Саламаттыкты сактоону жогорку сапат менен камсыз кылуу: акушердик көзөмөл жана жооп берүү системалары аркылуу энелердин ооруларын алдын алуу
29 август 2024
Энелер чалдыккан оорулар энелер дуушар болгон өлүмү көрүнүшүнө караганда бир топ кеңири таралган олуттуу көйгөй. Бирок Кыргызстанда мындай учурлар боюнча маалымат берүү системасы кеңири тараган эмес. Бирок ал система өз убагында кайрылууларда энелердин өлүмүн алдын алып, энелердин оор абалдагы оорулары боюнча ишенимдүү маалыматты чогултуу зарылдыгын баса белгилейт.
Бириккен Улуттар Уюмунун Түштүк-Түштүк кызматташтык долбоору энелердин ден соолугун жакшыртуу боюнча демилгени ишке ашырууда. Индия-БУУнун Өнүктүрүү өнөктөштүк фонду тарабынан каржыланган бул долбоор Кыргызстандагы беш пилоттук төрөт үйүндө акушердик көзөмөл жана жооп кайтаруу системасын (АКЖКС) жана телеконсультацияны колдонуу менен сапаттуу медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу аркылуу энелердеги алдын алына турган ооруларын кыскартууга багытталган.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана БУУнун Калк фонду (ЮНФПА) тарабынан ишке ашырылууда.
АКЖКС платформасы пилоттук төрөт үйлөрүнөн төрөттөн кийинки оор кансыроо жана эклампсия учурлары тууралуу маалыматты онлайн чогултууну жеңилдетүү үчүн атайын иштелип чыккан.
Платформанын негизги максаты - энелердин ден соолугунун оор абалына мониторинг жүргүзүүнү жана жооп кайтарууну жакшыртууга мүмкүндүк бере турчу маалыматты чогултууну борборлоштуруу жана тартипке келтирүү болуп саналат.
Маалыматты чогултула башталганга чейин төрөт үйлөрүнүн 41 адиси, АКЖКСтин Аткаруу комитети жана мультидисциплинардуу команда платформаны колдонуу боюнча билимин жана көндүмдөрүн жогорулатуу боюнча окуудан өтүштү. 2024-жылдын май айынан бери алар эненин ден соолугунун эки өзгөчө абалы: төрөттөн кийинки кансыроо жана эклампсия боюнча маалыматты чогултууну улантып келе жатышат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин эксперти Чолпон Стакеева АКЖКСтин маанилүүлүгүн төмөндөгүчө баса белгилейт: “Бул система маалыматты чогултуунун жана талдоонун кылдат процессин камтыйт. Долбоордун беш төрөт үйүнүн атайын даярдалган репортерлору ар бир кейстин деталдуу баяндамасын чогултуп, андан кийин алар кылдаттык менен каралат. Маалыматты чогултуунун максаты системалуу көйгөйлөрдү, аларды өзгөртүүнү аныктоо жана саламаттыкты сактоо кызматтарын көрсөтүүнү үзгүлтүксүз жакшыртууга колдоо көрсөтүү болуп саналат”.
Демилгенин негизги аспектиси - оор учурларды аныктоо үчүн конкреттүү критерийлерди иштеп чыгуу. Бул критерийлерге куюлган кандын көлөмү, гемоглобиндин деңгээлинин төмөндөшү жана операцияга муктаждык сыяктуу факторлор кирет. Бул критерийлерге жооп берген учурлар иш тобунун комиссиясы тарабынан кошумча иликтөө үчүн белгиленет, бул сапатты жакшыртууга максаттуу мамиле жасоого мүмкүндүк берет.
Демилге ошондой эле үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт жана медициналык кызматкерлер арасында ачык баарлашуу маданиятын жайылтат. Кейстердин үзгүлтүксүз биргелешкен каралып талкууланышы, ошондой эле кам көрүүдөгү мүмкүн болгон кемчиликтерди аныктоого жана аларды оңдоп кетүү чараларын ишке ашырууга жардам берет.
“Үзгүлтүксүз окутуунун зарылдыгы жана отчеттуулуктун жетишсиз болуу коркунучу сыяктуу кыйынчылыктар бар болсо да, сапатты жакшыртууга болгон умтулуу туруктуу бойдон калууда, - дейт Чолпон Стакеева, “Биздин түпкү максат – оор инциденттерден сабак алуу жана далилдерге негизделген сунуштарды ишке ашыруу менен бейтаптын коопсуздугун жана натыйжаларын жакшыртуу. Бул демилге сапаттуу медициналык тейлөө менен баарын камсыздоо боюнча үзгүлтүксүз аракеттерге баалуу колдонмо болуп кызмат кылат”.
АКЖКС платформасынын биргелешкен аракеттери жана системалуу ишке ашырылышы аркылуу эклампсия жана төрөттөн кийинки кансыроо боюнча маалыматты чогултулушу - Саламаттыкты сактоо министрлигине эрте аныктоону жакшыртууга жана бейтаптырдын коопсуздугун жакшыртууга жардам берет. Азыркы учурдагы чогултулган маалыматка таянганда, бул демилгенин ишке ашырылышы Кыргызстанда энелердин ден соолугуна мониторинг жүргүзүү жана оор абалдарга жооп кайтаруу стратегиясын иштеп чыгууда маанилүү этап болчудай.