Пресс-релиз

Жаңы Омбудсмен (Акыйкатчы) Жамиля Жаманбаева менен жолугушуу

30 май 2023

2023-жылдын 30-май күнү БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгынын Борбордук Азиядагы Аймактык өкүлүнүн милдетин аткаруучу Фабио Пиана жаңы шайланган Акыйкатчы Жамийла Жаманбаева менен жолугушту. Алар жаңы Акыйкатчынын пландарын, анын ичинде Адам укуктары боюнча улуттук глобалдык альянстын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Адам укуктары боюнча улуттук институту болгон Акыйкатчы институтун Париж жана Белград принциптерине толук ылайык келтирүү боюнча каралган кадамдарды талкуулашты.

«Париж принциптерине ылайык, тийиштүү финансылык жана адам ресурстары менен адам укуктарын илгерилетүү жана коргоо боюнча өзүнүн мандатын ишке ашыруучу, көз карандысыз, плюралисттик, жеткиликтүү жана натыйжалуу Омбудсмен институту - Кыргыз Республикасы 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөлүгүнө талапкер катары көрсөтүлгөндө Кыргызстандын ыктыярдуу билдирүүлөрүнө айтылгандай,  улуттук адам укуктарын коргоо тутумунун эң маанилүү тиректеринин бири», - деди Кыргыз Республикасындагы БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве. Антье Граве белгилегендей, Кыргызстандагы БУУнун системасы Акыйкатчы жана анын институту менен мындан аркы кызматташууну, анын ичинде ачык, инклюзивдик жана консультациялык процесс аркылуу Акыйкатчы жөнүндө мыйзамды кайра карап чыгууда техникалык жардам көрсөтүү аркылуу кызматташууну; Акыйкатчы институтунун БУУнун адам укуктары боюнча механизмдери менен үзгүлтүксүз иштешине колдоо көрсөтүүнү; жарандык коом менен кызматташууну бекемдөөнү, ошондой эле Бишкектеги «Акыйкатчы» институтунун жана аймактык бөлүмдөрдүн потенциалын чыңдоону чыдамсыздык менен күтөт.

«Быйылкы жылы Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгын белгилөө бизге биргелешкен демилгелерди жана иш-чараларды ишке ашырууда, адам укуктарынын универсалдуулугун илгерилетүүдө жана жарандык мейкиндикти кеңейтүүдө кызматташууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет”, - деп кошумчалады Фабио Пиана, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгынын Борбордук Азиядагы Аймактык өкүлүнүн милдетин аткаруучу.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ АУЖКБ
Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар