Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана БУУнун өнөктөштөрү саламаттык сактоодо санарип трансформациясын өнүктүрүп, кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктөгү теңсиздикти жоюу аракетин улантууда
23 май 2025
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана БУУнун өнөктөштөрү саламаттык сактоодо санарип трансформациясын өнүктүрүп, кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктөгү теңсиздикти жоюу аракетин улантууда
Бишкек, 2025-жылдын 23-майы — Бүгүн «Ынтымак Ордо» жыйын залында БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттары (ТӨМ) фонду аркылуу ишке ашырылып жаткан Санарип трансформация боюнча Биргелешкен Программанын Координациялык комитетинин биринчи жыйыны өттү. Бул жыйын 2024-жылдын сентябрында расмий түрдө башталган демилгеден кийинки биринчи жолугушуу болуп саналат. Катышуучулар жетишкен жыйынтыктарды талкуулап, «Саламаттык сактоодогу санарип ажырымды жоюу» демилгеси боюнча негизги башкаруу жана аткаруу инструменттерин бекитишти.
Жыйынды ачып жатып, Координациялык комитеттин тең-төрагалары — Кыргыз Республикасынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Президенттик Администрациясынын чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын Ситуациялык борборунун директору, Азат Ибраимов жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве — бардык адамдар, өзгөчө алыскы жана жеткиликсиз аймактардагы жарандар үчүн сапаттуу медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга болгон жалпы милдеттенмени дагы бир жолу ырасташты. Комитет ошондой эле программанын башкаруу түзүмүн жана ишке ашыруу планын бекитти.
«Бул программа санарип теңсиздикти жоюуга жардам берип, системанын туруктуулугун бекемдейт жана адилеттүү, заманбап саламаттыкты сактоо системасы үчүн негиз түзөт. Ошол эле учурда, пилоттук чечимдер программанын аякташы менен токтоп калбашы керек. Бул демилгенин жыйынтыгы масштабдуу, туруктуу жана улуттук деңгээлде санарип саламаттыкты сактоо экосистемасына интеграцияланган кызматтар болушу зарыл. Улуттук маалымат системалары өлкө ичинде, улуттук башкарууда өнүгүп, техникалык жана институционалдык жактан туруктуу болушу керек», — деди Азат Ибраимов жыйындын катышуучуларын тосуп жатып.
«Санарип саламаттык сактоо — бул эч кимди артта калтырбоо жөнүндө», — деп баса белгиледи Антье Граве. — «Биздин максат — Баткендеги мүмкүнчүлүгү чектелген жаран, Нарыдагы акушер же дарыгер, же Ак-Суудагы пенсионер болобу, ар бир адам санарип технологиялар аркылуу сапаттуу медициналык кызматтарды алууга же көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышы керек».
Программа БУУнун Туруктуу координаторунун жетекчилиги алдында ВОЗ (жетектөөчү агенттик), ПРООН, ЮНФПА жана ЮНИСЕФ тарабынан ишке ашырылууда. Бул демилге Кыргыз Республикасынын 2024–2028-жылдарга карата Санарип трансформация концепциясын жана 2025–2027-жылдарга карата Sanarip MED санарип саламаттык сактоо моделин колдойт жана коомдук саламаттыкты жакшыртуу үчүн комплекстүү реформаларды илгерилетүүгө багытталган.
Программанын алгачкы тогуз айында БУУ агенттиктеринин артыкчылыктуу багыттары төмөнкүлөр болду:
· Улуттук санарип саламаттыкты сактоо стандарттарын иштеп чыгуу (ВОЗ);
· Социалдык коргоо жана майыптыктын сертификациясы боюнча реформаларды колдоо (ПРООН);
· Энелик саламаттыкты сактоо боюнча санарип кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү (ЮНФПА);
· Балдар үчүн телемедицина кызматтарын өнүктүрүү (ЮНФПА жана ЮНИСЕФ).
Негизги жетишкендиктерге төмөнкүлөр кирет:
· Улуттук эмдөө системасын жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана бейтаптардын реестрлери менен санарип платформа аркылуу интеграциялоо;
· Эмдөөнү пландоодо саламаттыкты сактоо кызматкерлерине жардам берүүчү, улуттук медициналык маалымат базалары менен байланышкан жаңы санариптик курал түзүлдү;
· Майыптыкты адилеттүү жана натыйжалуу баалоо үчүн жаңы система ишке киргизилди, ошондой эле медициналык изилдөөлөрдү тездетүү, тактыкты жана ачыктыкты жогорулатуу үчүн улуттук лабораториялык системасы модернизацияланды.
Бул программа ТӨМ фондунун Санарип трансформация терезеси аркылуу Европалык Биримдик, Испания, Норвегия жана башка мүчө-мамлекеттердин колдоосу менен каржыланат. Кыргызстан бул стратегиялык каржылоону алган дүйнөдөгү болгону 13 мамлекеттин бири болуп саналат.
Байланыш үчүн:
Айпери Алымбекова, коммуникация боюнча адис
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) — Кыргызстан
Электрондук почта: alymbekovaa@who.int
Телефон: +996 778 119 991