Пресс-релиз

БУУ Кыргызстанды аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту токтотууну тездетүүгө чакырат

07 июль 2022

Мамлекеттин гендердик теңдик, аялдардын жана кыздардын укугун илгерлетүү багытында акыркы аракеттерди эске алуу менен, БУУнун Кыргызстандагы тутуму акыркы айларда үрөй учурган гендердик зомбулуктун учурларына жана аялдарга, кыздарга карата зомбулук жасаган күнөөкөрлөрдүн жазасыз калуусуна тынчсыздануусун билдирет.

1996-жылдан бери Кыргыз Республикасы аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча эл аралык конвенциянын (CEDAW) катышуучусу болуп келет. Аталган конвенция Кыргызстанды аялдарга жана кыздарга карата дискриминацияны бардык чөйрөлөрдө жоюуга жана аялдар менен кыздардын тең укуктарын камсыз кылууга милдеттендирет.

БУУ Кыргыз Республикасынын 2021-жылы CEDAW комитетине бешинчи мезгилдүү баяндамасынын алкагында алган милдеттенмесин кубаттайт. Баяндама тапшырылгандан кийин CEDAW комитети, 2021-жылдын ноябрындагы Кыргызстанга карата корутундусуна ылайык (шилтеме: CEDAW Кыргызстан 2021), өкмөткө зомбулуктун алдын алуу, жабырлануучуларды коргоо, аларга жардам көрсөтүү жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча күч-аракеттерин ыкчамдатууну сунуштады.

БУУ системасы өкмөттү аялдарга, кыздарга карата бардык зомбулук кылмыштарын укук коргоо органдары тарабынан ыкчам жана адекваттуу иликтөөнү тездетүүгө жана Кыргызстандагы бардык аялдарга жана кыздарга сот аркылуу адилеттүүлүккө жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга чакырат. Эл аралык стандарттарга ылайык, зомбулуктан жапа чеккендерге, тийиштүү тергөөнүн жана сот процессинин ордуна, элдештирүү чаралары мажбурланбашы керек.

БУУ системасы мындан ары өкмөттү гендердик зомбулуктун бардык түрлөрүнүн, анын ичинде үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулуктун кылмыштуу табияты тууралуу мамлекеттик кызматкерлер жана жалпы коомчулук арасында маалымдоо иштерин активдештирип, калкка жана жарандык коомго мындай кылмыштарды четке кагууда колдоо көрсөтүүгө чакырат. Жаш балдарды жана өспүрүмдөрдү, мигрант аялдарды, ВИЧ менен жашаган аялдарды, майыптуулугу бар аялдарды, азчылыктарды жана калктын аялуу катмарын басмырлоодон, эксплуатациялоодон жана гендердик зомбулуктан коргоого өзгөчө көңүл буруу керек.

БУУ кызыктар тараптардын көптөгөн оң демилгелерин кубаттайт жана гендердик зомбулукту жоюу, үй-бүлөлүк зомбулукту нормалдаштырган социалдык көз караштарды өзгөртүү, ошондой эле укук коргоо органдарынын жана юстиция тутумунун аялдардын жана кыздардын муктаждыктарына жооп берүү дараметин өнүктүрүү боюнча өкмөткө колдоо көрсөтүүнү уланта берүүнү баса белгилейт.

Маалымат үчүн:

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы 604 зордуктоо фактысы катталса, анын 53% кылмыштын курамы жок табылып токтотулган; 254 адам уурдоо фактысы катталып, анын 84%ы кылмыштын курамы жок табылып токтотулган. 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилген болсо, анын 8463ү аялдарга, 264ү жашы жете электерге берилген. 

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын биринчи беш айында 3988 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.

===============

Бириккен Улуттар Уюмунун аялдарга жана кыздарга карата дискриминация боюнча жумушчу тобунун алдын ала корутундусу (2022-жылдын 15-апрели)

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
ИФАД
Эл аралык айыл чарба өнүктүрүү фонду
МЭАУ
Миграция боюнча эл аралык уюму / БУУнун Миграция боюнча агенттиги
БУУ АУЖКБ
Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
БУУнун Аялдар түзүмү
Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдар укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү
ЮНЭЙДС
АИВ/ЖИКС боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун бириктирилген программасы
БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы
БУУ Айлана-чөйрө
Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрө боюнча программасы
ЮНЕСКО
Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, илим жана маданият боюнча мекемеси
ЮНФПА
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду
БУУ КЖКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду
ЮНИДО
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча департаменти
БУУ БКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы
ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар