Пресс-релиз

Тартынба фест: санариптик жыныстык билим берүү фестивалы Бишкекте өттү

14 ноябрь 2022

2022-жылдын 12-13-ноябрь күндөрү Кыргызстандагы алгачкы санариптик жыныстык билим берүү боюнча “Тартынба Фест”

фестивалына 250дөн ашык адам катышты. Алар жыныстык жана репродуктивдүү ден соолук жана укуктар, гендердик теңчилик жана

гендердик зомбулукка жол бербөө жөнүндө ачык сүйлөшүү үчүн чогулушкан.

“Тартынба Фест” – бул комплекстүү жыныстык билим берүүнү илгерилетүү жана гендердик зомбулукту токтотуу үчүн тажрыйба

алмашуу, окутуу, дем берүү жана нетворкинг максатын көздөгөн жаштар фестивалы.

Фестивалдын аты эле айтып тургандай, иш-чара жаштарды өз оюн тартынбай айтууга үндөйт. Фестиваль көптөгөн жаштарды

тынчсыздандырган, бирок калыптанып калган стереотиптерден улам үй-бүлөсүндө жана окуу жайларында көп талкуулабаган темаларга

көңүлүн бурдуруу максатында уюштурулду.

“Зумерлер” жыныстык жетилүү, ден соолук жана мамилелер жөнүндө эмнелерди билгиси келет жана алар бул маалыматты кайдан

издешет? Эмне үчүн сексуалдуулук менен уят чогуу каралат, дайыма эле ушундай беле? Жыныстык билим берүү салтка жана маданий нормаларга каршы келеби? Феминизм чындыгында эмне жана ал эмне үчүн аялдардан башкаларга да маанилүү? Санариптик жыныстык

билим берүү программалары адамдардын ортосундагы айырмачылыкты кабыл алууга, ар кандай топторго карата стигма жана басмырлоо менен күрөшүүгө кандайча жардам берет? Эки күндүн ичинде иш-чаранын катышуучулары ушул жана башка суроолорго

коркпостон жана тартынбастан жооп издешти.

Фестивалдын негизги катышуучулары жаш блогерлер жана Кыргызстандын булуң-бурчунан (алыскы региондорду кошкондо)

келген ар кандай жаштар уюмдарынын жана демилгелеринин өкүлдөрү болушту, алардын үчтөн экиси кыз-келиндер болгонун

белгилей кетүү маанилүү.

Пленардык сессиялардын, дискуссиялардын, семинарлардын жана лекциялардын жүрүшүндө 85 баяндамачы сөз сүйлөдү. Алардын

арасында эксперттер, педагогдор, белгилүү медиа адамдар, журналисттер жана жаштардын таасирдүү өкүлдөрү болушту.

Жалпысынан фестивалдын аудиториясы өз көйгөйлөрүн талкуулап, ар түрдүү, анын ичинде социалдык жактан аялуу топтордогу жаштардын

маалымат жана колдоо жаатындагы муктаждыктарын канааттандыруу үчүн биргелешкен пландарды даярдай алышты.

Фестиваль Кыргызстандын, Казакстандын жана башка өлкөлөрдүн жаштарына ден соолук, мамилелер, сексуалдуулук жана коопсуздук

жөнүндө теңтуштарынын маалымдуулугун жогорулатуу, алардын аң-сезимдүү тандоо жасап, өз укуктарын коргоо мүмкүнчүлүктөрүн

кеңейтүү үчүн уникалдуу санариптик продуктуларды жана долбоорлорду түзүүдө тажрыйба алмашуусу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болуп берди.

Жаштардын он демилгеси жана уюмдар ар кандай жаштар топтору менен иштөө боюнча өз өнүмдөрүн жана ыкмаларын көрсөтүп

беришти. Алардын катарында “Весна в Бишкеке” , “Dance4Life”, “Netabu.kz”, “Teens.kg”, “Репродуктивдүү ден соолук альянсы”, “Teenergizer”, “Ойло бот”, “Эркин кыз”, Республикалык СПИД борбору (Бишкек шаары) жана “Коргоочу чөйрө” да бар.

Көптөгөн сессияларда гендердик теңсиздикке жана зордук-зомбулукка, кыздардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жалпысынан теңчиликти жана инклюзивдүүлүктү жайылтууга байланышкан маселелер көңүл чордонунда болду.

Белгилүү феминист активисттер, популярдуу ырчылар, блогерлер, сүрөтчүлөр, контент жаратуучулар жана жаштар менен аялдардын

уюмдарынын өкүлдөрү үй-бүлөдөгү зомбулук, эрте куракта жана мажбурлап никеге тургузуу, кыз ала качуу жөнүндө баарлашып, катышуучуларды бул терс жана зыяндуу тажрыйбаларды токтотуу үчүн биригүүгө үндөштү.

Фестивалдын катышуучулары билим берүү министрликтерине, коомдук уюмдарга, ата-энелерге жана жаштарга кайрылып, бардык жаштарга офлайн жана онлайн режиминде комплекстүү жыныстык билим алууга шарт түзүп берүүгө үндөштү. Мындай билим берүү жаштардын, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын көп түрдүү керектөөлөрүнө жооп бериши керек.

Катышуучулар ошондой эле жаштар үчүн медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө жетүүдөгү тоскоолдуктарды четтетүүгө жана гендердик теңсиздик жана гендердик зомбулук маселелерин чечүүгө чакырышты.

Фестивалдын бардык иш-чаралары кыргыз-орус тилдеринен синхрондук котормо менен коштолду. Негизги сахнага чыккан баяндамачылардын сөздөрү видеого тартылып, Чыгыш Европада жана Борбор Азияда көрсөтүлдү. Бул тасманы фестивалдын сайтынан көрө аласыз.

Бишкек шаарындагы “СПИД” борбору фестивалдын катышуучулары үчүн ВИЧке акысыз, ыктыярдуу чукул-тестирлөө уюштурду, бул тестирлөөдө ВИЧти шилекей аркылуу текшерүүгө болот.

Фестивалды “Репродуктивдүү ден соолук боюнча Альянс” коомдук уюму ЮНЕСКО, ЮНФПА, ЮНЭЙДС менен кызматташтыкта уюштурду. Ал эми Люксембург өкмөтү жана IPPF финансылык колдоо көрсөттү.

“Тартынба” фестивалы тууралуу кененирээк маалыматты сайттан таба аласыз.

 

 

 

Бул демилгеге катышкан БУУ агенттиктери

ЮНЭЙДС
АИВ/ЖИКС боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун бириктирилген программасы
ЮНФПА
Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду

Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар