга карата стигма жана басмырлоо ВИЧ-илдетине каршы күрөшүүдө терс ролду ойноп жатат. Жарандар тест тапшыргандан коркушат, ВИЧке чалдыккандар болсо медициналык мекемелерге кайрылгысы келбейт. Эми биз үчүн тестирлөө мурдагыдан дагы жеткиликтүү болуп калганын, ал эми ВИЧ-илдети – бул ийгиликтүү көзөмөлдөнүп, дарылоого боло турган өнөкөт оору экенин көрсөтүү маанилүү маселе”.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ЮНЭЙДС
АИВ/ЖИКС боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун бириктирилген программасы

Бул демилгеге катышкан башка түзүмдөр

AAK
Agulhas Applied Knowledge

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар