“Айкөл коомго жол!”- аттуу ураан менен 16-ноябрь күнү Бишкек шаарында акция өттү.
“Айкөл коомго жол!”- аттуу ураан менен 16-ноябрь күнү Бишкек шаарында акция өттү. Бул күнү калаабыздын көчөлөрүндө кооздолгон 2- жана 10- каттамдарындагы троллейбустар акысыз жүрүп турду.
Ар кайсы өлкөлөрдүн студенттери троллейбустарды жасалгалоого активдүү катышып, аны өзгөчө кооз кылып көрктөй алышты.
Троллейбустарда Индия жана Пакистандын атактуу жерлеринин сүрөттөрү, колго жасалган жасалгалар, жаркырак гирляндалар жана башка көптөгөн нерселер илинди.
Бишкектин тургундарына бул акция абдан жакты. Мындай демилгелер өлкөлөр арасындагы достукту бекемдейт. Чет элдик студенттер өз кезегинде Бишкекте жашап жаткан кездеги кубаныч тартуулаган көз ирмемдери менен бөлүштү. Алар шаарды, анын маданиятын жана жергиликтүү элдин меймандостугун канчалык жакшы көрүп калгандарын айтып беришти.
“Айкөл коомго жол” акциясы шаардыктарга бир гана кубаныч алып келбестен, биргелешкен аракеттер ар түрдүү маданияттарды жакындатуу аркылуу коомдо позитивдүү өзгөрүүлөрдү түзө аларына сонун үлгү болуп берди.
“Айкөл коом” долбоору Эл аралык миграция уюмунун өнүктүрүү фондунун колдоосу менен “Жаштарды өнүктүрүү институту” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.
Миграция боюнча эл аралык уюму / БУУнун Миграция боюнча агенттиги
БУУ АУЖКБ
Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы
Бул демилге аркылуу биз колдогон максаттар
Help us improve your experience.
We are upgrading this website platform to make it clearer,
faster and more accessible.
Can you take a two-minute survey to share your feedback and help shape this upgrade?