Пресс-релиз

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргыз Республикасынын эки районунда социалдык контракт боюнча пилоттук долбоорду баштады

24 февраль 2022

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (ЭСКжМ) менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) Кадамжай жана Жумгал райондорунда 100 аз камсыз үй-бүлөгө жакырчылыктан чыгууга жардам берүү максатында инновациялык пилоттук долбоорду баштады. “Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык контракттын негизинде жардам” пилоттук долбоорунун алкагында жергиликтүү калкты колдоо максатында бир жолку 100 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөтүлөт.

 

“Социалдык контракт” – аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен мамлекеттин ортосундагы келишим, анын алкагында аялуу үй-бүлөлөр киреше алып келүүчү ишти баштоо үчүн каржылык сабаттуулук боюнча окутуу, бизнести өнүктүрүүгө багытталган комплекстүү колдоо пакети менен бирге акчалай грант алышат. Комплекстүү колдоонун ичинде: каржылык сабаттуулук боюнча окутуу, бизнес-план түзүүдө жардам берүү, кесиптик окутуулар, социалдык кызматтар жана бизнести ийгиликтүү алып кетүүгө багытталган насаатчылык камтылган.

Долбоор бизнес-идеялары, башталгыч активдери жана билими бар улуттук жакырчылык чегинен төмөн жашаган үй чарбаларына багытталган. Колдоого алына турган бизнес идеялар мал чарбачылыгы, сүт азыктарын сатуу, тигүү кызматтары, күнөскана жана башка багыттарды камтыйт.

Айрым учурларда социалдык контракттар жергиликтүү бизнес жана жеке ишкерлер менен өнөктөштүктө ишке ашырылат, алар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө туруктуу иш ордун түзүп берет.

Пилоттук долбоор аркылуу анын натыйжалуулугу изилденип, долбоорду  кеңейтүү стратегиясы каралат.

***

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 2020-жылдын Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси. Биз өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүлөрдөн буттарына туруп келе жаткан адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.

Алмаз Чороев

Алмаз Чороев

ДАТП
Коом жана донорлор менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар