БУУнун өлкөлүк командасынын атынан, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Туруктуу координатору Антье Граве Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдарына кат менен кайрылып, сойкулук менен алектенген деп шектелген аялдардын жеке маалыматтарынын жана өздүк маалыматтарынын коомчулукка жайылышына тынчсыздануусун билдирди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бир катар жерлеринде массаж жана сойкуканалар деп аныкталгандан кийин массалык маалымат каражаттарында кеңири жарыяланган видеотасмада аялдардын жүзүн жана документтерин жакындан тартылган сүрөттөр чагылдырылган.
Антье Граве айым аялдардын жеке турмушуна кол тийбестик, басмырлоого жол бербөө, сот чечимине чейин күнөөсүз деп эсептелүү жана кадыр-баркты басмырлаган мамилеге дуушар болбоо боюнча укуктарынын бузулушуна токтолуп, адам сатуу жана сойкулук кылууга мажбурлоо кылмыштардын потенциалдуу курмандыктарын жана күбөлөрүн коргоо зарылдыгын баса белгиледи.
БУУнун Туруктуу Координатору келечекте ушундай окуялардын алдын алуу жана жабыр тарткан аялдарды коргоо жана колдоо үчүн аялдардын сүрөттөрүн жайылтууга алып келген жагдайларды тез арада карап чыгууга чакырды. Ал ошондой эле бийликти жабырлануучу аялдардын арасында адам сатуунун же эксплуатациялоонун потенциалдуу курмандыктары менен күбөлөрүнүн укуктарын аныктоого жана коргоого, ошондой эле аялдардын бардык сүрөттөрүн тез арада алып салууга көмөктөшүүгө үндөдү.
Кошумча маалымат:
БУУнун Аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча комитети 2021-жылдын ноябрында БУУнун Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциянын (АБФЖ/CEDAW) аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын бешинчи мезгилдүү баяндамасын карап, өзүнүн Корутунду байкоолорунда «Адам сатуунун курмандыктарын аныктоо, идентификациялоо жана жөнөтүү, ошондой эле курман болгондордун жеке маалыматтарынын купуялуулугу боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан бекитилген директиваларды» кубаттады. Комитет башка нерселер менен катар Кыргыз Республикасына «адам сатуунун курмандыктарын, анын ичинде аялдардын кемчиликте болгон топторун эрте аныктоону камсыз кылууну, курмандыктарды интернет аркылуу ишке тартууга каршы чараларды көрүүнү жана сотторду окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууну» сунуштады, прокурорлор жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери жабырлануучулардын өздүгүн тактоо жана жашы жете электерге карата гендердик өзгөчөлүктөрүн жана тергөөнүн жана сурактардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тергөө жана сурактарды жүргүзүүнүн ыкмалары боюнча.
АБФЖ корутунду байкоолоруна шилтеме:
Орус жана англис тилдеринде: https://tbinternet.ohchr.org/_layouts/15/treatybodyexternal/Download.aspx?symbolno=CEDAW%2FC%2FKGZ%2FCO%2F5&Lang=en