Пресс-релиз

Дүйнөлүк азык-түлүк күнүн мектептерде белгилөө

19 октябрь 2022

Бишкек - БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) Тармактык тамактануу институту (SIFI) менен биргеликте Дүйнөлүк азык-түлүк күнүн белгилөө максатында 2022-жылдын 17-21-октябрында өлкөнүн 14 мектебинде туура тамактануу багытында атайын өнөктүк өткөрөт. Иш-чаранын максаты башталгыч класстын окуучуларынын туура тамактануу адаттарын жана сергек жашоонун негизи жөнүндө түшүнүгүн калыптандыруу болуп саналат.

Дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө карата иш-чара даамдуу жана пайдалуу тамак-аш жөнүндө спектакль түрүндө өткөрүлөт. Өлкө боюнча тандалган мектептерде спектаклдер жогорку класстын окуучуларынын катышуусу менен өтөт. Буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй, жогорку класстын окуучуларынын иш-чарага катышуусу коомдогу жүрүм-турум үлгүсү жана туура тамактанууга болгон мамилени өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет. Спектаклдерге башталгыч класстын окуучулары жана алардын ата-энелери чакырылат.

Дүйнөлүк азык-түлүк күнү жыл сайын 16-октябрда белгиленип, 1979-жылы БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) конференциясында жарыяланган. Бул күндүн негизги максаты - азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу: активдүү сергек жашоо жүргүзүү үчүн калайыктын жетиштүү жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз болуусу.

2022-жылы Дүйнөлүк азык-түлүк күнүнүн негизги темасы "Эч кимди артта калтырбоо", өзгөчө, калайыктын аялуу катмарлары инновациянын, өнүгүүнүн жана экономикалык өсүүнүн артыкчылыктарын колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү. Азыркы күндө дүйнө жүзү боюнча миллиондогон кишилер пайдалуу тамактанууга мүмкүнчүлүктөрү жок болгондуктан, алар туура эмес тамак-аш жеп, ден-соолукка байланыштуу көйгөйлөргө дуушар болуп келишет.

2013-жылдан бери донорлордун колдоосу менен БУУ ДАТП менен Тармактык тамактануу институту "Мектеп тамагын оптималдаштыруу" программасын өлкөнүн 850дөн ашуун мектептеринде ишке ашырып, бул окуу жайларда ысык жана ар түрдүү тамак-аш уюштурулуп келет. Долбоор башталгыч класстагы 220 000ге жакын баланы камтыды.

#          #          #

Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жөнүндө толук маалымат алуу үчүн Алмаз Чороевге кайрылыңыз, 0550 577 597, almaz.tchoroev@wfp.org

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.

Бизди https://www.facebook.com/WorldFoodProgrammeKyrgyzstan/, https://www.instagram.com/wfp_kyrgyzstan коомдук медиадан тапсаңыз болот.

 

 

 

Алмаз Чороев

Алмаз Чороев

ДАТП
Коом жана донорлор менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар