Пресс-релиз

Жол кыймылынын коопсуздугу: Кыргызстанда өлүмгө алып келген жол-транспорт кырсыктары азайганы байкалууда

22 январь 2018

Кыргызстандагы жол кыймылынын коопсуздугу боюнча 2016-жылдын октябрында өткөрүлгөн саясий диалог жол кыймылынын коопсуздугун арттыруу боюнча көп сандаган демилгелердин жаралышына алып келди. Бир жылдан кийин саламаттык сактоо министринин орун басары д-р Амангелди Мурзалиев өкмөттөгү, патрулдук милициядагы, парламенттеги, бейөкмөт уюмдарындагы (БӨУ), медицина жаатында кызмат көрсөтүүчүлөрдүн арасындагы 30 кызыкдар тарапка жетишилген прогресске баа берүүнү сунуштады.

ДССУ Саламаттык сактоо министрлиги менен эки органдын ортосундагы кызматташуу жөнүндөгү Эки жылдык келишимдин алкагында жолугушууну уюштурду.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо ири прогресске жетиштик, бирок алдыда аткарылчу иштер арбын

Саламаттык сактоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, патрулдук милициянын жана бейөкмөт уюмдарынын Кыргызстандагы жол кыймылынын коопсуздугу жаатындагы азыркы жагдай жөнүндөгү презентациялары жол-транспорт кырсыктарындагы өлүмдүн азайгандыгын бекемдешти.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мурзалиев катышуучуларга маалымдагандай, өкмөт жол кыймылынын коопсуздугуна артыкчылыктуу багытта маани берет, мында премьер-министр жол кыймылынын коопсуздугу боюнча комиссияны жетектейт.

ДССУнун көмөгү менен белгиленген ылдамдыктан ашырып айдоо, алкоголь ичимдиктерин ичүү жана коопсуздук жабдууларын колдонбоо сыяктуу тобокелдик факторлоруна байланышкан мыйзамдар каралып чыккан. Бул иштин жыйынтыгы 2016-жылдагы саясий диалогдун жүрүшүндө талкууланды. Парламентке 2016-жылы өткөрүлгөн саясий диалогдун сунуштамалары берилип, анын негизинде тийиштүү мыйзамдарга белгиленген ылдамдыктан ашырып айдоо, мас болуп айдоо жана коопсуздук жабдууларын колдонбоо үчүн айыптардын көлөмүн көбөйтүү үчүн оңдоолорду киргизүү сунушталган.

Д-р Мурзалиев ошондой эле саламаттык сактоо тутумунун жол-транспорт окуяларына жооп кайтаруусу жаатында да мыкты прогресс болгондугун билдирди. «Жол-транспорт кырсыктарынын натыйжасында жабырлангандарга медициналык жардам берүүнү камсыздоо үчүн кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү максатында 376 медициналык борбор ачылган», - деп сөзун улантты ал.

 «Өмүрлөрдү сактагыла (Save LIVES)» техникалык топтому

Жол-транспорт кырсыктарындагы өлүмгө алып келген учурларга байланышкан маселелерди чечүү Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүү үчүн өтө маанилүү болуп саналат. ТӨМ 3.6да 2020-жылга карата дүйнөдө жол-транспорт кырсыктарынан болгон өлүм жана жараат алуу учурларынын санын эки эсе азайтуу белгиленген.

Өлкөлөрдүн бул максаттарга жетүүсүнө жардам берүү үчүн ДССУ тутумдук мамиле кылуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. ДССУ иштеп чыккан «Өмүрлөрдү сактагыла (Save LIVES)» техникалык топтому жолугушуу учурунда жолдордогу өлүмдүн санын азайтуу үчүн шайман катары аныкталган. Топтомдо 6 негизги чөйрөгө киргизилген 22 иш-чара сүрөттөлөт:

·         ылдамдыкты башкаруу;

·         жол кыймылы коопсуздугун жетектөө;

·         инфраструктураны долбоорлоо жана жакшыртуу;

·         транспорттук каражаттардын коопсуздугунун стандарттары;

·         жол кыймылы жөнүндөгү мыйзамдардын сакталышы, жана

·         авариядан кийин жашап кетүү.

Д-р Ярно Хабихт, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү мындай дейт: «Бул техникалык топтомдо көп демилгелер бар, алардын ичинен Кыргызстанга көбүрөөк ылайыктуу болгон чараларды тандап алса болот. Эгер ар бир адам унаа айдоо маданиятын сактап, ошол эле учурда жол кыймылынын коопсуздугун сактаганга аракет кылса, жол-транспорт кырсыктары менен алардын кесепеттерин кыйла азайтса болот. Мисалы, жөн гана коопсуздук курун курчануунун аркасында 70% өмүрдү сактап калууга болот, ал эми балдар отургучун пайдалануу менен балдардын жараат алышын же өлүмгө учурашын болтурбай коюуга болот».

Отурумдун аягында катышуучулар ДССУга кайрылып, 2018-2019 жылдарга карата «Өмүрлөрдү сактагыла (Save LIVES)» техникалык топтомун ишке ашырууга колдоо көрсөтүүнү өтүнүштү. Бул Кыргызстанга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча он жылдыктын максаттарына - 2020-жылга карата дүйнөдө жол-транспорт кырсыктарынан болгон өлүмдүн санын 50 пайызга азайтууга жетишүүгө жардам берет.

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДССУ
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар