Пресс-релиз

БУУ КЖКБ, Кыргыз Республикасынан башпаанек издеген адамдын дайынсыз жоголушуна катуу тынчсызданууда.

05 декабрь 2023

Бангкок — БУУ КЖКБ, Качкындар иштери боюнча башкармасынын Жогорку комиссарлыгы, Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдын жоголуп кетишине жана анын жарандык таандыктуулугунун өлкөсүнө кайтарылышына тынчсызданып, өлкөдө эл аралык коргоого муктаж болгондор үчүн башпаанек берүү мейкиндигинин кыскарышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирет.

16-октябрдан 17-октябрга караган түнү Кыргыз Республикасынын борборунда – Бишкекте башпаанек издеген жаран дайынсыз жоголду. Аттуу жаран башпаанек сурап кайрылгандыгына үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору анын ишине байланыштуу экстрадициялоо өтүнүчүн четке каккан. Башпаанек издеген адам, башка өлкөгө кетүүсүнө бир аз мурун, укук коргоо органдардан деп өзүн тааныштырган адамдар жашаган жеринен алып кетишкенин кабарланган.

БУУ КЖКБ башпаанек издеген адамдын мекенине кайра жөнөтүлгөнү тууралуу маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө анын саламаттыгына олуттуу тынчсыздануусун билдирет. Башкарма бийликтен бул ишти тез арада иликтөөнү өтүнгөн. Андан тышкары, 2023-жылдын март айында эле БУУ КЖКБ Кыргыз Республикасы тарабынан башка башпаанек издеген адамдын экстрадицияланышына олуттуу тынчсыздануусун билдирген. Аталган окуялар качкын деп таануунун төмөндөө контекстинде болуп жатат.

Эл аралык коргоого муктаж болгон адамды алар олуттуу зыянга учурашы мүмкүн болгон өлкөгө мажбурлап кайтаруу Кыргыз Республикасы кол койгон 1951-жылдагы БУУнун Качкындар боюнча Конвенциясында бекитилген кайра кайтарбоо принцибин, ошондой эле качкындар боюнча улуттук мыйзамдарын бузуу болуп саналат. Кайтарып жибербөө принциби качкындарды коргоо негизги принциби болуп саналат жана качууга аргасыз болгон адамдарга коопсуздук менен камсыз кылат.

БУУ КЖКБ Кыргыз Республикасын эч бир адам расасы, дини, улуту, социалдык топко мүчөлүгү же саясий көз карашына байланыштуу өмүрүнө же эркиндигине коркунуч жаралышы мүмкүн болгон өлкөлөргө куугунтукталбасын же кайра кайтарылбоого чакырат. Качкындарды тааныган жана коргогон адилеттүү жана натыйжалуу башпаанек алуу процедураларын камсыз кылууга чакырат.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ КЖКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар