Балдардын жана аялдардын абалына COVID-19 тийгизген таасири боюнча Кластердик сурамжылоо
Акыркы Көп көрсөткүчтүү кластердик изилдөө (КККИ-2018) Кыргызстанда 2018-жылы Глобалдык MICS программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (Улутстатком) тарабынын жүргүзүлгөн. 2020-жылдын күзүндө КККИ-2018 үй чарбаларынын таңдалмасынын алдында Улутстатком өлкөдөгү балдардын жана аялдардын абалына COVID-19 тийгизген таасирин баалоо боюнча кошумча сурамжылоо жүргүздү. Каржылык жана техникалык колдоо БУУ Балдар фонду тарабынын көрсөтүлдү.
КККИ-2018ден кийинки сурамжылоо, суроолор тизмесинин модулдук структурасын жана таңдалган модулдарды, бакубаттуулук квинтилин, ыктымалдыктын маалыматтарын жана таңдоонун салмагын, ошондой эле жалпы ыкмаларды жана маалыматтардын сапатын көзөмөлдөөнүн механизмдерин мураска алган. Изилдөө группасы Глобалдык MICS программасы иштеп чыккан Covid-19 атайын модулун адаптациялаган жана аны суроолор тизмегине кошкон. Маалыматтарды чогултуу процесси түзүмдөштүрүлгөн телефондук интервью аркылуу жүргүзүлгөн – процесске маалыматтарды киргизүү тиркемеси жардам берген.
Баяндамага сурамжылоонун негизги жыйынтыктарынын бир катар статистикалык сүрөттөрү бириктирилди. Ушул баяндаманын максаты сурамжылоонун жыйынтыктарын өз убагында жайылтууда жана колдонууда турат.
КККИнин Глобалдык программасы жөнүндө кошумча маалыматты mics.unicef.org сайтынан таба аласыздар.