Пресс-релиз

25-мартта республикада Эл жана турак жай фондун каттоо 2022 башталды

05 апрель 2022

25-мартта республикада Эл жана турак жай фондун каттоо 2022 башталды

Бишкек, Кыргызстан - 24-мартта Хаятт мейманканасында Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоого арналган чоң пресс-конференция болуп өттү, анда Министрлер кабинети жана Улуттук статистика комитети 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин өткөрүлө турган эл жана турак жай фондун каттоо расмий башталгандыгын жарыялады.

Иш-чаранын катышуучуларына саламдашуу сөзү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү боюнча республикалык комиссиянын төрагасы Арзыбек Кожошев кайрылды. «Эл каттоо жөн гана статистика эмес, бул мамлекеттик деңгээлдеги өтө маанилүү тарыхый окуя. Каттоонун жыйынтыгы калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган натыйжалуу мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга өбөлгө түзөт», - деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев азыркы учурда Улутстатком өлкө үчүн бул маанилүү иш-чараны өткөрүүгө даяр экендигин белгиледи. «Алдыдагы каттоонун уникалдуулугу ал биринчи жолу электрондук форматта жүргүзүлгөндүгүндө. Бул респонденттерден маалыматтарды чогултуу жол - жобосунун ыкчамдыгын жана натыйжалуулугун гана эмес, каттоочулардын маалымат алуудагы ыңгайлуулугун да камсыз кылат», - деп белгиледи Зайнидин Жумалиев.

аттоо кампаниясына Кыргызстандын бардык аймактарынан 28 миңге жакын адам катышат, алардын 25 миңи - каттоочулар. Каттоочу болуп физикалык жактан активдүү, мамлекеттик жана расмий тилдерди, ошондой эле мобилдик тиркемени билген 18 жаштан жогорку Кыргыз Республикасынын жарандары эсептелет. Каттоо формалары 40тан ашык негизги суроолорду камтыган беш сурамжылоо барагын камтыйт.

Андан кийин чогулгандарга БУУнун Кыргыз Республикасындагы Калкты жайгаштыруу (ЮНФПА) фонд кеңсесинин башчысы Азамат Баялинов кайрылды, ал калктын демографиялык жана социалдык мүнөздөмөлөрү жөнүндө кеңири маалымат алуу үчүн каттоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Коронавирустук инфекциянын таралышына жол бербөө үчүн Улутстатком Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте каттоо жүргүзүү мезгилинде анын таралышына жол бербөө боюнча аракеттердин алгоритмин иштеп чыкты. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн финансылык колдоосу менен жеке коргонуу каражаттары сатылып алынды жана азыркы учурда Улутстатком жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү алдыдагы каттоону өткөрүүгө толук даяр.

Белгилей кетсек, каттоонун жыйынтыгы демографиялык жана социалдык саясатта, ошондой эле өлкөнүн жана региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун жана программаларын иштеп чыгуу үчүн кеңири колдонулат. Каттоонун жыйынтыгы коомдун, экономиканын, социалдык чөйрөнүн абалы жөнүндө маалыматты алууга мүмкүндүк берет, ал тигил же бул көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берет.

Канат Кубатбеков

Канат Кубатбеков

ЮНФПА
Коомчулук менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ЮНФПА
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар