Пресс-релиз

Тынчтык куруу күнүндө Кыргызстан БУУ менен тынчтык куруу боюнча 16 жылдык кызматташтыгынын жыйынтыктарын белгиледи.

23 июнь 2026

Бишкек, 2026-жылдын 23-июну - Бүгүн Бириккен Улуттар Уюму жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкө боюнча тынчтыкты куруу жаатында аткарылган он алты жылдык ишти чагылдырган көргөзмөнүн ачылышы менен Тынчтык куруу күнүн белгилешти. Иш-чаранын алдында БУУнун Тынчтык куруу фондунун Биргелешкен жетектөөчү комитетинин жыйыны өттү.

Бул иш-чаралар дүйнө жүзүндө алгачкы жолу белгиленип жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык куруу жумалыгынын алкагында өтүүдө. Быйыл Тынчтык куруу комиссиясынын жана Тынчтык куруу фондунун түзүлгөнүнө 20 жыл толду. Кыргызстан 2010-жылдан бери Фонд менен өнөктөштүктө иштеп келет. Ушул мезгил аралыгында өлкөдө коомдук ынтымакты чыңдоого, чек ара аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, жаштар менен аялдардын лидерлигин колдоого жана климаттык туруктуулукту жогорулатууга 64 миллион АКШ долларынан ашык каражат багытталган.

2025-жылдын декабрында Кыргызстан биринчи жолу Тынчтык куруу комиссиясынын жыйынында чек ара аралык тынчтык куруу жаатындагы тажрыйбасын сунуштады. Анда Тажикстан жана Өзбекстан менен түзүлгөн тарыхый чек ара келишимдери талаш-тартыштарды тынч жол менен чечүүнүн ийгиликтүү үлгүсү катары белгиленди.

Бул маараке дагы бир маанилүү дипломатиялык жетишкендик менен дал келүүдө. 2026-жылдын 3-июнунда Кыргызстан 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Өлкө өзүнүн шайлоо өнөктүгүндө жаңжалдардын алдын алуу, талаштарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу жана «Аялдар, тынчтык жана коопсуздук» күн тартибин илгерилетүүгө өзгөчө басым жасаган.

Көргөзмөнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров мырза жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве айым ачышты. Алты тематикалык аянтчада Өзгөн, Аксы, Баткен, Ош, Сумбула жана Фергана өрөөнүнөн келген жергиликтүү тынчтык куруучулардын, аялдар тармактарынын, жаштар өкүлдөрүнүн жана климаттык туруктуулук боюнча адистердин ишмердүүлүгү көрсөтүлдү.

Биргелешкен жетектөөчү комитеттин жыйынында катышуучулар учурдагы каржылоо циклинин алкагында жетишилген жыйынтыктарды карап чыгып, алдыдагы мезгилге карата артыкчылыктуу багыттарды талкуулашты.

Маалымат үчүн

Бириккен Улуттар Уюмунун тарыхтагы алгачкы Тынчтык куруу жумалыгы 2026-жылдын 22–26-июнунда өтүп жатат жана 2005-жылы Коопсуздук Кеңеши менен Башкы Ассамблеянын биргелешкен резолюцияларынын негизинде түзүлгөн Тынчтык куруу комиссиясынын жана Тынчтык куруу фондунун 20 жылдыгына арналган.

Тынчтык куруу фонду - БУУнун жаңжалдардын алдын алуу жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу боюнча негизги каржылык механизми. Өзүнүн ыкчам, дем берүүчү жана тобокелчиликтерди кабыл алууга даяр мүнөзү менен Фонд дүйнөнүн 75 өлкөсү жана аймагына колдоо көрсөтүп, 2 миллиард АКШ долларынан ашык каражат бөлгөн. Ал 24 БУУ агенттиги жана жарандык коомдун 80ден ашык уюму менен кызматташат. Фонд негизинен мүчө мамлекеттердин ыктыярдуу салымдарынын эсебинен каржыланат. Ал эми 2025-жылдан тартып Башкы Ассамблея тарабынан бекитилген жыл сайынкы 50 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү милдеттүү каржылоо да каралган.

Кыргыз Республикасы Тынчтык куруу фондунун өнөктөшү болуп 2010-жылдан бери эсептелет. Он алты жыл ичинде Фонд өлкөдө коомдук ынтымакты, инклюзивдүү башкарууну, чек ара аралык кызматташтыкты, жаштар менен аялдардын лидерлигин жана климаттык туруктуулукту колдоого багытталган программалар үчүн 64 миллион АКШ долларынан ашык каражат бөлгөн. 2021–2026-жылдарды камтыган учурдагы циклде аяктаган, ишке ашырылып жаткан жана жаңы бекитилген долбоорлордун жалпы көлөмү болжол менен 20,7 миллион АКШ долларын түзөт.

  Chyngyz Zhanybekov

Чынгыз Жаныбеков

БУУ ТКК
Коомчулук менен байланыш боюнча адис

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
МЭАУ
Миграция боюнча эл аралык уюму / БУУнун Миграция боюнча агенттиги
БУУ АУЖКБ
Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
БУУ ТКК
БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсеси
БУУӨП
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы
ЮНЕСКО
Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, илим жана маданият боюнча мекемеси
ЮНФПА
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду
ЮНИСЕФ
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду
БУУ БКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар