БИШКЕК - 2023-жылдын 23-январында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) гуманитардык өнөктөштөргө, анын ичинде БУУга, Кыргызстан менен Тажикистандын чек арасында орун алган эскалацияда жабыр тарткан калкка көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди. Жардам Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо бөлүмү (ӨКЖКБ) алкагында көрсөтүлгөн. ӨКЖКБ 2022-жылдын сентябрь айынан иштей баштаган.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев БУУ тараптан ӨКЖКБнын теңтөрагасы, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве айымга жана ӨКЖКБ секторлорунун жетекчилерине жана мүчөлөрүнө ыраазычылык каттарын жана медалдарын тапшырды.