Пресс-релиз

Кыргыз Республикасында КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-ашы боюнча биринчи форуму өткөрүлүүдө.

24 ноябрь 2023

Бишкек – 2023-жылдын 23-24-ноябрында Кыргыз Республикасы мектеп окуучуларын ар түрдүү жана пайдалуу ысык тамактар менен камсыз кылуучу мектеп тамак – аш программаларын натыйжалуу ишке ашыруу боюнча алдыңкы тажрыйба алмашуу максатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) мектеп тамак-ашы боюнча биринчи форумун өткөрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген иш-чара мектеп тамак-ашы чөйрөсүндө тажрыйба алмашууга багытталат. Форум окуучулардын тамак-ашынын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, анын ичинде ата-энелерди жана жеке бизнести тартуу жолу менен маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун сунушу менен мектеп тамак-аш темасы КМШдагы  учурдагы төрагалыктын бир катар расмий иш-чараларынын арасында биринчи жолу маанилүү орунду ээледи.

"Мектеп тамак-аш маселеси өсүп келе жаткан организмди жөн гана пайдалуу азыктар менен камсыз кылуу эмес. Бул маселе, көптөгөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, айыл чарбаны колдоочу, жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүчү мамлекеттин натыйжалуу инструменти болуп саналат. Ушул себептен Кыргыз Республикасынын жетекчилиги мектеп тамак-аш маселесин социалдык милдет катары гана эмес, инвестициянын жана экономикалык өсүүгө дем берүүнүн маанилүү фактору катары да карайт", - деди Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.

Форумда КМШга мүчө өлкөлөрдүн жана башка кызыкдар өлкөлөрдүн мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери, бул чөйрөдөгү алдыңкы эл аралык институттардын жана мекемелердин өкүлдөрү, профилдик илимий, эксперттик жана коммерциялык уюмдар катышат.

Форумдун жыйынтыгында "КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-ашы боюнча эл аралык форумун" жыл сайын өткөрүү жөнүндө Биргелешкен декларацияны кабыл алуу пландаштырылууда. Форум Мектеп тамак-аш программаларын ишке ашырууда натыйжалуулукту жогорулатуу жөнүндө пикир алмашуу үчүн салттуу аянтча болуп калаары күтүлүүдө.

"Мектеп окуучуларынын тамак-ашы, албетте, орчундуу, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттер сапаттуу, коопсуз жана пайдалуу тамактанууну камсыз кылып, бул маселе маанилүү бойдон калууда. Форумдун жүрүшүндө тармактык министрликтердин өкүлдөрү өз өлкөлөрүндө мектеп тамак — ашын уюштуруу тажрыйбасын сунуштап, КМШ мейкиндигинде бул жаатта өз ара аракеттенүү боюнча сунуштарды киргизе алышат", - деди КМШнын башкы катчысынын орун басары Трефилов Денис.

"Мектептеги тамак-аш билим берүү мүмкүнчүлүктөрүнүн негизи болуп саналат, бул балдардын ой жүгүртүүсүнө, жаңы нерселерди үйрөнүүсүнө жана интеллектуалдык жактан гүлдөп-өсүүсүнө пайдалуу жана сапаттуу тамактануусун камсыз кылат. Мектеп  тамак-аш программасы бүгүнкү жана эртеңки адам капиталын гана өстүрбөстөн, Кыргызстандын жамааттарынын гүлдөп-өнүгүүсүнө да негиз салат. Бул Кыргыз Өкмөтүнүн жакырчылыкты жоюу жана теңсиздикти азайтуу боюнча убадаларына дал келет”, -  деди БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве айым

Улуттук мектеп тамак-аш программасынын негизги максаты – башталгыч класстардын окуучуларын пайдалуу ысык тамактар менен камсыз кылуу, анткени мектеп тамак-ашы сапаттуу билим алууга өбөлгө түзүп, балдардын окууга болгон дымагын жана натыйжалуулугун жогорулатат", - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева. "Ошондой эле, мектеп тамак-аш программасы жумушка орношууга мүмкүнчүлүк түзүп, өзгөчө элет жериндеги аялуу үй - бүлөлөр үчүн социалдык коргоонун маанилүү тутумуна айланды ", - деп кошумчалады Министр.

Улуттук мектеп тамак-аш программалары 2010-жылдан тартып КМШнын бир катар өлкөлөрүндө Өкмөттөрдүн жана донорлордун каржылык колдоосу менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, “Мерсико” жана башка уюмдар тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылууда.

"Бул форумда биз Кыргыз Республикасында мектеп жашындагы балдардын ден соолугун жана тамактануусун жакшыртуу үчүн кызматташтыкты бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алабыз. БУУ ДАТП өнөктөштөр менен улуттук мектеп тамак-аш программасынын алкагында өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөнү улантып, мектептер менен жергиликтүү дыйкандырдын ортосундагы тыгыз байланышты күчөтүп, туруктуу азык - түлүк тутумдарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет", - деди БУУ ДАТПнын Кыргыз Республикасындагы Өкүлү жана директору Кожиро Накай.

"Мектеп тамак-аш программалары көптөгөн социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө жардам берет: балдардын ден соолугун чыңдоо, алардын билим деңгээлин жогорулатуу, үй-бүлөлөрдү колдоо, ошондой эле, айыл аймактарын жана жергиликтүү айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү. Айкалышкан ыкмалар ачарчылык менен күрөшүү, экономикалык өсүү сыяктуу туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө, ошондой эле мамлекеттик деңгээлдеги кызматташууну күчөтүүгө жардам берет", — деди орусиялык  Тармактык тамактануу институтунун президенти Владимир Чернигов.

Улуттук мектеп тамак-аш программасы БУУ ДАТП жана “Мерсико” уюмунун колдоосу менен өлкөнүн 75% дан ашуун мамлекеттик жана муниципалдык мектептеринде ишке ашырылып, башталгыч класстагы 500,000ге жакын бала ысык тамак-аш менен камсыз болууда. Жыл сайын мектептер азык-түлүк жана ашкана жабдуулары менен камсыз болуп, ошондой эле мектеп ашпозчуларына мектеп тамагын коопсуз даярдоо боюнча окутуулары өткөрүлүүдө.

 

 

Кыргыз Республикасында КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-ашы боюнча биринчи форуму өткөрүлүүдө.

 

Алмаз Чороев

Алмаз Чороев

ДАТП
Коом жана донорлор менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар