Пресс-релиз

Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата БУУнун биргелешкен билдирүүсү

03 май 2024

Бүгүн, Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүндө, биз планетабыздын алдында турган курч экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдөгү журналистиканын маанилүү ролун түшүнөбүз.

Алдыда туруктуу өнүгүү опузалары турат, анткени климаттын өзгөрүшү, биоартүрдүүлүктүн жоголушу жана абанын булганышы үч эселенген планетардык кризис адамзат үчүн олуттуу коркунучтарды жаратат. Кыргыз Республикасында температуранын жогорулашы, кургакчылык, күтүлбөгөн сезондук аба ырайы жана жер көчкүлөрдүн, селдердин жана кар көчкүлөрдүн көбөйүшү сыяктуу интенсивдүү экстремалдык окуяларга алып келүүдө. Кыргызстандын айрым шаарларында абанын булганышы ден соолукка зыяндуу. Бул кризистердин алдында ишенимдүү маалыматка жетүү жана көз карандысыз экологиялык журналистика өзгөчө маанилүү.

 

Экологиялык кризисти жоюу үчүн дүйнөлүк өкмөттөр кырдаалды көзөмөлдөө боюнча чараларды көрүүгө милдет алышкан. Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана климатка туруктуу, аз көмүртектүү өнүгүү моделдерине өтүүнү тездетүү милдетин алган. Ал эми журналисттер, өз кезегинде бул милдеттенмелердин аткарылышын көзөмөлдөөдө негизги ролду ойношот.

Журналисттер дүйнөлүк басма сөздүн ажырагыс бөлүгү катары фактыларды туура эмес маалыматтан, анын ичинде далилденген чечимдерди жана кайра жаралуучу энергияны баалабай коюуга аракет кылган климаттык дезинформациядан ажыратууда маанилүү ролду ойношот. Текшерилген фактылар жөнүндө, коомчулукка билдирүү жана экологиялык саясат боюнча негизделген чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк беришет. Журналисттер экологиялык кылмыштарды, коррупцияны жана таасирлүү жактардын кызыкчылыктарын ачыкка чыгара алышкан сон, көбүнчө жеке адамга тобокелчилик менен. Алар климаттык миграция, аба булгануу, токойлорду кыюу жана биздин планетанын жыргалчылыгына коркунуч туудурган башка мыйзамсыз иш-аракеттер сыяктуу заманбап экологиялык көйгөйлөрдү камынтышат.

Быйыл Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнү, дүйнөлүк экологиялык кризисти чечүүдө журналистиканын жана сөз эркиндигинин ажырагыс ролун, ошондой эле инсандын укуктарын, пикирлердин ар түрдүүлүгүн жана гендердик теңчиликти урматтаган туруктуу келечекке жеткендингин ЖМКынын олуттуу салымын баса белгилейт.

Бүгүн биз коомчулуктун так жана толук маалымат алуу укугун камсыз кылуу үчүн талыкпай иштеген журналисттер жана медиа адистери менен тилектешпиз.

Антье Граве

Антье Граве

БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору
Граве айым БУУда жана башка эл аралык жана эки тараптуу уюмдарда чогулган эл аралык кызматташуу, туруктуу өнүгүү,тынчтык жана коопсуздук боюнча 20 жылдан ашык тажрыйбасын алып келет.

БУУнун Туруктуу координатору болуп дайындалганга чейин Граве айым Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Украинадагы Атайын байкоочу миссиясында үч жарым жыл кызмат өтөгөн. Башында миссиянын ишин жетектеген башкы байкоочунун орун басары катары, адам укуктары, гендер, айлана-чөйрө жана диалогго көмөктөшүү боюнча иш алып барып, ал эми 2022-жылдын апрелинен тарта Миссиянын башчысынын милдетин аткаруучу катары иштеген.

Ага чейин ал Афганистанда, Гаитиде БУУнун Саясий жана тынчтык операцияларында жана Башкы катчынын Йемен боюнча атайын өкүлүнүн кеңсесинде (OSESGY) ар кандай жетекчилик жана улук кеңешчи кызматтарда иштеген. Афганистанда БУУнун жардам берүү миссиясынын (UNAMA) Гераттагы Аймактык кеңсесин жетектеген жана Миссиянын Талдоо жана пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы болгон. Башкы катчынын Йемен боюнча атайын өкүлүнүн кеңсесинде ал Башкы катчынын атайын өкүлүнө жана БУУнун Гаитидеги стабилдештирүү миссиясынын башчысына (MINUSTAH) улук атайын жардамчы катары кеңеш бергенден кийин төрт жылга жакын убакыт бою Тынчтыкты куруу боюнча улук офицер болуп иштеген.

Граве айым Германиянын Пакистандагы элчилигинде Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча кеңешчи катары жана Германиянын Федералдык экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министрлигинин (BMZ) Бонндогу Афганистан боюнча кызматкери катары да иштеген. Андан тышкары, Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) штаб-квартирасында жана анын Афганистандагы өкүлчүлүгүндө кызматтарды аркалаган.

Антье Граве айым Германиянын Триер шаарындагы университетте саясат таануу жана тарых боюнча магистр даражасына ээ. Ошондой эле, ал Франциянын Бордо шаарындагы Саясий институттун саясат таануу боюнча сертификатына ээ жана Польшанын Краков жана Варшава университеттеринде окуган.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар