Пресс-релиз

Кош бойлуу аялдарга, энелерге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында беш төрөт үйүнө жабдуулар алынды

16 сентябрь 2024

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана ЮНФПА тарабынан уюштурулган Перинаталдык борбордо жабдыктарды тапшыруу аземи Кыргызстанда энелердин оор оорууларын азайтуу жана энелердин ден соолугун чыңдоо боюнча олуттуу кадам болуп саналат.

2024-жылдын 12-сентябрында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фонду (ЮНФПА) тарабынан уюштурулган жабдууларды тапшыруу аземи өтүп, ал энелердин ден соолугун чыңдоого карай олуттуу дагы бир кадам болду. Сапатты жакшыртууну көздөгөн долбоордун алкагында бул демилге өлкөдө алдын алына турчу энелердин ооруларын кыскартууга багытталган.

Photo: © UNFPA

Салтанатка Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов баш болгон жогорку даражалуу жетекчилер катышып, ал өз сөзүндө: «Бул долбоор өлкөбүз үчүн абдан маанилүү, анткени энелердин алдын алууга мүмкүн болгон ооруларын кыскартууга багытталган. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Индия өкмөтүнө бул колдоо үчүн жана долбоорду ишке ашырган ЮНФПАга ыраазычылык билдирүү менен менин кесиптештериме бул маанилүү долбоорду ишке ашырууда жакшы натыйжаларга жетишүүнү каалайм», - деди.

Берилген жабдуулар Индия-БУУ Өнүктүрүү өнөктөштүк фонду тарабынан каржыланган долбоордун алкагында сатылып алынган. Ал Кыргызстандын беш пилоттук төрөт үйүндө акушердик көзөмөл жана жооп кайтаруу системасын (АКЖКС) жана телеконсультацияларды колдонуу аркылуу сапаттуу медициналык кызматтарын жакшыртууга багытталган.

«Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугуна байланыштуу бул иш-чаранын жана долбоордун катышуучусу болуу мен үчүн чоң сыймык. Ден соолук жашоодогу эң негизги баалуулук, энелерге келгенде маселе биринчи орунга чыгат. Ал эми эненин ден соолугуна салым кошкондо биз бир эле адамдын эмес, анын балдарынын, анын жакындарынын, ошого жараша бүтүндөй коомдун саламаттыгына салыш кошкон болобуз. Мындай саламаттыкты сактоо чыгымдары чыгаша эмес, чыныгы салым болуп калат. Ал эми калктын саламаттыгына салым кошуу менен биз өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошобуз», - деп Индиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Мохан Сингх мырза баса белгиледи.

Photo: © UNFPA

Бириккен Улуттар Уюмунун Түштүк-Түштүк кызматташтыгы күнүнө туш келген аземде эненин жана ымыркайдын ден соолугун чыңдоо боюнча кеңири иш-аракеттерди көрсөтүү максатында керектүү жабдуулардын кеңири спектри тапшырылды. Белектердин арасында реалдуу убакыт режиминде төрөт учурунда жана төрөт процессине мониторинг жүргүзүү жана кош бойлуу аялга жана түйүлдүккө жардам көрсөтүү үчүн 40 планшет, реалдуу убакыт режиминде телемедицинаны жана акушердик өзгөчө кырдаалдарда телеконсультацияларды ишке ашыруу үчүн 21 компьютер бар.

Кошумчалай кетсек, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү процессин автоматташтыруу жана Мамлекеттик электрондук кызмат порталындагы кызматты интеграциялоо максатында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана жарандар үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча маанилүү кадам катары пилоттук төрөт үйлөрүндө компьютерлер орнотулат. Бул демилге ата-энелерге балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн төрөт үйлөрүнөн эле дароот онлайн каттоого мүмкүндүк берет, бул документ алуу процессин бир топ тездетет жана мамлекеттик органдарга баруу зарылдыгын азайтат.

Мындай чечимдер менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жарандар үчүн ыңгайлуу жана натыйжалуу шарттарды түзүүгө, бюрократиялык процесстерди жөнөкөйлөтүүгө жана маанилүү документтерди алууга кеткен убакытты кыскартууга умтулууда.

Photo: © UNFPA

Техникалык жабдуулардан тышкары орто жана үчүнчү деңгээлдеги беш акушердик уюмдарга, тактап айтканда, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына, Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына, Ысык-Көл жана Чүй областтык ооруканаларына, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборуна 100 пауэрбанк, аз салмактагы жана мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн ымыркайларда термикалык чынжырды сактоо үчүн 100 жууркан,  инфекциялык контролду эске алуу менен ишти уюштуруу үчүн 100 чыканак диспенсери, хирургиялык медициналык персонал үчүн операциялык бөлмөлөрдө жана стерилдүү аймактарда колдонуу үчүн гигиеналык жана санитардык коопсуздук стандарттарын сактоо максатында кесиптик форманын маанилүү элементи катары 100 жуп жабык бут кийим жеткирилет.

Бул комплекстүү демилге Кыргызстандагы энелердин ден соолугун чыңдоого чоң салым кошууга мүмкүнчүлүк берет. Технологияны колдонуу жана кызматташтыкты илгерилетүү менен, ал бүт Кыргызстан боюнча аялдардын жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыздоого бардык өнөктөштөрдүн умтулуусун көрсөтөт.

Гүлайым Шигайбаева

ЮНФПА
Коммуникация боюнча эксперт

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ЮНФПА
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар