Жарандык жөнүндө мыйзамдарда жарандыгы жоктукту алдын алуунун жана азайтуунун жакшы практикасы
2005-жылы «Жарандык жана жарандыгы жоктук» колдонмонун биринчи редакциясы басылып чыккан учурдан тартып, БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы (БУУнун КЖКБ) жана Парламенттер аралык союз (ПАС) жарандыгы жоктуктун жаңы учурларынын пайда болушун алдын алууга жана жарандыгы жоктуктун созулуп кеткен учурларын чечүүгө багытталган аракеттерди колдоодо өзүнүн өнөктөштүгүн бекемдешти. Бул колдонмодо (экинчи редакциясы 2014-жылы басылып чыккан) жарандык укугуна жана жарандыгы жокторду азайтууга тиешелүү эл аралык ченемдик-укуктук базага негизги көңүл бурулган. Мындан тышкары, колдонмодо ушул ченемдик укуктук базага жооп берген мыйзамдарды кабыл алууда, ошондой эле алардын мамлекеттеринин Бириккен Улуттар Уюмунун жарандыгы жоктук жөнүндө эки конвенциясына кошулуусуна көмөк көрсөтүүдө парламентарийлердин ролу басып белгиленүүдө.
Жаңы колдонмодо авторлор тарабынан айрыкча көп иштер аткарылды жана жарандыгы жоктукту жоюу боюнча мамлекеттердин мыйзамдарынын типтүү жоболорунун үлгүлөрү келтирилди.
Жарандыгы жоктуктан жабыр тарткандарга тийгизген таасирин баалоого болбойт. Эреже катары, жарандыгы жоктук башка көпчүлүк адамдар кадимкидей эле кабыл алган негизги укуктарды пайдаланууга тоскоолдук кылат. Бул укуктарга мектепке баруу, дарыгерлерге кайрылуу, ишке орношуу, банк эсебин ачуу, шайлоого катышуу, никеге туруу, жарандыкты балдарга өткөрүп берүү кирет. Бул айласыздыкка алып келип, жарандыгы жоктуктан жабыр тарткандарды эксплуатациянын жана кыянаттыктын экстремалдык формаларына алсыз кылып коюшу мүмкүн. Кошумчалай кетсек, коомчулуктар ичиндеги белгилүү бир топторго таасир эткен жарансыздык социалдык жана экономикалык өнүгүүгө тоскоол болуп, чыңалууну пайда кылышы мүмкүн, бул өз кезегинде зомбулук менен коштолгон жаңжалга жана аргасыз жер которууга алып келет.
2015-жылы БУУнун КЖКБ, ПАС жана Түштүк Африканын Парламенти биргелешип “Ар бир адамдын жарандыкка укугу” деген темада конференция өткөрүшкөн. Бул конференция жарандыкты жоюуга багытталган чечимдердин маалымдуулугун жогорулатууга салым кошту.