Пресс-релиз

БУУ КЖКБ COVID-19 пандемиясы учурунда Кыргызстанда башпаанек издеген адамдар менен качкындарды багыттоо механизмдерин жакшыртууну колдоодо

17 февраль 2021

Бишкек, Кыргызстан – 17-февралда БУУнун Качкындар боюнча агенттиги (БУУ КЖКБ) Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдар менен качкындарды багыттоо механизмдерин жакшыртуу менен бирге алардын укуктарынын сакталышын жана корголушун камсыздоо боюнча уланып жаткан кызматташуунун алкагында Мамлекеттик чек ара кызматына 33 даана маалымат стенд өткөрүп берди. 

«БУУ КЖКБ коркунучтан улам өз өлкөсүнөн качкан адамдарды гуманитардык принциптерге ылайык коргоодо жана аларга жардам берүүдө Кыргызстандын Өкмөтү менен иштөөгө дагы деле кызыкдар. Бул принциптер Качкындар боюнча глобалдык келишимдин негизин түзөт жана пандемия ал принциптердин маанилүүлүгүн даана көрсөттү: өз үйлөрүн таштоого мажбур болгон адамдардын жардам берүү боюнча улуттук пландарга киргизилишин камсыз кылуу, жоопкерчиликти бөлүшүү жана биргеликте иштөө үчүн тилектештиктин духу. Кызматташтык менен конструктивдүү өнөктөштүктүн духунда – биргеликте –чечимдерди издеп табууга дагы деле даярбыз», – деди Ханс Фридрих Шоддер, БУУ КЖКБнын Борбордук Азия боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.

«Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы БУУ КЖБКнын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү менен ар түрдүү багыттар боюнча өз ара жигердүү аракеттешип келет. Атап айтканда, институционалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө – качкындарды чек арага келгенде кабыл алуу маселелери боюнча; ошондой эле мамлекеттик чек арадан өтүп жаткандарга укуктук маалымат берүү чөйрөсүндө», – деп баса белгиледи Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев. 

Мамлекеттик чек ара кызматы маалымат стенддерди чек арадан өткөрүү пункттарында орнотот. Чек арачылар потенциалдуу башпаанек издеген адамдарды тийиштүү мамлекеттик органдарга багытташы үчүн маалымат стенддеринде качкындарга тиешелүү мыйзамдар жөнүндө материалдар жана БУУ КЖКБ, Мамлекеттик миграция кызматы жана юридикалык жардам көрсөткөн бейөкмөт уюмдарынын даректери сыяктуу маалымат жайгаштырылат.

2020-жылы пандемия учурунда өз ден-соолугу менен калктын ден-соолугун коргоо максатында коопсуздук чараларын сактоо менен кызмат көрсөтүүсү үчүн БУУ КЖКБ Жапон өкмөтүнүн колдоосу менен Мамлекеттик чек ара кызматына 18 чек арадан өткөрүү пункттарындагы 1470 чек арачы үчүн жеке коргонуу каражаттарын берген. 1996-жылы БУУ КЖКБнын кеңсеси Бишкекте ачылган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен элине жалпысынан 60 миллион доллар өлчөмүндө түрдүү жардам көрсөткөн.

КОШУМЧА МААЛЫМАТ АЛУУ ҮЧҮН:

Казыбаева Аяна, БУУ КЖКБнын Кыргыз Республикасындагы административдик маселелер боюнча улуттук кеңешчиси: kazybaev@unhcr.org, телефон номуру +996 775 98 73 73.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

БУУ КЖКБ
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар