«Жаран болгондон бери менин жашоом жакшы жакка өзгөрдү»
Самирдин Кыргыз Республикасында туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болгону менен анын бар экендиги жана жарандыгы тууралуу эч кандай жазуу болгон эмес.
Ар кандай жашта жана жашоонун каалаган баскычында ата-эне жоготуу — бул оор сыноо. Самирдин энеси кайтыш болгондо, ал 16 жашта эле болчу, анын өзүнө, кичинекей карындашына жана инисине кам көрүүсүн талап кылды. Алардын атасы бир нече жыл мурун дүйнө салган. Самир өспүрүм болгон себептен, жакын арада бийлик анын карындашын мамлекеттин камкордугуна өткөрдү. 18ге чыгып, карындашынын камкордугун алууга аракет кылганда гана Самир анын инсандыгын жана жарандыгын тастыктаган жарактуу документтери жок экенин түшүнгөн. Кыргыз Республикасы үчүн ал көрүнбөй калган.
Туулган, бирок көрүнбөгөн
Самир Кыргыз Республикасында туулуп-өскөн, ата-энесине туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген. Ата-энеси экөө тең өлкөнүн жараны болгондуктан, ал жаран катары эсептелген. Ал башталгыч жана орто мектептерге барып, футбол ойноп, башка өспүрүмдөр сыяктуу достору менен чогуу жүрчү. Бирок көп өтпөй баары өзгөрдү.
«Энем кайтыш болгондо, бизге жашоо оор болду, анткени үй-бүлөдө жалгыз киреше булагы анын жумушу эле», — дейт Самир. «Менин кичинекей иним жана мен мектепти аяктап жаттык, анан мага иштеш керек болду». 16 жашка чыккандан кийин, Самир Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборуна барып, мыйзамдуу иштөө үчүн жана үмүттөнгөндөй, карындашына камкорчулукка алуу үчүн паспортту алууга аракет кылган. Бирок, ал ата-энесинин макулдугун бере албай тургандыктан, ага 18 жашка чыкканда кайтып келүүсүн айтышты.
18 жашында Самир кайрадан Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборуна барып, зарыл болгон документтерди, анын ичинде туулгандыгы тууралуу күбөлүктү тапшырган. Бирок текшерүү учурунда маалымат базасында жана архивдерде анын туулгандыгы тууралуу жарандык каттоосу жок экендиги аныкталды. Самирдин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жараксыз деп табылды. Самир Кыргыз Республикасынын жараны эме, башка бир өлкөнүн жараны эмес деп эсептелген.
Негизги укуктарга жеткиликтин жоктугу
Жарандыгы жок адам — бул эч кандай мамлекет өзүнүн мыйзамдарына ылайык аны жаран катары тааныбай турган адам. 2024-жылдын октябрь айынын абалы боюнча Борбордук Азияда 34 000ден ашуун жарандыгы жок адам катталган. Аларды көпчүлүгү мурдагы Совет Союзунун жарандары же алардын азыркы көз карандысыз мамлекеттердин жарандыгын ала элек же аны аныктаган эмес мурастары. Башкалары жарандыгы жок болуп туулган же жарандык боюнча мыйзамдардагы кемчиликтерден, административдик тоскоолдуктардан жана аралаш никелерден улам жарандыгы жок адамдарга айланышкан.
Жарандыгы же кандайдыр бир мыйзам макамы жок болсо, жарандыгы жок адамдар билим берүү, саламаттыкты сактоо, жумушка орношуу жана кыймыл эркиндиги сыяктуу негизги укуктарга жетүү кыйынчылыкка туш болушат.
«Документтерим жок болгондуктан ооруканаларга, поликлиникаларга бара албай, кесип үйрөнө албай, иштей албай калдым».
«Документтерим жок болгондуктан ооруканаларга, поликлиникаларга бара албай, кесип үйрөнө албай, иштей албай калдым», — дейт Самир.
«Менин бардык досторум паспорт ала башташты, мен ала албадым. Менин эң жакын досум бар, экөөбүз тең жашпыз. Орто мектепти аяктагандан кийин бир университетке тапшырабыз деп жүрчубүз, бирок документтерим жок болгондуктан мени кабыл алышкан жок».
Самир көп жылдар бою ар кандай мамлекеттик органдарга кайрылып, жардам сурап, жарандыгын далилдөөгө аракет кылган. Өз алдынча маселени чече албаган Самир акыры Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар Боюнча Агенттигинин өнөктөшү болгон «Адилет” Укуктук Клиникасы» коомдук фондуна кайрылган.
Эми көрүнбөгөн адам эмес
2019-жылы жарандыгы жок адамдарды идентификациялоо боюнча жалпы улуттук кампаниянын жыйынтыгында Кыргыз Республикасы жарандыгы жоктордун бардык белгилүү учурларын толук чечкен дүйнөдөгү биринчи өлкө болду. Жарансыздыктын алдын алуу боюнча иш-чаралар улантылды: өлкөдө төрөлүүнү боюнча универсалдуу каттоо киргизилди, «Жарандык жөнүндө» мыйзамдагы жарандыгы жок адам деген аныктама эл аралык стандарттарга ылайык келтирилди, жарандыктан чыгууда жарансыздыкка каршы кепилдиктер киргизилди.
«Адилет» Укук Клиникасы Самирге консультация жана юридикалык колдоо көрсөткөн.
«Мен кичүү карындашыма камкордукка алууну жол-жоболоштуруу үчүн документтерди чогултуп, ошол эле учурда паспорту жок инимдин документтерин чогултуп жаткам. Чындыгында ал абдан оор мезгил болду”,- дейт Самир. Суранычтар аркылуу текшерилгенде, Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлорунун архивдеринде Самирдин туулгандыгы тууралуу каттоо жок экени аныкталып, улуттук мыйзамдарга ылайык, маселени чечүү үчүн ал сотко кайрылышы керек болчу. «Адилет» Укуктук Клиникасынын жардамы менен Самир туулгандыгын тастыктоо үчүн сотко арыз тапшырды. Сот анын пайдасына чечим чыгарып, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаментин туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен документтештирүүгө милдеттендирди. Көп өтпөй ал ата-энесинин аты-жөнү көрсөтүлгөн жарактуу туулгандыгы тууралуу күбөлүк алган. Андан соң Самир жарандыгын расмий тастыктаган Кыргыз Республикасынын паспортун алган.
3төн1: Жарансыздык Жарансыздыкты жоюу
«Жарандык алгандан кийин жашоом жакшы жакка өзгөрдү» — дейт Самир. «Паспортумду алганда абдан сүйүндүм. Мен азыр мага ачыла турган бардык мүмкүнчүлүктөрдү дароо элестете баштадым, мурда мен үчүн мүмкүн болбогон нерселерди жасай алам».
«Эми мен расмий түрдө иштей алам, окуй алам, ооруканаларга бара алам, айдоочуу күбөлүгүн ала алам».
Самирдин туруктуу кирешеси жок болгондуктан, ал азырынча кичүү карындашынын камкорчулук алуу үчүн арыз бере алган жок. Анын ордуна досунун ата-энеси ушул ролду өзүнө алып, үй-бүлөнү бирге сактап калышты.
«Менин келечектеги пландарым — окууга баруу. Мага 21 жаш болсо да, окуу эч качан кеч эмес. Мен кесип алуууну каалайм, балким, чет өлкөгө барып, ошол жакта иштеп, саякаттап, жаңы нерселерди көргүм келет».
Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар жарандыктан ажыратылган, ошол үчүн аларга адам укуктарын толук пайдаланууга жана коомдук жашоого катышууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Мамлекеттер жарандык берүүгө же аны тастыктоого укуктуу болгону үчүн, жарандыгы жоктукту алдын алуу жана азайтуу боюнча өкмөттөрдүн кызматташтыгы өтө маанилүү.
2014-жылы башталган дүйнөлүк 10 жылдык #IBelong кампаниясы — эң ири донору БУУнун Качкындыр боюнча агенттиги, АКШнын өкмөтү жана америкалык эл, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү өнөктөштөрдүн чоң колдоосу менен — 2024-жылга чейин жарансыздыкты жоюуга багытталган. Соңку он жылдын ичинде Борбордук Азия мамлекеттери БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин колдоосу менен жарандыгы жоктукту 210 000ден ашуун адамдын маселесин чечүүдө чоң ийгиликтерге жетишти. Дүйнө жүзүндө белгилүү жарансыздыктын ар бир үчүнчү учуру Борбор Азияда чечилген.
#IBelong кампаниясынын сезилерлүү жетишкендиктерине жана ийгиликтерине таянуу менен, жарансыздыкты жоюу боюнча аракеттер жана милдеттенмелер жаңы Дүйнөлүк альянс алкагында улантылат.
БУУнун Качкындар боюнча агенттиги Кыргыз Республикасынын жарандыгы жокторду аныктоо жол-жоболорун кабыл алуусун жана БУУнун жарансыздык боюнча эки конвенциясына кошулуусун колдоону жана жактоосун улантууда.