Пресс-релиз

"Эч кимди артта калтырбоо" - Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлөт

18 октябрь 2022

Бишкек, Кыргыз Республикасы – Дүйнөлүк азык-түлүк күнүн белгилөө үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (БУУ ФАО) жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) менен биргеликте "Агротехэкспо-2022" агрардык өндүрүш көргөзмөсүн, органикалык өнүмдөрдүн көргөзмөсүн жана "Алтын күз" жарманкесин уюштурууда. Иш-чаралар 20-22-октябрда Бишкектин эски аянтында өтөт.

"Агротехэкспо-2022" көргөзмөсү менен "Алтын күз" жарманкесинин ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, министрлер кабинетинин өкүлдөрүнүн, ошондой эле башка жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлеринин катышуусу күтүлүүдө. Жарманкеде борбордун жашоочулары жана коноктору алдыңкы фермерлик чарбалардын органикалык өнүмдөрүн көрүүгө жана сатып алууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгын белгилөөгө мүмкүнчүлүк алышат.

"Быйыл Дүйнөлүк азык-түлүк күнү Айыл чарба министрлигинин 95 жылдыгына туш келди. Бул маанилүү датаны министрликтин жетишкендиктерин жана келечекке койгон максаттарын көрсөтүү менен белгилейбиз. Көргөзмөгө жана жарманкеге алдыңкы технологияларды колдонуу менен пайдалуу жана экологиялык жактан таза органикалык өндүрүмдү чыгарган 200дөн ашуун ата-мекендик компаниялар катышат. Көргөзмөдө заманбап айыл чарба техникасынын үлгүлөрү көрсөтүлөт, ошондой эле, коноктордун жашылча – жемиштерди, сүт жана эт азыктарын сатып алууга мүмкүнчүлүгү болот", - деди Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков.

2022-жылы Дүйнөлүк азык-түлүк күнүнүн негизги темасы "Эч кимди артта калтырбоо" болуп саналат, өзгөчө, калайыктын аялуу катмарынын инновациянын, өнүгүүнүн жана экономикалык өсүүнүн артыкчылыктарын колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максаты коюлду. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча миллиондогон кишилер пайдалуу тамактанууга мүмкүнчүлүктөрү жок болгондуктан, алар туура эмес тамак-аш жеп, ден-соолукка байланыштуу көйгөйлөргө дуушар болуп келишет.

"Дүйнө жүзү боюнча жакыр жашаган кишилердин 80 пайыздан ашууну элет жеринде турат. Айыл чарба - алардын негизги жашоо каражат булагы. Дүйнөдө баарыбызга жетиштүү азык-түлүк өндүрүлгөнүнө карабастан, дүйнөлүк азык-түлүк кризиси, климаттын өзгөрүүсү жана эл аралык чыңалуулар көптөрдүн пайдалуу тамак-аш алуусуна тоскоол кылууда,” – деди Кыргыз Республикасындагы БУУнун ФАО өкүлүнүн орун басары Динара Рахманова.

Дүйнөлүк азык-түлүк күнү коомчулуктун көңүлүн азык-түлүк коопсуздугуна жана тамактануу маселелерине бурууга багытталат. БУУнун агенттиктери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте бул жарманкени азык-түлүк тутумдарынын туруктуулугун камсыз кылуу аракеттер тууралуумаалымдуулукту жогорулатуу максатында уюштурууда. Бул бир гана дыйкандарга колдоо көрсөтүү эмес, пайдалуу тамактануунун жеткиликтүүлүгүн жакшыртууда азык-түлүк чынжыры боюнча иштөө дегенди билдирет.

"Дүйнө жүзү, анын ичинде Кыргыз Республикасы, коронавирус пандемиясынан кийинки учурда күтүлбөгөн кыйынчылыктарга туш болуп турат жана ушул кыйынчылыктарга туруштук берүү  жанаазык-түлүк тутумун жакшыртуу үчүн чакан фермерлерге, өндүрүүчүлөргө жана элеттеги жамааттарга кулак салышыбыз керек. БУУ ДАТП өзүнүн долбоорлору аркылуу азык-түлүк системаларын чыңдоо жана туура тамактануу багытында эң аялуу жамааттарды колдоо иштерин улантууда", - деди Кыргыз Республикасындагы БУУ ДАТПнын Жетекчисинин орун басары Хильке Дэвид.

Дүйнөлүк азык-түлүк күнү жыл сайын 16-октябрда белгиленип, 1979-жылы дүйнөдөгү тез арада чечүүнү талап кылган азык-түлүк көйгөйлөрү жөнүндө калкка маалымат берүү үчүн жарыяланган. Дүйнө жүзү боюнча өлкөлөр ачарчылыкты жок кылууга жана туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө шарт түзүүгө аракеттенишет.

 

#            #            #

 

Толук маалымат алуу үчүн:

Евгений Печуринге, Коомчулук менен байланыш адисине, БУУ ФАО, evgeniy.pechurin@fao.org, 0550838089

Алмаз Чороевге, Коомчулук менен байланыш адисине, БУУ ДАТП,  almaz.tchoroev@wfp.org, 0550577597 кайрылыңыз.

Алмаз Чороев

Алмаз Чороев

ДАТП
Коом жана донорлор менен байланыш боюнча кызматкер

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ФАО
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму
ДАТП
Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар