Дипломатиялык корпус жана өнүктүрүү өнөктөштөрү үчүн брифинг
Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Координаторунун сөзү
23‑июнь 2025, 16:00, Park Hotel
Урматтууминистрлердин орун басарлары,
Улууурматтуукатышуучулар,
Урматтууөнүктүрүүөнөктөштөрү,
Коллегаларжанадостор,
Бүгүнкүбрифинггечынжүрөктөнкошкелиңиздер. Брифингдинтемасы — Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун 2024‑жылда Өкмөт жана башка өнөктөштөр менен биргеликте жетишкен жыйынтыктары жана 2025‑жылгакаратастратегиялык артыкчылыктары.
Айрыкчаминистрлердин орун басарларын – биздин биргелешкен координация механизмдеринин теңтөрагаларын – тосуп жатканыбызга кубанычтабыз. Алар Өкмөттүн артыкчылыктары менен биздин ишибиздин шайкештигин камсыз кылууда маанилүү роль ойноду.
11‑июнда Өкмөт менен биргелешкен Стратегиялык Координациялык Комитетинин жыйынын өткөрүп, анда 2025‑жылгакаратаБиргелешкенишпландардыкарапчыгып, расмий кабыл алдык. Бул пландар 2023–2027‑жж. БУУнунТуруктууӨнүктүрүүКызматташтык Программасынын алкагында иштелип чыгып, Өкмөттүн улуттук стратегиялары менен толук шайкеш келет. Өкмөттүн жана БУУнун төрагалары жакын арада пландарды тааныштырмакчы.
Эми 2024‑жылы биргелешип жетишкен жыйынтыктарга жана иш ыкмаларга кыскача токтолсок:
27 агенттик, фонд жана программа 180ден ашуун долбоорду ишке ашырды. Ал 4 приоритеттик багытта болду: социалдык кызматтар жана сапаттуу жумуш; инклюзивдүү «жашыл» экономикалык өнүгүү; климат аракеттери, экология жана кырсыктарга каршы аракеттер; башкаруу, адам укуктары жана тынчтык куруу. Жалпы бюджет — 57,3 млн АКШ доллары.
100 000ден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран колдоо алса, 1,4 млн студент жаңы билим берүү системасына кошулду. Климат тобокелдигине 150 000ден ашуун адам алдын ала корголуп, айымдар жетектеген чакан бизнес 25 млн долларлык келишимдерди жеңип алышты.
Нормативдик күн тартиби да БУУ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өнөктөштүктүн маанилүү элементи бойдон калууда: биз Жогорку Кеңешке Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) жетүүнү көзөмөлдөө боюнча парламенттик механизмдерди күчөтүүдө жана акысыз юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө колдоо көрсөттүк; башка өнөктөштөр менен биргеликте адам укуктарын жана негизги эркиндиктерди илгерилетүү жана коргоо, коомдук ынтымакты бекемдөө жана чек арадагы жамааттарды колдоо боюнча иштерди жүргүздүк.
Мындан тышкары, биз Өкмөткө климат боюнча Париж келишими алкагындагы үчүнчү Улуттук деңгээлде аныкталган салымдардын топтомун иштеп чыгууда колдоо көрсөтө баштадык. Бул документ Кыргызстандын климаттык саясатынын багытын алдыдагы жылдарга аныктап берет жана КС30 (COP30) жыйынында, быйыл Бразилияда, сунушталаары күтүлүүдө. Жаңыртылган милдеттенмелер 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууну камсыз кылган жаңы иш-аракеттер планына интеграцияланат.
Кыргызстандын Экинчи Улуттук Ыктыярдуу Сереби – негизги этаптардын бири болуп саналат. Бул документ өткөн жайдан бери даярдалып, Өкмөт тарабынан келерки айда Нью-Йорк шаарында өтө турган Жогорку деңгээлдеги Саясий форумда БУУ системасынын кеңири колдоосу менен сунушталмакчы.
Улуттук Ыктыярдуу Сереп – жарандык коомдун жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн кеңири катышуусу менен даярдалып, Кыргызстанды тоолорду жана криосфераны коргоо маселелерин глобалдык деңгээлде илгерилетүүдө лидер катары көрсөтөт. Ошондой эле, өлкөнүн социалдык инклюзивдүүлүккө жана “эч кимди артта калтырбоо” принцибине бекем берилгендигин баса белгилейт.
Ошол эле учурда, сереп жакырчылык, теңсиздик жана калктын аярлуу катмары сыяктуу чечилбей келе жаткан структуралык көйгөйлөр дагы белгиленип, аларды жоюу боюнча кошумча аракеттердин зарылдыгы айтылат.
Бул Өкмөттүн Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) жана айрыкча жакырчылык менен теңсиздикти жоюуга болгон бекем умтулуусун дагы бир жолу тастыктайт. Бул умтулуу Президент Садыр Жапаров тарабынан ТӨМ боюнча Саммитте жана “Келечек саммитинде” да айтылган.
Бул жыйынтыктарга ылайык, 2025-жылга карата биргелешкен иш-пландар инклюзивдүү "жашыл" экономикалык өсүүнү илгерилетүүгө, климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулукту жогорулатууга, социалдык системаларды чыңдоого жана башкаруу, коомдук ынтымак жана тынчтыкты орнотуу боюнча реформаларды алдыга жылдырууга багытталат.
Бул артыкчылыктарга натыйжалуу жетишүү жана БУУ системасын реформалоо алкагында, өлкөдөгү БУУ командасы биргелешкен программалоо жана өнөктөштүк мамилелерине өзгөчө басым жасоодо. Бүгүнкү күндө тогуз биргелешкен демилге ишке ашырылууда: алардын ичинде Тынчтыкты орнотуу фондунун алты программасы, ТӨМ фондунун санариптик саламаттык сактоо жана ТӨМдү локалдаштыруу боюнча эки демилгеси, ошондой эле Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары боюнча өнөктөштүк бар. Ошондой эле биз гендердик зомбулукка каршы күрөш жана шайлоолорду колдоо сыяктуу багыттарда биргелешкен программаларды кеңейтүүгө умтулуудабыз.
Бирок ушундай кең масштабдагы жана амбициялуу ишти улантуу үчүн негизги маселени чечүү зарыл – бул каржылоо.
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда да, БУУ системасы каржылык кыйынчылыктардын өсүп жаткан абалына туш болууда. Улуттук артыкчылыктарга ылайык келип, комплекстүү чечимдерди сунуштоого мүмкүндүк берген эң баалуу ресурс болгон ийкемдүү базалык каржылоо көлөмү кыйла кыскарды: 2024-жылы 10,1 миллион АКШ долларынан быйыл 5,6 миллион АКШ долларына чейин төмөндөдү. Ошол эле маалда бар болгон ресурстардын барган сайын көбүрөөк бөлүгү тармактар, долбоорлор же географиялык аймактар боюнча катуу багытталып, бул биздин стратегиялык жана комплекстүү жооп кайтаруу жөндөмүбүздү чектөөдө.
Бул жагдай жер-жерлерде реалдуу таасирин тийгизе баштады. 2025-жылдын башында каражат тартыштыгынан улам БУУнун бир катар уюмдары өз программаларын токтотууга же кыскартууга аргасыз болушту. Өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин азайтуу, миграция, ВИЧтин алдын алуу жана балдарды коргоо жаатындагы иштер коркунуч алдында калды. Базалык каржылоонун кыскарышы ошондой эле Өкмөттүн жана башка өнөктөштөрдүн суроо-талаптарына ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүбүздү да чектеп жатат.
Ушундай шартта, 2024-жылы ЭКОСОС алкагында кабыл алынган Каржылоо келишими өзгөчө мааниге ээ болууда. Ал өнүктүрүүнү натыйжалуу каржылоо үчүн ыктыярдуу алкак катары кызмат кылат жана донорлорду да, БУУ системасын да төмөнкүлөргө чакырат: көбүрөөк алдын ала пландалган, ийкемдүү базалык каржылоого өтүүгө; өлкөлүк деңгээлдеги биргелешкен фонддорду өнүктүрүүгө; ресурстарды улуттук артыкчылыктар менен жакшыраак шайкештештирүүгө; жана донордук каражаттардын таасирине карата ачык-айкындуулукту жогорулатууга.
Башкача айтканда, биз БУУ системасынын бөлүнүп-жарылган иш-аракеттерине эмес, анын бүтүндүгүнө инвестиция салууга чакырабыз. Өзүнчө өз алдынча долбоорлорго эмес, интеграцияланган жана өзгөртүүчү жыйынтыктарга каражат бөлүүнү сунуштайбыз.
Операциялык натыйжалуулук да биздин артыкчылыктуу багытыбыз бойдон калууда. Акыркы эки жыл ичинде биз биргелешкен сатып алуулар, накталай каражаттарды өткөрүп берүү процессин шайкеш келтирүү жана кызматтарды чогуу пайдалануу аркылуу 1 миллион АКШ долларынан ашык үнөмдөөгө жетиштик. Бул аракеттерди мындан ары дагы кеңейтүү пландалууда.
Ошентсе да, негизги маселе — туура каржылоо булактарын камсыз кылуу: бул бизге стратегиялык пландаштырууга, күч-аракеттерди интеграциялоого жана улуттук муктаждыктарга ийкемдүү жооп кайтарууга мүмкүнчүлүк берген ресурстар.
Бул багыттагы негизги кадамдардын бири — биргелешкен фонддорду түзүү болуп саналат. Мен өзгөчө көңүлүңөрдү Кыргызстандын Табиятты Сактоо Фондуна (CTF) бурууну каалайм, ал учурда активдүү даярдык стадиясында турат.
Кыргызстандын Табиятты Сактоо Фондун (CTF) түзүү көп тараптуу трасттык фонд катары пландалууда. Анын негизги максаты — өлкөдө биологиялык ар түрдүүлүк менен экосистемаларды сактоо үчүн туруктуу жана узак мөөнөттүү каржылоону мобилизациялоо. Бул фонд жаратылышты коргоо боюнча гранттык программаларды жана инновациялык инвестицияларды колдоону көздөйт. Атап айтканда, ал тоо экосистемаларынын туруктуулугун бекемдөөгө, жергиликтүү жамааттарды колдоого жана климаттык жана суу коопсуздугун чыңдоого багытталат.
Мен сиздерди ушул флагмандык механизмге инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырам. Ал Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш мурасын сактап калууга гана эмес, жалпы аймактагы туруктуулукка жана өнүгүүгө салым кошот.
«Артка эч кимди калтырбоо» принцибинде кошумча бириккен фонд түзүү да каралууда, ал аркылуу жарандарынын жакыр топторуна жардам көрсөтүүнү натыйжалуу координациялоо жана масштабдоо иштери жүргүзүлөт.
Ошол эле маалда биз донорлор менен Өкмөт менен биргеликте жаңы каржылоо булактарын издөө боюнча сүйлөшүүлөрдү алып баратабыз, анын ичинде табият үчүн карызды алмашуу, аралаш каржылоо жана жеке сектор менен өнөктөштүк сыяктуу инновациялык инструменттер каралууда
Улуу урматтуу катышуучулар,
Мен сөзүмдү жөнөкөй билдирүү менен жыйынтыктоого уруксат бериңиздер: Кыргызстандагы БУУ тутуму натыйжаларды көрсөтүүдө — жана дагы көп иштерди жасоого даяр. Бирок бул үчүн бизге сиздердин өнөктөштүгүңүздөр керек. Негизги каржылоого жана бириккен механизмдерге өтүү зарыл. Кызматташтыкты, интеграцияны, натыйжалуулукту жана таасирди стимулдаштыруучу инвестициялар талап кылынат.
Климаттын өзгөрүшүнөн тарта теңсиздикке жана өтүмдүү тынчтыкка чейинки глобалдык чакырыктар шартында — Кыргызстанда биздин жалпы жоопкерчилигибиз — колдообузду чоң көлөмдүү гана эмес, чындап натыйжалуу кылуу.
Бирге — акылдуураак каржылоо, тыгыз кызматташтык жана 2030-жылга чейинки күн тартибинде жалпы милдеттенме менен — Кыргызстанга жаңы Улуттук өнүгүү стратегиясында так белгиленген жана амбициялуу туруктуу жана инклюзивдүү өнүгүү максаттарын ишке ашырууга жардам бере алабыз.
Сиздердин туруктуу ишенимиңиздер жана колдооңуздар үчүн ыраазычылык билдирем.
Кайрылууну жасаган
