Пресс-релиз

"Суу, бул өмүр. Суу, бул азык". Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлүүдө.

18 октябрь 2023

2023-жылдын 16-октябры

Бишкек, Кыргыз Республикасы – Кыргыз Республикасында БУУнун календарындагы эң белгилүү эл аралык күндөрдүн бири болгон, 50дөн ашык тилде жана 150дөн ашык өлкөдө майрамдалуучу Дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул күн азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу маселелерине, ошондой эле баарын камтыган (инклюзивдүү) жана тышкы таасирлерге туруктуу болгон агрардык азык-түлүк тутумдарына коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталат.

Дүйнөлүк азык-түлүк күнүн майрамдоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) менен биргеликте сүрөт көргөзмөсүн жана айыл чарба жарманке-көргөзмөсүн уюштурууда.

Дүйнөлүк азык-түлүк күнү жыл сайын 16-октябрда белгиленип, 1945-жылы түзүлгөн БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) негизделген күнүнө туш келет. Бул жылы “Суу, бул өмүр. Суу, бул азык. Эч кимди артта калтырбоо” деген ураан менен суунун адамдын ден-соолугу жана айлана-чөйрө, ошондой эле азык-түлүк өндүрүү үчүн маанилүү ролуна көңүл буруу үчүн тандалып алынды.

ФАОнун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө суу тартыш болгон өлкөлөрдө 2,4 миллиард киши жашайт. Алардын арасында чакан фермерлер жана аялдар да бар. Суу биоресурстары аркылуу өндүрүлгөн азык-түлүктөн көз каранды болгон 600 миллионго жакын адам булгануунун, экосистемалардын деградациясынын, туруксуз тажрыйбалардын жана климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттеринен жабыркап келет.

"Баарыбыз сууну кадимкидей кабыл алууну токтотуп, аны күнүмдүк жашоодо колдонуу ыкмасын жакшырта башташыбыз керек", – деп ФАОнун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн техникалык маселелер боюнча эл аралык кеңешчиси Куватбек Бапаев белгиледи. "ФАО бүгүнкү Дүйнөлүк азык-түлүк күнүндө жана күн сайын сууну туура пайдаланууга болгон аракеттерди күчөтүүгө чакырат. Биз сууну аз сарптап, көбүрөөк азык-түлүк, була, малга тоют жана био-отун өндүрүүнү үйрөнүп, суу ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүүнү, азык-түлүк өндүрүүчү суу тутумдарыбызды коргоону жана "Эч кимди артта калтырбоо" принцибин сактоону камсыз кылышыбыз керек”.

"Эч кимди артта калтырбоо" принциби бир эле учурда көп тармактардагы ишти камтыйт.

"Татаал мезгилде биз азык- түлүк коопсуздугунун курч абалынын түпкү себептерин жоюп, ошол эле учурда аялуу дыйкандардын жана айылдык жамааттарды климаттын өзгөрүүсүнүн таасиринен коргоо үчүн аларды колдоону күчөтүшүбүз керек", - деп БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү жана директору Кожиро Накай белгиледи. "БУУ ДАТП дыйкандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, азык-түлүк тутумдарын чыңдоого, ошондой эле пайдалуу тамактануунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга болгон умтулуусун сактап келет. Активдерди куруу долбоорлору, анын ичинде ирригациялык системаларды жана суу түтүктөрүн калыбына келтирүү, аркылуу биз аялуу жамааттарды азык-түлүк жана суу менен камсыз кылууга умтулабыз, ошондой эле биздин көндүмдөрдү өнүктүрүү долбоорлорубуз жумуш орундарын түзүүгө жана киреше табууга өбөлгө түзөт".

БУУнун агенттиктери Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк азык-түлүк күнүнүн алдында жаштар, дыйкандар, чакан өндүрүүчүлөр, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, саясатчылар, агроинвесторлор жана окумуштууларды камтыган тиешелүү кызыкдар тараптардын ортосунда диалогго жана сууну сарамжалдуу пайдалануунун маанилүүлүгүн талкуулоого багытталган бир нече маалыматтык-агартуучу жана башка иш-чараларды өткөрүшмөкчү.

17-октябрда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде "Ааламга жол айылдан башталат" аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат. Көргөзмөдө музейдин коллекциясынан айыл чарба тематикасы боюнча сүрөттөр жана скульптуралар көрсөтүлөт.

Көргөзмө Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын өнүгүүсү тууралуу баяндаган маанилүү тарыхый булак катары көркөм чыгармаларды сунуштайт жана көрүүчүнү бакубат келечеги үчүн азык-түлүк өндүрүүгө сууну сактоо канчалык маанилүүлүгү экенине ой жүгүртүүгө түртөт.

"Бүгүнкү күндө министрлик жаңы технологияларды өнүктүрүү менен илимий жана объективдүү маалыматтардын, инновациялардын жана секторлор аралык координациянын негизинде суу пайдаланууну пландаштыруу жана жөнгө салуу жаатындагы саясатты түзүүдө", – деди Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков. “Башка чаралар менен бирге бул аракеттер дыйкандарды жана жеке секторду Кыргыз Республикасында суу пайдалануусун оптималдаштырууга жана суу ресурстарын сактоого багытталган комплекстүү чечимдерди ишке ашырууга багытталып, мамлекеттик банктар тарабынан фермерлерге тамчылатып сугаруу жана жамгыр менен сугаруу жабдууларынын лизингине 6% дык насыя берилет. Ирригациялык фондунун ишин алып барууга республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын жогорулашы начар абалдагы сугат каналдарынын көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Насостук станциялар менен суу сактагычтарды капиталдык оңдоо, чарбалар аралык каналдарды бетондоо жана ылайдан тазалоо ушул күнгө чейин уланууда. Жүргүзүлүп жаткан иштер суунун коромжусун азайтат жана чарбалар аралык каналдардын эффективдүүлүгүн жогорулатат, бул өз кезегинде сугат суусунун көлөмүн көбөйтөт".

20-октябрда борбор калаанын "эски" аянтында салтка айланган "АгроТехЭкспо-2023" көргөзмө-жарманкеси өтөт. Иш-чара фермерлерди колдоо менен гана чектелбестен, туруктуу айыл чарбасын, азык-түлүк коопсуздугун жана тамактанууну камсыз кылуу максатында айыл чарба өндүрүшүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталат. Мындан тышкары, жарманке учурунда борбор калаанын жашоочулары жана коноктору алдыңкы фермерлик чарбалардын органикалык өнүмдөрүн көрүүгө жана сатып алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Дүйнөлүк азык-түлүк күнү –адамзатты ачарчылыктан, жетишсиз тамактануудан жана жакырчылыктан арылтуу – глобалдык көйгөйдү чечүү үчүн жасалып жаткан жана жасалуучу иш-аракеттер жөнүндө ойлонууга негиз. Азык-түлүк жана айыл чарбасынын башка маанилүү продукцияларын өндүрүүнү жогорулатуу менен биз сууну керектөөнү кыскартышыбыз керек, суу ресурстарын тең укуктуу бөлүштүрүүнү камсыз кылып, суу биоресурстары аркылуу өндүрүлгөн азык-түлүк тутумдарын сакташыбыз керек, ошол эле учурда "Эч кимди артта калтырбоо" принцибин сактоону камсыз кылышыбыз керек.

Биз бирге өзгөрүүлөрдү жасай алабыз!

"Суу, бул өмүр. Суу, бул азык". Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Алмаз Чороев

Алмаз Чороев

ДАТП
Коом жана донорлор менен байланыш боюнча кызматкер
Evgeniy Pechurin

Евгений Печурин

ФАО
Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар