Ысык-Көлдөгү шайлоо форуму: «Шайлоого катышуунун заманбап ыкмалары: теориядан практикага чейин»
Кыргыз Республикасындагы БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве айымдын билдирүүсү
Чолпон-Ата шаары, 2025-жылдын 26-июну
Урматтуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары,
Урматтуу Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын Төрагасы жана мүчөлөрү,
Урматтуу катышуучулар,
Бул шайлоого катышуу боюнча Форумдун ачылышында сиздерди Бириккен Улуттар Уюмунун атынан куттуктоо — мен үчүн чоң сыймык.
БУУ көп жылдан бери Кыргызстандын демократиялык өнүгүү жолундагы ишенимдүү өнөктөшү болуп келе жатат. Биз ар кандай шайлоо циклдеринде колдоо көрсөтүп, Борбордук шайлоо комиссиясы менен анын институционалдык потенциалын чыңдоо багытында иш алып бардык жана шайлоо процесстеринин ачык-айкындуулугун жана жарандардын ишенимин жогорулатууга көмөктөшүп келдик.
Жаңы шайлоо циклинин — парламенттик шайлоолордун, ал эми 2027-жылдын башында өтө турган президенттик шайлоонун — алдында бул Форум тажрыйба алмашууга, талдоо жүргүзүүгө жана стратегиялык пландаштырууга өз учурундагы маанилүү мүмкүнчүлүк болуп саналат.
Форумдун өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген жана ПРООН тарабынан башка БУУнун агенттиктери менен — алардын катарында БУУ-Айымдар жана ЮНЕСКО менен биргеликте, менин жалпы жетекчилигим астында ишке ашырылып жаткан жаңы шайлоону колдоо долбоорунун иштелип чыгуу стадиясынын аякташына байланыштуу дагы өзгөчө актуалдуу болуп турат.
Бул долбоор 2024-жылдын сентябрь айында Борбордук шайлоо комиссиясынын өтүнүчү боюнча БУУ тарабынан өткөрүлгөн Муктаждыктарды баалоо миссиясынын жыйынтыктарына негизделген. Миссия шайлоо чөйрөсүн ар тараптуу талдоого жана улуттук өнөктөштөр менен тыгыз кеңешүүнүн негизинде колдоонун артыкчылыктуу багыттарын аныктоого жардам берди.
Миссия БУУнун техникалык колдоосу төмөнкү беш багыт боюнча көрсөтүлүшүн сунуштаган, жана бул багыттар бүгүнкү талкуунун мазмуну менен түздөн-түз байланыштуу:
- Жарандык жана шайлоо сабаттуулугун бекемдөө — маалымдуулукка негизделген тандоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн;
- Шайлоого инклюзивдүү жана ачык катышууну илгерилетүү — өзгөчө сыртта калуу коркунучу жогору болгон топтор менен максаттуу иш алып баруу аркылуу, алардын катарында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, аялдар, жаштар жана биринчи жолу добуш берүүчүлөр, диний жана этностук азчылыктардын өкүлдөрү;
- Дезинформацияга, кастык тилине жана шайлоо процессиндеги тобокелдиктерге каршы аракет көрүү — шайлоолорго болгон ишенимди жана алардын бүтүндүгүн сактоо үчүн;
- Эл аралык шайлоо колдоосунун координациясын жогорулатуу — аракеттердин шайкештигин жана бири-бирин толуктоосун камсыз кылуу максатында;
- Жарандык коом, анын ичинде бейөкмөт уюмдар жана жергиликтүү жамааттык бирикмелер менен БШКнын кызматташтыгын колдоо.
Биз Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте аныкталган жаңы кызматташуу этабынын артыкчылыктуу багыттарын колдойбуз. Бул багыттар шайлоо процессинин өзөгүн түзөт — болгону процедуралар менен эле чектелбестен, бардык жарандардын чыныгы катышуусун жана үнүн угузуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууну да камтыйт.
Аялдардын, жаштардын, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жана этностук азчылыктардын шайлоого катышуусун алдыга жылдыруу үчүн укуктук кепилдиктер гана жетишсиз — мында дагы эле сакталуу болгон тоскоолдуктарды жоюу, маалыматка жетүүнү кеңейтүү жана шайлоо процессинин чыныгы ачык-айкындыгын камсыз кылуу талап кылынат. Айрыкча айыл жерлеринде жана аялуу чөйрөлөрдө жарандык жана шайлоо сабаттуулугун чыңдоо — маалымдуулукка негизделген жана инклюзивдүү катышуу үчүн өтө маанилүү.
Ушуга байланыштуу биз Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, Президент Садыр Жапаров тарабынан кол коюлган шайлоо мыйзамына жакында киргизилген өзгөртүүлөрдү жогору баалайбыз. Бул өзгөртүүлөр Борбордук шайлоо комиссиясынын баалуу салымын чагылдырат. Гендердик өкүлчүлүктү күчөтүүгө багытталган жоболор — талапкерлерди көрсөтүү баскычында да, шайлоонун жыйынтыгы боюнча да — саясий процесстерди көбүрөөк инклюзивдүү кылууга карай маанилүү кадам болуп саналат.
Миссия ошондой эле шайлоонун адилеттүүлүгүн жана ачык-айкындыгын камсыз кылууда жарандык коомдун маанилүү ролун баса белгиледи. Жарандык уюмдар — агартуу, маалымат берүү жана көз карандысыз байкоо жүргүзүү жаатында ишенимдүү өнөктөштөр. Алардын катышуусу шайлоолорго болгон ишенимди жана ачыктыкты күчөтөт. Бул ролдун натыйжалуулугу үчүн жарандык коом өз алдынчалуулугун жана пикирин эркин билдирүү укугун камсыз кылган жагымдуу чөйрөдө иш алып бара алышы абдан маанилүү.
Ошол эле учурда, бүгүнкү шайлоолор барган сайын татаалдашкан маалыматтык чөйрөдө өтүүдө. Дезинформация, жалган маалыматтар жана кастыкты козутуу — дүйнө жүзү боюнча шайлоо процесстери менен демократиялык диалогго олуттуу коркунуч жаратат.
Ушундай шартта Борбордук шайлоо комиссиясынын жарандык жана санариптик агартууну өнүктүрүү боюнча үзгүлтүксүз иши жогору баалоого татыктуу. Медиа сабаттуулукту жогорулатуу жана сапаттуу журналистиканы колдоо да шайлоочулардын тең салмактуу жана ишенимдүү маалыматка жетүүсүн камсыз кылуу үчүн абдан маанилүү.
БУУнун Туруктуу координатору, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы эл аралык шайлоо колдоосунун координатору катары мен дагы бир жолу тастыктап кетким келет: БУУ улуттук жана эл аралык өнөктөштөр менен тынч, инклюзивдүү жана легитимдүү шайлоолорду өткөрүү үчүн — элдин эркин чагылдырган шайлоолор үчүн — тыгыз иш алып барууга бекем умтулат. Бул иш Бириккен Улуттар Уюмунун калыс жана саясий эмес мандатына ылайык жүргүзүлөт жана улуттук артыкчылыктарга, эл аралык нормаларга жана улуттук лидерлик принцибине таянат.
Биз Борбордук шайлоо комиссиясы, Өкмөт, жарандык коом жана Кыргыз Республикасынын эли менен болгон тыгыз кызматташуубузду улантабыз деп ишенебиз.
Көңүл бурганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем жана Форумдун бардык катышуучуларына жемиштүү талкууларды каалайм.
Кайрылууну жасаган
