БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325 Резолюциясы жана аны Кыргызстанда ишке ашыруу боюнча баяндама
2000-жылы, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” жөнүндө 1325 резолюциясын кабыл алган (БУУнун КК АТК боюнча 1325 резолюциясы). Бул резолюция тынчтык жана коопсуздук чөйрөсүнөө тиешелүу гендердин мааниси туралуу маалымдуулукту жогорулатты жана аялдардын укугун тынчтыкты орнотуу боюнча күн тартибине бекем койду. Бул документте, кыздар менен аялдардын чыр-чатактардан жана согуштардан кандай жапа чеккени жөнүндө маселе козголуп, алардын туруктуу тынчтыкты орнотууда тең укуктуу жана маанилүү ролду ойной тургандыгы таанылып жазылган. Резолюция кабыл алынган учурдан баштап, көптөгөн өлкөлөр БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325 резолюциясын ишке ашыруу үчүн Улуттук иш-аракеттер пландарын (УИАП) кабыл алышкан, ал эми өнүктүрүү жараяндын катышуучулары ар кандай программалар аркылуу тынчтыкты орнотууда гендердик аспектилерди киргизүүгө үгүттөөнү улантууда.
2010-жылы, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325 резолюциясынын 10 жылдыгын белгилеген учурунда, аялдардын тынчтыкты орнотууга катышуусу тууралуу баяндама даярдоону БУУнун Башкы катчысынан суранышкан . Тынчтыкты орнотууну колдоо бюросу (PBSO) ЮНИФЕМ фонду менен биргеликте Гендердик маселелерди эсепке алган тынчтыкты орнотуу боюнча жети пункттан турган Иш-аракеттер планын (7PAP) иштеп чыгышты. БУУ тутуму 7PAP программасын кабыл алуу аркылуу аялдар менен кыздардын алдындагы отчеттуулугун жогорулатууга милдеттенет. Бул деталдуу планда (1) чыр-чатактарды жөнгө салуу, (2) жаңжалдан кийинки пландаштыруу, (3) тынчтыкты орнотууну каржылоо, (4) жарандык жөндөмдүүлүк, (5) башкаруу, (6) мыйзамдын үстөмдүгү жана (7) экономиканы калыбына келтирүү менен байланышкан конкреттүү “милдеттенмелер” камтылган.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325 резолюциясы кабыл алынган учурдан тартып, Кыргызстан 1325 резолюциясы боюнча үч УИАП иштеп чыкты: 2012-2014-жылдарга карата УИАП (2015-жылга чейин узартылды) жана 2016-2017-жылдын УИАП аткарылды, ал эми 2018-2020-жылдардын УИАП азыркы учурда ишке ашырылууда. Өкмөт, 2021-2023-жылдарга карата УИАП иштеп чыгууну пландаштырууда.
Бул баяндама, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325 резолюциясын жана анын Кыргызстанда аткарылышын талдоого багытталган. Атап айтканда, документте Кыргызстандагы бардык УИАП 1325 жөнүндө жалпы маалымат жана жетишкен прогресстин жана аныкталган кемчиликтердин талдоосу берилип, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин кезектеги УИАП 1325 жөнүндө маалымдоо боюнча сунуштары жалпыланган. Бул талдоо УИАПтин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча учурдагы отчеттордун, ошондой эле АТК программасынын алкагында башка ресурстарды жана тажрыйбаларды эске алуунун негизинде даярдалган.